«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
– Апа, эмне деп жатасың?
– Мына, келинимдин көзүнчө айтып коёюн. Эгерде сен ал аялдын артынан кете турган болсоң, менден да кечип кет! Мен тирүү турганда атаңдын өлүмүнө күнөөлүү болгон немени босогомду аттатпайм. Жок, энем жок, өлдү десең кете бер.
Апасынын бул сөзүнө Алибектин бүткөн бою титиреп кетти. Так атасынын үнү угулгандай сезилди. Стамбулга Жамилянын артынан кетерде атасы дал ушундай кыйкырган эле. Кайра жүзүн көрө албай, кара топуракты мыкчып кала берген. Ошондогу атасынын жаалы көз алдына тартыла калды.
– Жогол! Көзүмө көрүнбө. Эгерде кете турган болсоң, ата-энем бар деп кайрылба. Сендей перзентимдин үчөөнү жерге бергем. Сени деле жок болду деп коём.
– Ата-а!
– Айтканыңдан кайтпайт экенсиң да, ээ? Ошол кыз үчүн ата-энеңден кечесиңби?
– Кайтпайм, ата, бирок силерден да кечпейм.
– Бар, көзүмө көрүнбөй жогол! Өлсөм кара ашыма келбе. Кечтим балалыгыңдан!
Так азыр атасы келип айтып тургандай коркуп кетти. Апасын кучактай калды.
– Апа, антпе, суранам сенден, антип мени коркутпа. Менин сенден башка эмнем бар? Бул дүйнөдө сенден башка кимим бар менин, апа?
Үнү каргылданып, көздөрүнөн жаш каканактап кетти. Энеси уулун аяды, ошентсе да үрөйү өзгөрбөдү.
– Менден башка жакының мына, келинчегиң бар. Наристең төрөлгөн жатат. Мына, ушулар сенин келечегиң. Эмне эле аркасынан түшүп калдың?
– Макул, апа, азыр ал сөздү сүйлөшпөйлү. Кан басымың көтөрүлүп кетет. Мен азыр эч нерсе дебейм. Бала төрөлсүн. Анан...
Алибектин кыялын беш колундай билген энеси азыр кийимдерин жыйнап Жамилянын жанына кетип калат деп ойлогон.
«Бала төрөлсүн» деп турганына ичинен кым дей түштү.
– Анда тур, жуунуп-таранып, келинчегиңдин алдынан өтүп кечирим сура,- деп этегин кагып басып кетти.
Экөө жалгыз калышты. Эмне дээрин билишпеди. Диана бир жылуу сөз күтүп жатты. Алибек эмне дээрин билбей бушайман.
– Кызбы же уулбу?- деди акыры араң башын көтөрүп курсагына тигилип.
– Кыз.
– Аа, жакшы.
Тим эле кошунанын баласын сурап жаткандай кайдыгер үнүнөн шаштысы кете түштү. Өз айыбын жуумакчы болуп үстү-үстүнө суроо берди.
– Качан төрөлөт дешти?
– Аз калды.
– Хм, ден соолугу жакшыбы?
Диана селт эте берип эми көзүнө тиктеди. Бакырайган көздөрүндө жаш толуп туруптур.
«Бул бечарада эмне күнөө? Мынчалык эмнеге кыйнадым муну?» деген Алибек эмне кыларын билбей көзүн тартып кетти.
«Кызык, намыстуу аялдар мындай учурда эмне кылмак? Кинолордо жаактан ары тартып туруп, чемоданын алып басып кетишет. А чыныгы жашоодо ушунчалык оор. Туруп кийимдеримди жыйнап алып басып кете албайм. Эмнеге? Анткени мен бул адамсыз дем ала албайм. Баламды атасыз калтыра албайм» деп ойлоп турду ичинен.
«Жамиля туура айтат. Азыр эки күндө тарс деп чечиле калчу маселе эмес. Бир аз чыдайлы. Бала төрөлгөндөн кийин Диана өзү деле мени менен жашагысы келбей калат чыгар? Көп учурда балдарына көңүл буруп күйөөлөрүн көңүлдөн тыш калтырышары тууралуу айтылып жүрөт го. Ага чейин күтүш керек» деп ойлоп жатты Алибек. Бирок так ошол наристе жарык дүйнөгө келери менен өзүнүн буту-колун мындан да бекем байлаарын билбей турду.
ххх
– Мен сени менен ажырашам, Шерифе,- деди Керем. Аялы таң кала тиктеп калганын көрүп ого бетер жинденип кетти. Ушул боюнча ага кылгандарын унутуп, түрмөдөн чыгарса эле моюнуна асыла каларын ойлогонбу бул аял?!
– Сен мени менен ажырашасыңбы?
– Ооба, бул жолу чындап ажырашабыз. Менден эмне кааласаң, баарын ал. Мыйзам чегинде сага эмне беришим керек болсо баарын берем. Болгону ызы-чуусу жок өз жолубузду улайлы.
– Хм, ушунча жылдан кийин?.. Мен ажырашып... Кой, бул түшүңө да кирбесин.
– Мунун тамашасы жок.
Шерифе күйөөсүн тиктеп турду. Чындап эле карып, чүнчүй түшүптүр. Көзү да башкача болуп өзгөрүп калганбы? Буга эмне болгон?
– Мындан ары бир чатырдын алдында жашай албайм сени менен.
– Мен саякатка кетем.
– Каалаган жагыңа кет, бирок мен сенин күйөөң катары кала албайм. Жаныма ушунчалык кастык кылган, менин бир тууганымдын жанын алган аял менен мен бир мүнөт, бир секунд да жашай албайм.
– Ахмед качан сенин бир тууганың эле? Ал болгону сенин максаттарыңды ишке ашырып берген.
– Токтот!- деп бакырып жиберди Керем. Ооруп турган жүрөгүнө бычактай сайылды.
– Сен көзүңдү жумган учурда маселе жок болуп кетпейт. Сен эшикти жаап салып басып кеткенде башкача болуп калбайбыз. Биз качан бактылуу үй-бүлө болдук? Сага бул никенин эмне кереги бар? Сен мени сүйбөйсүң, мен дагы сүйбөйм. Үйлөнгөн күнү эле муну атамдын буйругу менен үйлөнгөнүмдү айткам. Жашырган эмесмин. Бул никеде бакыт болбосун билип туруп үйлөнгөнбүз. Биз болгону аталарыбыздын эң пайдалуу келишими болгонбуз. Биздин той жөн гана эки гигант компаниянын биригүүсү эле. Оюн болчу. Бирок биз бул оюнду 20 жыл узартып жибердик. Эми токтотконго убакыт келди.
– Анда сага эмне керек, Керем? Мындан ары да оюнду улантышыңа эмне тоскоол болуп жатат? Мен оюндун уланышына макулмун. Же болбосо үй кызматчың келет деп ойлоп жатасыңбы?
– Жакшысы, сен анын атын оозуңа албай эле кой. Болбосо...
– Эмне болбосо? Ал сага кайрылбайт. Муну бир билип кой!- деп кыйкырды Шерифе. Керем бөлмөдөн чыгып кетти. Деми кысылып чыкты.
«Ал келбейт, сага кайрылбайт» деп жаткандай болду бардык тарап жаңырыктай кайталап. Башын чулгуп алды. Андан көрө алаксыш керек. Эптеп алаксып аны издебегенге, аны таппаганга күч табыш керек.
«Колго алышым керек! Издебейм, таппайм, бул жолу мен анын бактылуу болушуна тоскоол боло албайм» деп жатты тиштене.
ххх
– Эне, эми биз бул жакта калабызбы?- деди Эмре бир күнү.
– Ооба, уулум. Бул жакта таята-таенең, таежең болуп чогуу жашайбыз.
– Мен алардын сүйлөгөнүн таптакыр түшүнбөйм. Мен кантип бул шаарда калам? Бакчабызды сагындым, чоң энемди, дагы Керем амжамды...
– Жаным, сен өткөн аптада эле чоң энең менен видео аркылуу сүйлөштүң, туурабы?
– Ал жетпей жатат. Мени бул жакта эч ким сүйбөйт. Балдар менен да ойной албайм. Мектепке кантип барам? Биз кайсы акчага жашайбыз? Бул жактагы үй дагы кичинекей...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
кокуй мен экем биринчи...
омурумдо биринчи жолу окудум!
Bulak25,дагы жетишпей калдын.
Бутойун деп калганго азайып кетиптир
Кызыгып окуп атсан эле бутуп калды. Дагы бир жума...
алибек ажырашпай калды окшойт тигил аял торосо кызына байланып калатко
Алибектин кызы жамиляга окшоп калаттыр балкиим а....
Жамиля Керемге кайта барасын. Алибекке ишенич жок.
Жамиляны аябай жакшы кордум эле, Эми жакпай калды. Уялбай Алибек менен болуп журот. Анын аялы болсо, тем более боюнда бар. Уят.
Miya, аны жашоо дейт экен. Жамиляны точно азыркы кыргыз кыздарыбызды коргозуптур. Бул ачуу чындык. Аябай укмуш адептуу сылык корунгон кыздарыбыз ушинтип эле журушот. Уй-булолуу эркектер менен. Оз козум менен коруп журогум ооруп журот. Дианага окшош аялдарыбызга сабыр берсин Аллахым.
Жамиля атайын кылган жок окуган жоксунарбы? Чыныгы суйуу эч нерсеге карабайт.Чыга калып эле Алибекке жармашып алгансып айттынар го.Ал каршы болду Алибек кое берген жок жакшылап окуп чыккыла
Boha1,баарибир нике жок, жармашып эле болдубу
Диана ушундай болоорун билип жармашып тийген унутуп калдынарбы?
Диана озу тийген жармашып! Чала болот, дагы арызданып коет кайын энесине.
Озу Алибекке жармашып ,кандай учур болсода Жамиля келсе кетем деген эле.
Менимче кызын таштап Диана кетип калса керек. Эмрени Керемге берет. Фондогу суротто жаш кыз менен аял туратко. ( жеке оюм)
Arhideia, Bul Jamilanyn ejesi m.n Istanbulga birinchi bargandagysyn chagyldyrgan syiaktuugo...
aijamalkamiljan, 17 жаштагы кызга окшобойтко
Буга эмне башынарды оорутасынар тообо бул сериал болгону бир жоо жомок жана уламышта.