ҮЙЛӨРДҮ МЕЙМАНКАНА КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУГА УРУКСАТ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН

Батирлерди мейманкана катары пайдаланууга кайра уруксат берилгени жатат. Тийиштүү мыйзамды 88 депутаттын добушу менен Жогорку Кеңеш 22-февралда 3-окууда кабыл алды. Депутаттардын демилгеси менен Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана Тартип бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди. Мыйзам "туристтик аймактарга гана тиешелүү" деп кабыл алынды. Ал эми туристтик аймакка кайсы шаар, айылдар кирерин өкмөт аныктап бермекчи. Тагыраагы, туристтерге шарт түзүүнү жүйө келтиришти. Мыйзам долбооруна ылайык, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак үйлөрдү мейманкана катары пайдаланууга уруксат берилет. Эгер ал жерде коомдук тартипти, башка жашоочулардын укугун бузуу сыяктуу окуялар катталса, тийиштүү органдар тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилет. Эгер тартип бузуу кайталанса, батир ээлери айыпка жыгылат. «Мыйзам бузган жарандар 7 миң сом, кызмат адамдары
9 миң сом жана юридикалык жактар 70 миң сом төлөөгө милдеттендирилет»
,- деп жазылат мыйзам долбоордо. Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Айта кетсек, 2016-жылы өлкөдө көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак үйлөрдү 1 суткалык же убактылуу мейманкана катары пайдаланууга тыюу салынган. Буга жарандар, анын ичинде Бишкек шаары менен Ысык-Көлдүн жашоочулары нааразычылык билдирип митингдерге да чыгышкан.

 

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан