КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ МАРАТ БАШАРОВ МЕНЕН ГАСТРОЛДОЙТ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Голос» телешоусунун финалисти Кайрат Примбердиев кайрадан Орусиянын сахнасын багынтууга бел байлады. 18-февралда Кайрат Татарстандын Эмгек сиңирген артисти, атактуу театр жана кино актёру Марат Башаров режиссёрдук кылган «Разговор с душой. За гранью» спектаклине катышып келди. «Москва шаарынын Крокус Сити Холл концерттик залында Башаров койгон мюзикл болуп өттү. Буюрса, марттан баштап гастроль менен Орусиянын 9 шаарын, Казакстанды кыдырабыз. Апрель айларында спектакль Бишкекте да коюлат. Спектаклде Марат Башаров башкы ролдо болсо, мен ортосунда ырдайм»,- дейт Кайрат Примбердиев.
Кошумчалай кетсек, бул мюзиклде алгачкы ирет Марат Башаров өзүн коюучу режиссёр катары сынаган. Актёрдон сырткары спектаклде башкы ролду белгилүү орусиялык актёр Александр Головин жаратат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aruwka.89
2018-02-27 09:56:28
Молодец ийгилик!!!
+3
semizkyz
2018-02-27 10:00:31
Бизде андай мюзикл дегендерге кыргызбайлар барчу эмес эле.Бишкеке келгенде уят кылбай барып колдоп коелу.Кайрат бир суйунуп калсын
+20
TazaKyrgyz
2018-02-27 10:22:19
Азаматсын Кайрат!Онорун оркундой берсин.Кыргыз эли сендей ото жонокой уулу менен сыймыктанат!Бар бол!!
0
TazaKyrgyz
2018-02-27 10:24:11
Азаматсын Кайрат!Кыргыз эли сендей жонокой уулу менен сыймыктанат.Бар бол!!
0
Aikan1966
2018-02-27 10:53:40
Азаматсын берекелде
0
Elnuram090
2018-02-27 11:28:33
Кайрат азаматсын М. Башаровтой бийик инсан бол келечекте Марат Башаров аябай жагат мага бирде Москвадан короом
+1
vikidiki
2018-02-27 12:12:30
Ийгилик сага Кайрат!!
+1
aman0296
2018-02-27 13:08:04
Марат жудоп калганго
0
Aruujanshaxi
2018-02-28 12:35:41
Азамат!Буйруса биздин ырчылардан да Азияны багындырган ырчылар чыгат деп ишенем!
0
aszyma
2018-03-02 16:52:51
Марат аялыны уруп таштагандан бери жакпайт.
0
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан