БАЛ ТИЛДҮҮ БӨБӨКТӨРДҮН КЫЯЛДАРЫ

Алтын балалык

1-Июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата мотурайган бөбөктөр менен таттуу маек курдук. Кетирекейлер өздөрүнүн кыял- тилектерин биз менен бөлүшүштү.

Русланов Акбар,
5 жашта:
– Чоңойгондо менин кызыл чоң машинам болот. Анан мен "Народный" магазинде иштейм. Ал жакта шоколад көп. Садикте Юля деген тентек кыз бар. Ал мени менен урушат. Менин оюнчуктарымды талашат. Мен жаман кызды машинама салбайм.

Ален уулу Алим,
4 жашта:
– Мен чоңойгондо папа болом. Менин папам күчтүү, баарын жеңет. Ал спортсмен. А мен болсо катуу чуркай алам. Дос балдарым мага жетпей калышат. Мамам “суп” жасаганда мен ичпейм. “Таттуу көп жесең, тишиң ооруйт” деп мамам көп айтат. Мен көп сүт ичсем, чоң болом.

Бектурова Даяна,
4 жашта:
– Мен шоколад жегенди жакшы көрөм. Аны папам дайыма жумуштан алып келет. Мамамдын курсагында “ляля” бар. Мен ал “ляляны” ойнотом. Чо-оң болгондо “мода кыз” болом. Кооз көйнөктөрүм көп да.

Макулбекова Айсулуу,
4 жашта:
– Бакчага барганды жаман көрөм. Атам мени урушпайт, апам уруша берет. “Бол, тур, кечигебиз. Эжекең урушат” дейт. Мен жалбырактарды чогултуп акча жасайм. Анан магажинге (дүкөн) алпарсам, момо (момпосуй), морожно (балмуздак) берет. Кийин таттуу тамактарды телезордогудай (телевизор) кылып жасайм.

Токтоналиева Нурсулуу,
6 жашта:
– Мен энемдин, анан папамдын кызымын. Бүгүн Бишкекке Кеминден келбедимби. Мауглини жакшы көрөм. Моминтип бакка чыга алам. Чоң энем тоок соёрдо мен чуркап барып тоокту кармап келем. Телевизордогу сулуу кыздарды жакшы көрөм. Чоңойгондо модель болом. Мен дагы боюм узун, сулуу кызмын да.

Даниэл уулу Мубарак,
4 жашта:
– Менин атым Муба. Апамдын башы ооруганда сүт берип багам. “Человек пауктай” болуп бийик учам. Апам балмуздак алып берсе, таптакыр тентек кылбайм. Сара ыйлаак (кичинекей карындашын көрсөтүп), мен ыйлабайм.

Максатбек кызы Мээрим,
5 жашта:
– Мен чоң энемдин тилин алган жакшы кызмын. Үй жыйнаганды билем. Кийин чоңойгондо ырчы жана кинодогу Асемадай болом. Анын ырын билем, ырдап берейинби? Ах-ах-ах, кандай кереметсиң, жакшынасың, саат санап сагынтасың, ах-ах-ах...

Сабитбаев Жээнбек,
6 жашта:
– Чоңойгондо бай болом. Эки "этаж" үйдө жашайм. Анан Кубик кызы Айперини сүйөм, аны алам.Мурда Айгеримди сүйчүмүн. Ага гүл, "мишка" бергем. Ал мага диск эле берип койгон. Азыр аны сүйбөй калдым.


«Супердин» сурак бурчу

БАЛАҢЫЗГА ТАЛАПТАГЫДАЙ КӨҢҮЛ БУРА АЛАСЫЗБЫ?

Дүйшөн,
51 жашта, айдоочу:
– Чынында, талаптагыдай көңүл бура албайм. Эртеден кечке жумуштамын. Кечинде чарчап барып, балдарым менен сүйлөшүүгө да шайым келбей калат. Дем алыш күндөрү да иштөөгө туура келгендиктен, үй-бүлөм менен эс алууга убакыт тар.

Динара Акулова,
ырчы:
– Ырчылар гастролдордо көп жүрөт эмеспизби. Кээде балдарымдын туулган күнүндө үйдө болбой калам. Мына ушундай учурларда көңүлү калып калбаса экен деп абдан капа болом. Ошондон улам ар бир ата-эне дайыма балдарынын жанында болсун деп тилейм.

Бакы,
26 жашта, тиш доктур:
– Мен жаңы гана үйлөндүм. Көп балалуу болсом деген тилегим бар. Ар бир балама талаптагыдай көңүл бурууга аракет кылам. Баланы тилегенден кийин анын тарбиясын дагы ойлонушуң керек. Ата-эне балага жакын болсо, тарбиясы жакшы болот.

Айнура,
33 жашта, мугалим:
– Эки баламды торолтуп алайын деп жумушка чыкпай жүрөм. Ар бир баланын балалыгы кандайдыр бир жакшы нерселер менен эсинде калышы керек. Мисалы, мен балдарымды күнүгө бир маал сейилге чыгарам. Үйдөн атайын оюндарды уюштуруп берем.

Сема,
ырчы:
– Мен уулум менен кызыма талаптагыдай эле көңүл бурам деп айта алам. Балдарым сүрөт тартканды жактырышат. Бир маал сөзсүз түрдө чогуу сүрөт тартабыз. Уулум балка колуна тийсе эле дубалга мык кага берет. Кичине чоңойсо, усталыкты үйрөткөн курска чогуу барабыз.

Тоту,
61 жашта, пенсионер:
– Учурда менин 13 неберем бар. Алардын ар бирине бирдей мамиле кылууга аракет кылам. Туулган күндөрүндө жок дегенде торт алып, дасторкон жайып көңүлүн алам. Ал эми сейил багына алпарайын десем, ал жактагы оюндар кымбат, чөнтөктүн чамасы жетпейт.

Алымбек,
47 жашта, жеке ишкер:
– Чет өлкөгө көп барып иштейм. Андыктан балдарымдын жанында көп болбой калам. Быйыл балам 11-классты бүттү. Куттуктап коёюн деп, дагы бошобой калдым.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zaki
2010-06-03 20:31:05
Йо маййо, балдарың болсо ээ... Ушинтип бал тили менен сүйлөп жан эргитсе...
0
zaki
2010-06-03 20:32:29
Бир нерсени байкадым, биздин балдардын чет элдик мультфильмдер тарбиялап аткандай... ТВ дагы жылаңач кыздарды көрүп модель болом деп атканын көрүп бир чети кейип да кеттим. Кудай буйруа, кийин балдарыма кайсыл мультфильмди көрүш керек, кайсынысын көрбөш керек... филтрлеп анан көрсөтпөсө бовойт да-а-а.
0
ayza
2010-06-04 11:52:01
Ийи,журокту элжиретип,конулумду ачып жибердинер го!!!Келечегинер кен болсо экен...
0
адилет
2010-06-05 22:13:30
Балдар бул биздин келечегибиз.
0
ЖАМАЛ
2010-06-06 12:50:55
Эхх Мен да жаш бобоктордун жооп бергенин окуп олтуруп,козумо жаш келди...Озумдун бей капар куунак балалыгымды эстедим...Кандай сонун кундор э?Мына Мен да уйлонуп Келинчегиме Уулду болобуз десем жок кыздуу болобуз деп жини келет...Анда Мен тамашалап:кыз торосон Апакендин алдына кетесин,билет алып берем-деп коём.Не болсо да бал ширин бобокторубуздун омуру узун болсун!!!Ден соолукта болушсун демекчимин!!!Азаматсынар алтындарым Силер Биздин келечегибизсинер!!!
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан