Эркиндиктин 50 кыры: ГРЕЙ МЫРЗАНЫН ТӨШӨК ОЮНДАРЫ АЗАЙДЫ
Коомчулукта талкуу жараткан «Грей мырзанын 50 кыры» тасмасынын 3-бөлүгү тартылып, 7-февралдан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Бул окуядан Бишкек да четте калбады. «Эркиндиктин 50 кыры» деп аталган эротикалык бестселлердин уландысы тууралуу кызыктарды сунуштайбыз.
Жанры – Романтикалык драма
Режиссёру – Жеймс Фоули
Продюсери – Майкл Де Лука, Эрика Леонард Жеймс, Дэна Брунетти, Маркус Висиди
Сценарийдин автору – Ниалл Леонард
Башкы ролдордо – Дакота Жонсон, Жейми Дорнан, Ким Бейсингер, Ариэль Кеббел, Брэнт Догерти, Люк Граймс жана башкалар
Оператору – Жон Шварцман
Композитору – Дэнни Эльфман
Чыккан жылы – 2018-жыл
Бюджети – 55 миллион доллар
«КҮҮГҮМ» ЧЫГАРМАСЫНАН ТААСИРЛЕНГЕН ЭРИКА ЛЕОНАРД ЖЕЙМС
«Грейдин 50 кыры» чыгармасынын автору Эрика Леонард Жеймс жазуучу Стефани Майердин «Күүгүм» чыгармасынан таасирленип «Дүйнөнүн кожоюну» деген фанфик (кинодогу же чыгармадагы каарманына таасирленип жазылган дил баян) жазып коомчулукта дүң болгон. Эрика Жеймс берген маектеринин биринде «эгер Стефани Майердин чыгармасына фанфик жазбасам жинди болуп кетмекмин, чыгармадан алган таасирди бир жерде бөлүшүшүм керек эле» деп айтканы бар. Ысымы эл оозуна алынып калган Эрика Жеймс фанфиктерге болгон кызыгуусун кеңейтип «Күүгүмгө» тиешеси жок чыгарма жазгысы келет. Ошентип анын калеминен 2011-жылы «Грейдин 50 кыры» чыгармасы жаралган.
КРИСТИАН МЕНЕН АНАСТЕЙШАНЫН ҮЛПӨТ ТОЮ
Миллиардер Кристиан Грей менен сүйүктүүсү Анастейша Стил үйлөнүп бал айында жүргөн. Кокусунан Грейдин кеңсесине каракчы кирип, түгөйлөр бал айын үзгүлтүккө учуратып Сиэтл шаарына кайтканга мажбур болушат. Грейдин кеңсесине кирип компьютерден документтерди уурдаган адам видеокөзөмөлдөн Анастейшанын мурунку жетекчиси Жек Хайд экени билинет. Жек Хайд тасманын 3-бөлүгүндөгү негизги терс каарман. Ал Грейдин үйүнө жашынып кирип, Анастейшага бычак такап коркутуп, полиция кызматкерлери кармап кеткенде алардан да күрөөгө акча берип кутулат. Жек Хайд Грейдин карындашын уурдап кетип, 5 миллион доллар талап кылып Анастейшаны коркутат. Айтор, бир душман менен күрөшкөн жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн укмуштуу окуялары тасмада кенен берилген. Тасманын сюжетин юмор, драма, романтика көбүрөөк түзгөн. Бул бөлүктө Грей мырзанын төшөк оюндарына азыраак орун берилгендей. Тасмада түгөйлөрдүн бири-бирине болгон таттуу мамилесин, ысык төшөк кумарын, Анастейшанын ылдамдыкты сүйөрүн, чачтарач болгонун, Грейдин мас абалын, кала берсе рояль ойноп, Пол Маккартнинин ырын созгонун көрөбүз.
ТАСМА 1 КҮНДӨ ӨЗҮН АКТАГАН
-
Фильмдин экинчи жана үчүнчү бөлүгү удаа тартылган.
-
«Эркиндиктин 50 кыры» 2016-жылдын февраль айынан июль айына чейин Париж, Ванкувер шаарларында тартылган.
-
Чыгарманын автору Эрика Леонард Жеймс тасма тартуу иштерин көзөмөлдөп туруу үчүн иш процессине баштан-аяк катыша турган адамды, тактап айтканда, күйөөсү Ниалл Леонардды тартуучу топко кошкон.
-
Чыгарманын автору башында Грейдин ролунда Роберт Паттинсонду көргүсү келген, бирок тартуучу топ Жейми Дорнанды тандашкан.
-
Фильм Франциянын Ницца шаарында теракт болгон убакта тартылган. Теракттан 84 адам каза болгон. Аза күтүү күнү тартуу иштери токтотулуп, эртеси уланган.
-
Төшөк оюндарында колдонулчу түрдүү ыкмаларды үйрөтүү үчүн да тасма жаратуучулар атайын адис жалдашып баш каармандарды окуткан.
-
«Эркиндиктин 50 кыры» тасмасынын бюджети 55 миллион долларды түзөт. Тасма сатыктагы биринчи күндө эле 60 миллион доллар таап, бюджетин жапканга жетишкен. Кошумчалай кетсек, "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасы 570 миллион доллар, "Караңгылыктын 50 кыры" деп аталган экинчи бөлүгү 381 миллион доллар киреше топтой алган.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Кыргызча котормосу сонунго 50кыры деп.саал саал күгүмүраактын 50кыры деседа жакшы болмок:):)
Бюджет ушунча элеби?анан эмнеге биздикилер дин бюджети айылда тартса деле 50-100мин $ дей беришет?!
mela,миллион менен миндин айырмасы барго дейм.бул жерде $55миллион деп атат биз жердештерибиз $50мин деп атат окшойт
mela,миллион менен миндин айырмасы барго дейм.
Aika1626,көрдүм миллион экенин.Биздин рынокко 50мин $ деле чоң сумма . болбогон кино үчүн.
mela,биздикилердики мин $ деп турса алардыкы миллион $...мин менен миллиондун айырмасын билесизби??
Бул кинонун озунун аты мине
tyny44,50 оттенок серого,болсо керек эле.
Мммм..коргон эмесмин...корбойм дагы го....мен ужастарды жакшы кором...
Бул кинону кайактан таап Корсо болот,билгендер айтып койгулаa
Сонун кино особо 2 си девушкам менен көргөм эми кинотеатрдан көрүп келебиз
"50 оттенков серого" , "50 оттенков свободы" дегендерин кордум , бирок маанисин тушунбодум, женил желпи кино, тем более тарбиялык эч бир касиети жок.
А мен "50 отткенков черного" сун көрдүүм)))
Эротик киного кантип кордуңор кыз келиндер
50оттенков кыргызаны ким корду?
Намаз окуугула еротика коргончо
50 оттенков серого 50 оттенков темнее 50 оттенклв свободы
Серого темнее свободы деген учоосу бар а черного дегени мындай эле
отправьте ссылку , пожалуйста
Козунорду арам нерсе коргондон тыйгыла пенделер