Догдурбек Кыдыралиев, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти: «КАЗАКТАРДЫН МЫКТЫ АКТЁРЛОРУ ДА, ОПЕРАТОРЛОРУ ДА КЫРГЫЗДАР»

Талаш жок, Догдурбек Кыдыралиев күчтүү таланттын ээси. Бирок айтылуу «Ак илбирстин тукумунан» башка кыргыз киносунда тартылбаптыр. Антсе да Казакстандын эң мыкты деген тасмаларында роль жаратып, ал катышкан тасма абройлуу «Ника» сыйлыгына ээ болгон.

Толук аты-жөнү – Кыдыралиев Догдурбек Исхакович
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы
Туулган жылы – 1954-жыл, 12-ноябрь
Наамдары – Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти
Тартылган тасмалары – «Ак илбирстин тукуму» (Кожожаш), "Кош бол, Гүлсары!" (Танабай), «Чыңгызхан» (Боорчу), "Султан Бейбарс" (Калаун), "Абай" (Текежан), «Отырардын кыйрашы» (Унжу)

– Маегибизди бардыгы эмнеден башталган деген суроо менен баштасак...
– Шык, талант балалыктан эле башталса керек. Кичинемден кумга сүрөт тартчумун. Кийин мектепке барганда гана боёк менен тарта баштадым. Балалыгым Көл кылаасындагы Боз-Бешик айылында өттү. Атам Исхак атагы чыккан мергенчи болгон. Атам менен тоо-ташта жүрүп, ат чаап чоңойдум. «Ак илбирстин тукумуна» тартылып калганыма атамдын таасири болсо керек.

– Кино дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз?
– Аскердик кызматты өтөп келип, сүрөтчүлүк кесип үчүн Москвада окучумун. Төлөмүш Океев мени Кожожаштын ролуна Москвага издеп келди. Мени тасмага тартарын айтканда чочуп кеттим. «Мен ойной албайм, актёр эмесмин» десем «Сүймөнкул да актёр эмес болчу. Азыр андан гениалдуу актёр барбы? Сен коркпо, сендейден көбү келишет «пробага» деп койду. Келсем чын эле казагы, кыргызы болуп 5-6 Кожожаш турган экен. Мен өтүп кеттим.

– Голливудда айтылгандай, уктап турсаңыз эле атактуу болуп ойгонуптурсуз да...
– Кино тартылып бүткөндө Төкөм «бул ролдон кийин сен атактуу болосуң же жок болосуң» деди. Айткандай кино катуу чыкты. Башка дүйнө, атактуу актёрлор менен эле катар жүрүп калдым. Сүрөтчүлүктү бүтүрүп келип, киностудияга ишке орноштум. Ар жактан сунуштар түшүп баштады. СССР тарткан «Султан Бейбарс» тасмасынын башкы ролуна чакырылдым.

– Казактардын эң мыкты тасмаларында башкы ролдорду ойнопсуз. Канча тасмага тартылдыңыз?
– 15 чакты тасмага тартылдым. Бизде кино СССР кулаганда кан буугандай токтоп калбадыбы. Ал эми Казакстанда токтогон жок. Жаманбы, жакшыбы, тартылып жатты. Күчтүү кинолоруна тартылдым. Мен башкы ролдогу «Отырардын кыйрашы» деген тасмасы Американын кинотеатрларында коюлду. Азия боюнча бир гана ушу тасма Америкада коюлган. 44 миллион доллар коротулуп «Көчмөндөр» деп өздөрү тарткан тасма да ал деңгээлге жеткен жок.

– Бизден «Айыл өкмөтү» тасмасы, казактардын «Аңчы» тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлүп, андагы башкы ролду да кыргыз ойноп калды деп казак тарап намыстанган экен...
– Ооба, ошондой болгон. Экөө куушуп келип казактардыкы жеңди. Бирок киносу утса да, анда кыргыз актёр болуп жатпайбы (күлүп). 2005-жылы «Аңчы» «Никанын» алтын статуэткасын утуп алды. Өз колум менен алдым алтын статуэтканы. Ал 2004-жылы тартылган да, жакында ошондон бир эротикалык жерди үзүп алышып интернетке таратып жиберишиптир. Казакстандан келсем эле ызы-чуу. «Менталитетке туура келбейт, тиги-бул» деп талкуулашыптыр. Ооба, аттын үстүндө секс бар, көчмөндөрдө ар кандай болгон. Бирок ал искусство да. 14 жыл мурун аны көрбөй кайда жүрүштү дейм да. Кызыкпыз деги. Мени «Кыргызстандан чыгып кетсин» деп чыгышыптыр. Ал тасма "Ника" сыйлыгын алып келгенде кайда элеңер? Эмнеге чыгам мен?

– «Кош бол, Гүлсары!» тасмасына кандайча тартылып калдыңыз эле?
– Казак режиссёру Ардак Амиркулов кайра жаңылап тарта турган болуп Чыкемден (ред.: Айтматов) уруксат алыптыр. Мага жолугуп «даярдан, Танабайга тартам сени» деди. «Кой, ал психологиялык оор роль. Жашым да туура келбейт» десем болбойт. 3 жыл даярдандым. Кызык жери, мурун «Гүлсаратты» студент кезимде окугам. Досу өлүп, аты өлүп калган жерин окуп аябай ыйлагам. Анан китепти башыма коюп "ушуну кино кылып тартса Танабайды ким ойнойт болду экен?.." деп ойлогом. Мына сага, анан эле мен!
Укурук ыргытканды, тиги-буну аябай үйрөндүм. Биринчи жолу мага арналып сценарий жазылды. Мени өткөрүп жибергенден кийин Казакстандын эки Эл артисти мага кезигишти. «Эмнеге Танабайды сен ойнойсуң, театрда мен ойногом» деп чырдашты. Режиссёрго барып айтсам «алар мо-омундай курсак менен Танабайды кантип ойношот? Атка ыргып минип, чаап жүргөн адам керек, көңүл бурба» деп койду. Бирок бет ачарында тиги чырдаган экөө келип менин колумду кысышты. «Аябай жакшы ойнодуң» дешти.

– Кино менен алаксып жүрүп сүрөтчүлүк кесибиңиз артта калдыбы?
– Тасма көп энергияны алып коёт. Бирок аны менен акча таппай калган учурда сүрөт тартып оокат кылганга туура келди.

– Жеке жашооңузга келсек...

– Эки жолу турмуш курдум. Биринчи жубайым менен студент кезде учактан таанышкам. Ортодо Улан, Бакыт аттуу эки уулубуз бар. Актёр менен жашоо оор. Менден көбүрөөк кетти. Андан да кетти дегендей. Үйдө уруш-талаш боло берип, акыры ажырашалы деген чечимге келдик. Ажырашууну оор кабыл алдым, балдарды сагынат экенсиң, турмуш бузулган жаман тура. Бир жыл бою арак ичтим. Кино да калды, сүрөтчүлүк да калды. Артка кетип бара жатканымды сездим. Ойлонуп, жашоомду башка нукка бурайын деп чечтим. Ошол учурда азыркы жубайым Нуржамал менен кезигип, мамилебиз келишип үйлөнүп калдым. Азыр баары жакшы. Бир кызым, бир уулум бар.

– Балдарыңыздан актёрлукка шыктуусу барбы?
– Кичүү уулум сүрөт тартат, 5 деген баага окуйт. Кызым жапондорго окшоп аябай сулуу кыз. Шыгы да бар. Аялым «актриса кылсакпы?» дегенде мен «жок» деп кесе айттым. Актёрлук оор кесип. Өмүрүң күтүү менен өтөт. Ким качан мени ролго чакырат, чакырабы же чакырбайбы? Аткара аламбы? Боюнда бар аялдай болуп эле толготуп бир нерсени күтө бересиң.

– Сизди чатырда жашайт деп уктум эле...
– Сүймөнкул Чокморов болбогондо ал да жок болмок. 9-кабатта жайгашкан устаканада жашап келе жатам. Аны да Кудай жалгап алып калганыма шүгүр. Мен Сүрөтчүлөр союзунда мүчө болуп жүргөндө атайын өнөркана керек болгон. Чокморов өлөрүнө аз калганда мени чакырып «сага жакшы устакана таптык» деп калды. Ошол жакта жашап келе жатабыз.

– Мурун казактардын мыкты тасмаларында баарында сиз ойносоңуз, азыр Азиз Бейшеналиев көп ойнойт. Тааныштыгыңыз барбы?
– Ооба, Азиз казактардын бир тасмасына келип "пробадан" өтпөй калды. Атасы Болот Бейшеналиев экөөбүз бир тасмада иштеп жаткан элек. Болгон окуяны айтсам «мен ага актёр болбойсуң деп айтпадым беле» деп кейип калды. Көрсө, мендей болуп ал да каршы болгон экен. Жакшы тасмаларда роль аткарып жүрөт. Негизи казактардын №1 актёрлору да, операторлору да кыргыздар (күлүп).

Актёрдун кинодо жылдызы жанып турган кези.
"Ак илбирстин тукуму" тасмасынан кийин атактуу болдум".



Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
TazaKyrgyz
2018-02-27 10:19:22
Азаматсыз!Кыргыздын атын чыгарып журо бериниз.
+8
Alibay
2018-02-27 10:35:49
Чатырда жашаганы аянычтуу экен.Биздин жарк-журк "жылдыздар"хан сарайда жашап жатканда мындай агалардын бул абалы кеитээрлик.Мамлекет бир уй куруп ,ушуларды эсепке албаса болбой калды...
+17
raikakyz
2018-02-27 11:30:59
Эн мыкты актёр!Окунучтуусу, Кыргыз баалай албаган инсанды Казактар баалаптыр.Бар болунуз Догдурбек агай.
+14
raikakyz
2018-02-27 11:32:16
Эн мыкты актёр!Окунучтуусу,кыргыздар баалай албаганды кажактар баалап,барктап алыптыр.Бар болунуз агай.
+4
MIRBOLOT
2018-02-27 12:34:01
Биздин актёрлордун көбүнүн үйү жок. *Аваздын* ролун аткарган Чоро Думанаев 1 бөлмөлүү үйгө былтыр араң жетти го. Ал эми мааниси жок ырларды ырдаган кээ бир ырчы аттуулар үйдөн үйдү салышып, чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшөт.
+10
aika0906
2018-02-27 19:52:15
Ушунча казактын киносуна тартылса гонарар ащ алатбы эмне? Эмгиче уй салбаса озуно?????
0
nazira...
2018-03-02 10:27:51
Ишенбейм кантип эле уйу жок. Ошончо кинодо ойносо болгондо да главный.
-2
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан