КОЙ (21.03-20.04)
Жабык типтеги ишканаларга каттоого туура келет. Жумуштарыңыздын негизги бөлүгүн жалгыз бүткөрүүгө аргасыз болосуз. Апта жалпысынан сиз үчүн ийгиликтүү. Кайсы бир киреше булагынан акчанын келиши күтүлүүдө.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дос, кесиптеш, айрым өнөктөштөр менен дагы да болсо тыгыз мамиле өнүгөт. Көңүл чөккөнгө караганда маанай көтөрүлгөн учурлар көп болот. Маселелерди оң жакка чечүү үчүн жубайыңыздын кеңешине таяныңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сиз менен жетекчилик жана бирге иштегендер ортосунда жакшы түшүнүүчүлүк өкүм сүрөт. Жасаган эмгегиңиз бааланат. Ден соолукка көңүл буруп текшерилүү, диагноз койдуруу үчүн аптанын орто чендери ылайыктуу. Өнөктөштөр жана жубайыңыз менен чырлашуудан сак болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөтөн жактык адамдар, көзөмөл органдары менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Башка шаарларда жашаган балдарыңыз же сүйгөнүңүз менен жагымдуу баарлашуулар күтүлөт. Аларга барасыз же алар келишет. Ден соолугуңузду абайлаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Киреше кирет. Адаттагы мактанчаактыкты бир аз ооздуктасаңыз, келе турган кирешенин көлөмү бир топ көп болот. Эс алууга, балдарга акча сарптайсыз. Жакшы нерселерге күбө болосуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мыйзамга байланыштуу маселелер жакшы чечилет, өз ара мамилелер бекемделет. Айрыкча жубайыңыздын сизге көрсөткөн колдоосу жүрөгүңүздү жылытат. Жакшы кабар угасыз. Сапарга чыгуу, унаа, бир туугандар маселеси да четте калбайт.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумушуңуз сиз ойлогондой жүрөт. Өнөкөткө айланган оорулардын алдын алууга, диагностикадан өтүүгө эң жакшы мезгил. Жумушта кадыр-баркка ээ болосуз. Бирөөлөр менен айтышуудан, ушак-айыңга кабылуудан сак болуңуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада сүйкүмдүү болуп чыга келесиз. Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, сүйкүмдүү ата-эне, ал эми бойдок болсоңуз жагымдуу экениңизди көрсөтө аласыз. Романтикалык жолугушуу күтүлөт. Көктүгүңүздү ооздуктаңыз, чыр чыгышы мүмкүн.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үйүңүзгө конок келет. Көп үй тиричилик жумуштарын аткарууга аргасыз болосуз. Негизги чоң иштер сиз ойлогондой бүтөт. Ата-эне, туугандар менен көп алака жасаңыз, жыйынтыгы сизди кубантат. Менменсинүүдөн карманыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыска мөөнөттүү сапарга чыгууга даяр болуңуз. Жакшы кабар угасыз. Унаа маселеси жакшы чечилет. Туугандарыңыз менен көп баарлашасыз. ММКлар менен чогуу иш алып баруу үчүн эң жакшы мезгил. Окуу, документ иштерине да көп алагды болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дагы да болсо акча маселелери менен алагды болосуз. Адаттагы шашмалыкка алдырбасаңыз баары жакшы болот. Жумушуңуз да сиз ойлогондой жүрөт. Киреше кирет. Айтышуудан сак болуңуз, айрыкча достор, кесиптештер менен.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада лидерлик сапаттарыңыз күчөйт. Баары сизге көңүл бурушат. Ишенчээктикке көп алдырбасаңыз, жумуштарыңыз сиз ойлогондой чечилет. Активдүү болуңуз. Бөтөн жактык адамдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр күтүлөт.