Манасчы Ширин Сарыгулованын декабрь айында турмушка чыкканын жазганбыз. Жеке жашоосун да, чыгармачылыгын да чогуу алып жүргөн манасчы айым акыркы кезде ден соолугу кескин начарлап кеткенин айтат. "Көп жылдан бери ангина оорусунан жабыркап жүргөм. Өнөкөт ангина жүрөгүмө, сөөктөрүмө өтүп кетиптир. Акыркы учурда дайыма дене табым көтөрүлүп жаткан",- дейт ооруканада жаткан манасчы.
Ширин Сарыгуловага 22-февраль күнү операция жасалды. Дүйнөдөгү эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирген манасчы айымга ден соолук каалайбыз.