САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

А.Атамбаев:
“ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙМ”...

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев КСДП шайлоолорго катышарын, өзү болсо парламенттик да, президенттик шайлоого да талапкер катары барбасын билдирди. “Мен жаңы өкмөт келгенче беш ай болсо да иштеп, Роза Исаковнага жардам берейин”,- дейт Алмазбек мырза.
23-майда маалымат жыйынында “миллион доллардын” маселесине кайрылып: “Мен 2 миллион доллар бөлүү тууралуу документке кол койгом, ал эми 1 миллиондон кабарым жок. Жогорудагы суммага тиешелүү кагазды жок кылуу жөнүндө эч кандай сөз айткан эмеспиз”,- дейт ал. Алмазбек мырза бул документке өзү менен катар Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Э.Каптагаев, Т.Сариев жана Р.Отунбаеванын кол койгонун баса белгиледи. “А.Бекназаров менен Т.Сариевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 1 миллион долларды жок кылуу жөнүндө кеп болгон. А.Бекназаров мени “400 миң доллар алдың” деп күнөөлөп жатат, мен эч качан пара алган эмесмин. Ал эми миллион доллар кайда кетти? Башкы прокуратура эмне үчүн кылмыш ишин козгобойт?”- деп агынан жарылды. Ошондой эле ал: “Баш прокуратура А.Бекназаровдун менчик ишканасына, ал эми Каржы министрлиги Т. Сариевдин менчигине айланды”,- деп кошумчалады. “Мени жок кылууга “заказ” беришти. Анын ким экенин билем, атын атабай эле коёюн, бакиевчилердин бири. Мен бүгүн Роза Исаковнага айттым, уурулар менен иштебейм деп. Чын жүрөгүбүздөн иштешибиз керек”,- деди Атамбаев.


Темир Сариев:
“АК ШУМКАР” ПАРТИЯСЫ МЕНЕН
ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО БАРАМ”

Учурдагы Каржы министри мындай маалыматты 26-майдагы пресс-жыйынында билдирди. “Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо тууралуу жарыя болгондо Каржы министри кызматынан кетип, “Ак шумкар” менен шайлоого барам”,- деди Т.Сариев. Бул жыйында чуулгандуу 1 миллион доллар тууралуу сөз козголбой койгон жок.
Анын айтымында, өлкөнүн бюджетиндеги каражат Убактылуу өкмөттүн атайын чечими менен гана керектелип жатат. Сөз болгон 1 миллион доллар өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн жумшалган. Ал ошондой эле Алмаз Атамбаевди “ал акчаларды билбейм” деп айтканы үчүн айыптады.


КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЭМИ ТҮРКИЯДАБЫ?

Орусиянын “Интерфакс” маалымат агенттиги Кыргызстандын экс-президенти Түркияга эс алууга, тактап айтканда, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Белек курорттук аймагына сапар алгандыгын жазып чыкты. Маалыматка караганда, бул кабар Москвадагы дипломатиялык кызматтын жашыруун булагынан алынган. Ал эми 26-май күнү Бишкек шаарында “Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлдөрү Түркия элчилигинин алдында нааразычылык билдирип, акцияга чыгышты. Алар Түркияга экс-президент Курманбек Бакиевди кабыл албоо талабын коюшту. Пикетчилердин алдына чыккан элчиликтин өкүлү Түркиянын аймагында К.Бакиевдин жоктугун билдирип, “Интерфакстын” маалыматын төгүндөдү.
Ал эми Беларустун Баш прокуратурасы июнь айынын аягына чейин Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди кайтарып берүү жөнүндөгү талабын карап чыгарын билдирди. Беларустун баш прокурору К.Бакиевди экстрадациялоо маселеси аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча караларын белгилөөдө.


АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ 1-ИЮЛДА КЫЗМАТТАН КЕТЕТ

Азимбек Бекназаров 27-майдагы маалымат жыйынында 1-июлдан баштап кызмат ордунан кетерин жана шайлоого даярдана баштаарын билдирди. Анын айтымында, Бириккен элдик кыймыл президенттикке кимди талапкер кылуу максатында чогулуш өткөрөт. Чогулушта БЭКтин атынан шайлоого катышуу үчүн 3 саясий партия да аныкталат. “Эгерде Атамбаев шайлоого барбайм деп жатса, анда мен барышым керек”,- дейт А.Бекназаров. Бул тууралуу ал БЭКтин кеңешинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кабарлай тургандыгын да айтты.


МАКСИМ БАКИЕВДИН ФУТБОЛДУК КЛУБУ
ИЙГИЛИК ЖАРАТУУДА

Англиялык “Блэкпул” футбол клубу 22-майда 39 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы жолу Англия чемпиондугунун Премьер-Лигасына чыкты. Аталган топ финалдык оюнда “Кардифф Сити” командасын утуп алган. “Блэкпул” клубунун кожоюндарынын катарына ишкерлер Валерий Белоконь менен Максим Бакиев кирет.
Эскерте кетсек, экс-прези­денттин кичүү уулу Кыргыз Республикасынын Күрөш боюнча федерациянын жетекчиси да болуп турган. Анын учурунда “Бээжин-2008” Олимпиадасында Кыргызстандын атынан эки балбаныбыз байгелүү орундарга илинишкен.


СИЗОдогу КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТАЛКУУ

24-майда Конституциялык кеңештин (КК) төрагасы Өмүрбек Текебаев УКМКнын СИЗОсуна барып, анда камакта сурак берип жаткан Коммунисттер партиясынын башчысы Исхак Масалиев менен Баш мыйзамдын акыркы редакциясын талкуулады. Анда И.Масалиев долбоорду колдогонун билдирип, ККнын мүчөлөрү тарабынан даярдалган кайрылууга кол койду.
Ал эми И.Масалиевдин жакындары жана туугандары УӨгө жана сотко кайрылып, соттук иштин бейтарап жана көз карандысыз каралышын камсыз кылууну суранышты.


“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТ ТҮЗҮҮНҮ СУНУШТАЙТ

26-майда аталган партиянын жетекчиси Адахан Мадумаров билдирүү таратты. Билдирүүдө: “Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда алсыз болуп жатат. Ошондуктан өлкөдө туруктуулукту камсыздоо үчүн чукул арада эл ишениминдеги коалициялык өкмөттү түзүү керек. Убактылуу өкмөттүн азыркы курамынан өзүнүн атын коррупция менен булгаган мүчөлөрү чыгарылышы керек. Эгерде Убактылуу өкмөт “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын сунушун эске албай койсо, өлкөдөгү баш аламандыктарга түздөн-түз жооп беришет”,- деп айтылат.


ДАСТАН САРЫГУЛОВ БАШ МЫЙЗАМДЫН
ОРУСЧА ЖАЗЫЛГАНЫНА НААРАЗЫ

Экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов Баш мыйзамдын түп нускасы кыргыз тилинде эмес, орусча жазылганына нааразы. Ал Баш мыйзам кайра мамлекеттик тилге которулганда орой каталарга жол берилип, мааниси дал келбей калганына өкүнөт. Дастан Сарыгуловдун айтымында, Баш мыйзамдын 70-беренесинин экинчи тарамында төмөндөгүдөй ката кеткен. Орусча: “По результатам выборов политической партии может быть представлено не более 65 депутатских мандатов в парламенте”,- деп жазылган да, кыргызчага: “Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияларга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн”,- деп которулган. “Шайлоонун жыйынтыгы боюнча саясий партияга (партияларга эмес!) парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн”,- деп которулушу керек эле. “Бул өңдүү каталар Конституция долбоорунун кыргызча котормосунда көп”,- деп кейийт Дастан Сарыгулов.


МИНИСТРЛИК ТҮЗҮЛДҮ, БИРОК КЫЗМАТ ТАЛАШУУ КҮЧӨДҮ

Буга чейинки сандарыбызда өлкөбүздө Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлүп жаткандыгын кабарлаганбыз. Кийин Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги окуяга активдүү катышкан 39 жаштагы Алиясбек Алымкуловду аталган министрликтин жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Азыркы тапта министрликти түптөө боюнча жумушчу комиссия түзүлгөн. Бирок ага кирген айрым жаштар түптөлө элек министрликтин жетекчи кызматтарына кадрларды жең ичинен дайындаганы үчүн нааразычылык билдиришүүдө. Кээ бир жаштар уюмунун мүчөлөрүнүн айтымында, Убактылуу өкмөттүн демилгеси болгон Жаштар министрлиги убактылуу гана максатты көздөйт. Ал эми Миграция, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырованын айтымында, министрликти түптөөгө катышам деген бардык жаштарды ишке тартуу дээрлик мүмкүн эмес.

Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Debi
2010-05-31 11:04:05
Мадумаров мурда кайда жүрүптүр? эл менен жүргөндөр, эл бийликти кулатканда тизгинди кармап калышты. эми бөйрөктөн шыйрак чыгарбасынчы, уө алсыз болбой этпей эле турат.
0
mikasa
2010-05-31 12:36:29
Мадумаров калыс адам деп ойлойм! ушу жаман дегенге эле шаша беребиз, а озубузчу. не кылып жатабыз заман ондоо учун?...
0
Toktosun
2010-05-31 14:46:25
Эээ билбейм эмне болорун Кыргызстаныбыздын ото жаман абалда калдыго мамлекетибиз.Жакшы адамы ким экенин да билбейбиз.Шайлоодо баарына каршы экенини коп болотго.
0
Usubaly
2010-05-31 16:25:17
кыргыз эли аябай ичи тар,коро албас эл келебиз,ошондуктан онуго албайбыз.Бизге кучтуу военный адам,кыраакы менеджерлер бийликте болушу абзел.
0
imperator
2010-06-01 01:14:36
Бир убакта Токтогул сайрап,зар какшап айткан "5 камандын" заманбап улгулору(А.Атамбаев,О.Текебаев,Т.Сариев,А.Бекназаров,Р.Отунбаева).Атамбаев болбосо олко кандай тынч болмок.Сен президенттике кайсы бетин менен коёсун.Мурунку шайлоодо адамдарга 5 мин сомдон бербей коюп уят болгонсун.Эми,400 мин доллар.ШАМАЛ БОЛБОСО 400 МИНДИН УчУ КЫЙМЫЛДАБАЙТ.
0
imperator
2010-06-01 01:17:21
Мадумаров жакшы кылыптыр.Буларды тизгиндеген,козомолдогон бироо болбосо билген богун жеп кетишти.Азимбековдон абайлагыла.Откондо камап салам нах.. деген.
0
Taalaibek
2010-06-01 07:57:20
Турсунбай Бакир уулу, президенттике талабын койсо жакшы болот эле, намаз окуган киши, кудайдан корккон киши. Кыргызстандагы баардык мусулмандар колдойт эле, менин билишиме караганда. Азыркы убактылуу окмотко караганда Турсунбай Бакир уулу татыкту эле. Турсунбай Бакир уулу президенттике талабынызды койунуз Биз сизди колдойбуз, жана сизди Аллах колдосун!
0
Debi
2010-06-01 13:45:23
Роза Отунбаева татыктуулугу менен азыркы бийликти жетектеп жатат. Азаматтар, УӨ мүчөлөрү, иштерине ийгилик!
0
almasbek
2010-06-01 15:56:17
УО тун азаматтыгы корунуп турат
0
kyrgyzJigit
2010-06-02 16:59:10
Мурун Мадумаров мырзага жаман оюм жок болчу, бирок Жогорку Кенешти жангак жыгачы менен каптайм деген аракетинен кийин даана адамдык ички сапатын коро алдым.Сиздин колунуздан суйлогондон башка эч нерсе келбейт экен, жана дагы бийлик учун(калп эле патриот болуп) баарына даяр экениниз корунуп турат, ....Мадумаров менен Бекназаров чогуу шайлоого барган атыптыр...бийлик силерге окшогон адамдарга ылайым тийбесин
0
ЖАМАЛ
2010-06-03 22:02:56
Адахам Мырза азаматсыз!!!Биз Сиз мененбиз!!!
0
aziattita
2010-06-06 04:52:58
кудайдан ыман сурайлы эми буларга озубузго мына ажонун ыйманы пастыгынан канча эл кангырап олтурабыз
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан