Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.


23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен үй-бүлөнүн тиреги, мекендин коргоочусу болгон бардык мырзаларды, бул тармакта иштеген бардык жарандарды куттуктайбыз! Майрамды утурлай эл аралап собол салып, «Кыргыздын жигити кандай болушу керек?» деген суроого жооп алдык.


Айшакан Баженова, 84 жашта:
– Кыргыздын жигити акылдуу, кайраттуу, баарына көзү жеткен даанышман, ата-энеге кайрымдуу болушу керек. Ким көп окуса, илим-билимге умтулса эле баарына жетет, акылдуу кыргыз жигиттери турганда элибиздин түбү терең болот. Кыргыздын балдары – менин балдарым да, амандык тилейм, ден соолук тилейм балдарыма.




Шактыгүл Чолпомбаева, 54 жашта:
– Кыргыздын жигити намыскөй болсо үй-бүлөсүн да, элин да башкага кор кылбай багып кете алат. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, өнөрлүү, табышкер, мээнеткеч, жалкоолуктан алыс адам болсун. Эки дүйнөдө тең бактылуу болгудай татыктуу жашасын.




Чыңгыз Кылычбеков, 13 жашта:
– Кыргыз жигити эр жүрөк болуп, Ата Мекенин коргосо бизге эч ким тийише албайт. Анан да жакшы окуп, акылдуу болуш керек, кийин чоңойгондо үйү, машинасы бар бай болот.




Нурислам Кудайбергенов, 10 жашта:
– Менин оюмча, кыргыз жигити акылдуу, ыймандуу, күчтүү болушу керек. Дагы ал өз үй-бүлөсүн багып, көп акча табышы керек. Эгерде атасы үйдө жок болсо, апасы менен бөбөгүн жакшы карап, жоопкерчиликтүү болот. Алдаса, сөзүнө турбаса, жаман эркек болот. Мектепте урушуп кетсе үйгө айтып келбеш керек.




Заирбек Нуруев, 43 жашта:
– Кыргыз жигити намысты биринчи орунга коюшу абзел. Намыс бар жерде үй-бүлө, жоро-жолдош, мамлекет, элиң болот. Учурда кыргыз жигиттеринде намыс кеткен үчүн алакандай кыргыз элин бага албай, ар ким өз чөнтөгүн ойлоп, калкыбыз кыйналып жатпайбы. Кыргыз деп соккон жүрөктүү, намыскөй жигиттер болсо, кыргыздын келечеги кең болот, буюрса.




Аида Курманбаева, 15 жашта:
– Кыргыз жигитине төрөлгөндө эле көп нерсе милдет болуп калат: намыскөйлүк, эр жүрөктүк, үй-бүлөсүнө жана жакындарына жоопкерчилик, айкөлдүк. Кыргыз жигити ушул сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойм.




Анара Шырдакбаева, 41 жаш:
– Кыргыздын жигити ар-намыстуу, убадасына бекем турган, жүрөгү таза, апасын баш кылып бардык аялзатын урматтаган чыныгы мырза болсо экен дейм.





Эрика Баубекова, 15 жашта:
– Кыргыздын жигити жигиттей болушу керек, кыздарга окшобой.






Алихан Акимов, 10 жашта:
– Кыргыз жигити тайманбас, эр жүрөк болушу керек. Кедейлерге, буту-колу жок майыптарга жардам берет. Ата-энесин, балдарын таштабайт, элин коргойт.





Ади Дейдиев, 57 жашта:
– Кыргыздын жигити мекенчил, мээнеткеч, «Манаста» айтылгандай айкөл, динде айтылгандай ыймандуу, Исхак Раззаков айткандай таза, Чыңгыз Айтматов айткандай күнүгө адам болушу керек.




Каниет Бекишова, 17 жашта:
– Жигит деген кандай кыйын учур болбосун чыгып кете алган тапкыч адам болсо. Алдына максат коё алган, тамашакөй, «с чувством стиля» болушу керек. Керек дегенибиз менен, баары эле идеалдуу боло бербейт, бирок аракет кылса болот да.



Жайнагүл Сейитбек кызы, 22 жашта:
– Кыргыздын жигити кандай болуш керек дегенде мен башкаларды айтуудан мурун өзүмдүн кичинекей уулумдун кандай мырза болсо деп кыялданганымды айтар элем. Атак-даңк үчүн эмес, Ата Журт үчүн кызмат кылып, мекенин сүйүп, элин сыйлап, билимдүү, сөзүнө бекем турган, "жигит" деген сөзгө татыктуу уул кылып тарбияласам дейм.



Нурила Култаева, 43 жашта:
– Кыргыздын жигити эң жөнөкөй, Манас атабызга таандык болгон сапаттардын баарына ээ, мисалы, кайраттуу, баатыр, элин-жерин коргогон, эмгекчил болуусу керек. Кандай кырдаал болбосун мекенин коргоого даяр туруп, ошол сапаттар менен бирге эле үй-бүлөсүн туура жолго салган, камкор ата болуусу зарыл.



Акбермет Султан кызы, 24 жашта:
– Учурда коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү эске алганда, кыргыз жигити жоопкерчиликтүү, айкөл, чынчыл жана күчтүү болуусу шарт. Эркек, эң негизгиси, эрки күчтүү, үй-бүлөсүн сактап алчу кожоюн жана үлгүлүү ата болсо. Азыр таштанды балдарды көрүп зээниң кейийт, чет жакка чыккан кыздарыбыз көбөйдү, ошонун баары эркектердин жоопкерчилиги жоктугунан деп ойлойм.




Келдибек Эргешов, 76 жашта:
– Кыргыздын жигити айткан сөзүнө жасаган иши туура келген, чынчыл, эл-журтка кайрымдуу, абийирдүү, жигит деген атка татыктуу болушу керек.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
27.02.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
887
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баарынарга кошулам...8-Мартта аял заты кандай болуш керек?...деген макаланы кутобуз эми.
27.02.2018. 10:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыз жигити кредити жок болуш керек
27.02.2018. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз жигити 7-март куну аялы менен урушуп кетпеши керек
28.02.2018. 00:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
кыргыз жигити уялбаш керек телефон артында герой болгондор да коп.
28.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
tyrgon,оа чын жазган создорундо жан бардай.жигиттерибиз жообгерчиликти унутуп калган сыяктанат.
28.02.2018. 03:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
04-02-2018
Соӊку аракети:
08-09-2018 20:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушу кыздар куйдурдунор да кыргыз жигиттерин силердин тарбиянарды алат 80% ошол учун туура тарбия бергиле бул жактан былжырай бербей
28.02.2018. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз жигиттери чечкиндуу,кайратуу,эр журок,уй булоосуго камкор ата жана мээримду,кайрымдуу болушу шарт.
01.03.2018. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
кыргыз жигити журогу"кыргыз"деп соксо, уй булосун, ата энесин, ьюбир туугандарын коргой алган, эч кимге коз каранды кылып багып кете алган азамат болушу керек. А дейбиз бу дейбиз бирок азыр жашоо шарт кыйын, телегейи тегиз адам болбойт. Иши кылып корей жигиттерин туурабай эле коюшса.
03.03.2018. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда жигит деген бардык жагынан кыйын болуш керек жигит деген намысты ар дайым сакташ керек чыпташкан шымдарды кофталарды кийип оозго помада койбой.
04.03.2018. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-06-2017
Соӊку аракети:
12-05-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Мужик боло бербей эркек болуш керек
05.03.2018. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
04-12-2017
Соӊку аракети:
12-05-2018 21:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигити биринчи очередь "ЭРКЕК" болуш керек. Мусульман болушу керек. ТенИрчи д.б.у.с диндерден алыс болушу керек. Намыс болуш керек.Азыр копчулук уйбулоолордо бой жеткен кыздарын чет олкого жонотушот иштегени, бул эркектердин, жигиттердин намысынын жоктугунан. Желаение служить своей родине, и сделать свою женщину, маму и родных его людей счастливым.
06.03.2018. 03:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-12-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 10:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз Жигити Ыймандуу Намызкой Чынчыл чыйрак болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: