Экс-муфтий Чубак Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу жасаган чакырыгы кайрадан талкууга жем таштады. Дин аалымы мусулмандарды Ноорузду майрамдабоого чакырык кылганы тартылган видеотасма интернетке тараган эле. Дин ишмеринин бул билдирүүсүнө байланыштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Аалымдар кеңешине кат жолдогон. Катта Нооруз майрамы өлкөнүн Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн расмий майрам экени белгиленет. «Ноорузду майрамдабоого чакыруу Конституцияга каршы келет. Чубак Жалиловдун чакырыгына баа берилсин»,- деп айтылат комиссиянын катында. Өлкөдө жыл сайын 21-мартта Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Буга чейин Чубак Жалиловдун көп аял алуу боюнча жасаган чакырыгы коомчулуктун басымдуу бөлүгүн нааразы кылып, бирок мыйзамдуулукту камсыз кылуучу мекемелер тарабынан чара көрүлгөн эмес.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg