Дүйнө элинин ашканасынан: ЧҮЧПАРАЛАР ПАРАДЫ

Ашпоздор чүчпара кыш мезгилине ылайыктуу тамак деп эсептешет. Анткени ал ысык, тоюмдуу жана калориялуу тамак. Бул ирет биз сиздерди орус чүчпарасынын "туугандары" менен тааныштырууну туура көрдүк. Менюңузга кошуп алууну унутпаңыз.
Кытайда димсам толук кандуу тамак эмес, закуске катары саналат. Ичине балык, эт, креветки, ал гана эмес, мөмө-жемиштерди салып түйүшөт. Мөмө-жемиш менен жасалганы десерт катары чай менен берилет.


ДИМСАМ

Керектелүүчү азыктар:
Ун
– 250 грамм
Жүгөрү же картошка крахмалы – 250 грамм
Ысык суу – 1 стакан
Фарш – 400 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Көк пияз – 1 тутам
Соя соусу – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр


Даярдоо ыкмасы:
1. Ун менен крахмалды аралаштырып, ысык, туздуу сууну куюп камыр жууруйбуз. Аны целлофан баштыкка ороп, 2 саат муздаткычка салып коёбуз.
2. Фаршка майда тууралган көк пиязды, сарымсакты жана 1 аш кашык соя соусун кошуп аралаштырабыз.
3. Тыныккан камырды жыландай кылып узартып, чакан бөлүктөргө бөлөбүз да, ар бирин тегерек формада жука кылып жаябыз.
4. Жайылган камырдын ортосуна туурамжыдан салып, четин ортого топтоп, бир бурап коёбуз.
5. Түйүлгөн димсамдарды манты касканда 15 мүнөт бууга бышырабыз. Андан соң майга кызартып бышырып, дасторконго беребиз.


ВОНТОН
Вонтон – кантон тилинен «булутту жутуу» деп которулат. Гуанчжоудо вонтон, ал эми Кытайдын калган аймактарында хуньтунь, юньтунь деп аталат. Вонтонду бууга, сууга бышырууга жана майга куурууга болот. Вонтондун көлөмү чоң болсо өзүнчө, ал эми майда болсо шорпо менен берүүгө болот.

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 600 грамм
Жумуртка – 1 даана
Өсүмдүк майы – 5-6 аш кашык
Туз – 1,5 чай кашык
Суу – 180 миллилитр
Фарш – 250 грамм
Пияз – 1 баш
Көк пияз – 1 тутам
Имбирь – грек жаңгагынын көлөмүндөй
Сарымсак – 2 тишче
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Татымына жараша туз, калемпир


Даярдоо ыкмасы:
1. Унга жумуртка, 2 аш кашык өсүмдүк майын, туз, жылуу суу кошуп камыр жууруп, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Пияз, сарымсак менен көк пиязды аарчып, майда туурайбыз. Имбирди аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Казанга майды куюп, ысыган кезде пиязды, андан соң фаршты салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Аягында көк пияз, сарымсак, имбирь салынып, татымына жараша туз, калемпир кошулат.
4. Камырды жука жайып, 7х7 өлчөмүндө төрт чарчы кылып кесип алабыз да, ортосуна туурамжыдан салып, үч бурчтук формасында түйүп, кийин эки четин кайрып жабыштырабыз.
5. Даяр болгон вонтондорду бууга, сууга, же болбосо шорпого салып бышырууга болот. Вонтонго соя соусу мыкты татымал болуп бере алат.


ГЁДЗА
Гёдза – качандыр бир кезде самурайлардын жана рикшалардын тамагы болгон. Учурда Япониядагы эң кеңири тараган даам. Классикалык түрү эт жана кытай капустасынан жасалат. Кээде курамына деңиз азыктарын да кошушат. Гёдзаны сүйрү формада түйүп, асты жагын майга кууруп, андан соң бууга бышырышат.

Керектелүүчү азыктар:
Ун
– 250 грамм
Жүгөрү же картошка крахмалы – 1 аш кашык
Жылуу суу – 1 стакан
Фарш – 300 грамм
Кытай капустасы – 5 жалбырак
Пияз – 1 баш
Соя соусу – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 6 аш кашык


Даярдоо ыкмасы:
1. Унга крахмалды аралаштырып, туздуу сууну куюп камыр жууруп, целлофан баштыкка ороп 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Кытай капустасынын түп жагын кесип салып, жумшак жагын майда туурап, бир аз туз себелейбиз. Бөлүнүп чыккан ширесин төгүп салабыз.
3. Фаршка майда тууралган пиязды, соя соусун, 1 аш кашык өсүмдүк майын, капустаны, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Камырды жука жайып, диаметрин 10 сантиметр кылып тегерек формада кесип алабыз.
5. Эми камырдын ортосуна туурамжыдан салып, сүйрү формада түйөбүз да, көмөч казанда ысып турган майга асты жагын гана кызартып чыгарып алабыз.
6. Эми гёдзаларды көмөч казанга салып, үстүн жапкыдай кайнак суудан куюп, жай отто суусу соолуганча демдеп бышырабыз.Бышкан гёдзаларды жашылча салаттары жана соя соусу менен берүүгө болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
belka
2018-02-27 11:00:03
Димсамды издеп жүргөм. Рахмат чооң.
+2
deva
2018-02-28 16:43:01
Эми дасторконубузда димсам, вонтон, гездалар орун алат турбайбы)) Жасалыштары жеңил экен.
0
gulmira96
2018-03-01 00:33:01
Класс!
0
Benazir08
2018-03-02 10:00:44
Димсамды Орел И Решкада башкача айткан. Куручтун уну бт экен ошого туйушот экен
0
Nazgul93
2018-03-04 23:14:20
Benazir08, Димсам ар турлору болот и ар;кандай тустордо болот тусуно карап ичине начинка салат .
0
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан