Таланттуу актриса Асема “Боз салкындан” кийин “Уурунун махабаты” аттуу фильмге тартылып, тасма сүйүүчүлөрүнүн эсинде бандит кыз катары калды. Актрисалык жөндөмүн арттыруу менен бирге ырчы катары сахнада өз ордун табуу аракетин көрүп келет. Адахан аттуу уулдун сүйүктүү энеси, Акжол мырзанын сүйгөнү Асема менен маек гезиттин бул санында.
– Асема, кандайсың? Балаң чоңоюп жатабы?
– Жакшы, рахмат. Адахан бир айдан кийин бирге чыгат. Буюрса, тушоо той бергени жатабыз. Балам ушуга чейин бир да жолу ооруган эмес. Бирок бир жума мурун кусуп, ичи өтүп катуу ооруду. Тамчылатма дары куюшабы деп коркуп, ооруканага алпарган жокмун. Болтойгон балам бир жуманын ичинде аябай арыктап кетпедиби. Кыргызча эле молдого барып айыктырдык. Молдо “элге көп көрсөтпөй эле койгула, көз тийиптир” деди. Ошондон улам чоңойгуча гезит беттерине чыгарбай турайын деп жатам.
– Балким, эмчектен чыгарганга ооруп жаткандыр, качан чыгардың эле?
– Жайында бала кыйналып калат дегенди угуп, жазында эле чыгаргам. Бир жума апама таштадым. Андан кийин бир жума Түркияга барып келдим. Ошентип, улам-улам алыстатып жатып эмчектен чыгаргам.
– Түркияга модельер-дизайнер катары барып келдиң окшойт...
– Түркияга эжемдин чакыруусу менен конокко баргам. Ал ошол жактын жараны. Эжемдин кеңеши менен 2-3 көйнөктүн үлгүсүн кагазга түшүрүп ала баргам. Негизи, мен бала кезимден сүрөттү жакшы тартам. Сүрөт тартуу мага атамдан өткөн өнөр. Өнөрүмдү билген эжем “Түркияга келип, дизайнер болуп иштебейсиңби?” деп чакыра берчү. Тиешелүү адамдар үлгүнү көрүшүп “табитиң жакшы экен. Бул жакка келип иште, өзүбүз үйрөтүп алабыз” дешти. Ал жакта иштегенге мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, дизайндарды интернеттен жиберейин деп жатам. Күзүндө берчү концертимде өзүм дизайнын чийген кийимдерди кийип чыгам, буюрса. Учурдагы сахна көйнөктөрүмдүн төртөөсүнүн үлгүсү өзүмдүкү.
– Концерт берем дегениң жакшы, бирок ырларың аз эле го...
– Учурда жети ырым бар. Андан сырткары сегиз ырым даяр болуп калды. Жаңы эле “Ойлондуңбу?” деген ырымды жаздырып бүттүм. Ырларымдын обондорунун 80 пайызы өзүмө таандык. Ал эми сөздөрүн элге аты чыгып калган белгилүү акындарга жаздырам.
– Сен өзүңдү толук кандуу ырчы деп билесиңби же актрисамын деппи? Айрымдардын “Асема ырдабай эле актриса болсо болмок. Үнү деле жок” деген сындарын угуп жүрөм.
– Мен өзүмдү ырдай алган актриса катары билем. Ырчы сахнада ырдап жатып, актриса да болушу керек. Ал эми Таттыбүбү эже сыяктуу актрисалар мыкты да ырдай алышкан, туурабы? Өткөндө курбум “WWW.SUPER.KG сайтына кирсең эле кирсең” дейт. Медиа-порталдан мага карата жазылган сындарды окуп алып шок болдум. Бирөө “ырдабай эле жоолугуңду салынып отура берсең болмок” деп жазыптыр. “Эл мени ушунчалык жек көрөбү?” деп катуу таң калдым. Мындай сындарды туура кабыл алганга аракет кылам. Бирок сындарга сынып, ырдабай отуруп калбайм. Ырдай берем.
– Негизи, сен актриса катары кадам таштабадыңбы. Кантип ырдап калдың?
– “Боз салкынга” тартыла электе эле аябай ырдагым келчү. Тасмадагы дебютумдан кийин мени Съездбек “ырдап көрбөйсүңбү?” деп кафеге алып барды. Кафеде иштеген балдар “Дилназ Ахмадиеванын “Золотой” деген ырын ырдап көрчү” дешти. Мен “билбейм” десем “текстин жаттап, үйүңөн даярданып кел” деп кетирип жиберишти. Ал ырды телефонума жаздырып алып кошо жарышып ырдап жүрүп, кафеге кайра келдим. Минусовканы коюп туруп, колума микрофонду карматышты. Музыкасы менин телефонумдагыдан таптакыр башкача экен. “Бул эмес болчу” деп калтырап, өзүмдү жогото баштадым. Баш-аягы жок эптеп ырдап бердим. “Үнүң бар, бирок туура эмес ырдап жатасың, даярданып кел” деп дагы узатып коюшту. Эки жумадан кийин даярданган киши болуп, уялып кайра баш бактым. Ошентип ырдап кеткем. Анан болочок жолдошум Акжолго жолугуп калып, ырчы катары сахнага чыга баштадым. Азыр чыгармачылыгымды да таштабай, үй кожойкеси да болуп, баарына жетишкенге аракет кылып жатам.
– Үй-бүлөнүн рулу сенде турбайбы, ээ?
– Жок, ай, башкарбайм деле. Жолдошум менин жумуштарыма, мен анын жумуштарына кийлигишпейбиз. Эртең менен ал жумушка кетет да, кечинде келет. Кечинде аны даамдуу тамак менен тосуп алам. Анан жытташып, кучакташып, сагынычыбызды таратып алып уктап калабыз. Акжол менин продюсерим. Аны башкармак түгүл катуу да сүйлөй албайм. Ага жакпаган нерселерди кылбайм дагы, суранбайм.
– Ал эмнелерди жактырбайт?
– Келин атым болгондон кийин туугандар, достор арасында ачык, кыска кийингенимди жактырбайт. Бирок “сахнага уруксат” деп айтат. Кечкисин курбуларымдын чакырган жагына жалгыз барышымды каалабайт.
– Сага анын кайсы жагы жакпайт?
– Футболду менден да жакшы көргөнү жакпайт. Футбол болгондо мен да, баласы да калат. “Нам не хватает внимания” деп наалый баштайм. Негизи, ал үйдө эртеден-кечке жок болот да. Кечинде босогону аттаганда аны менен кошо шаң кирет. Чарчап турса да, балам экөөбүз чачын уйпалап, жүдөтүп кыйнамайын эс албайбыз. Ага да көңүлү ачылбаса, кичине кезимден чыгыш бийине катышып калбадымбы, ийилип-чоюлуп бийлеп берем.
– Кандай байлыгыңар бар?
– Тыттай жылаңачпыз деп койбоюнбу. Машинабыз бар эле зарыл болгондуктан, сатып жибергенбиз. Жакында үй алганы жатабыз. Үй алып алсак, анан баары болот да.
– Жолдошуңду ойношу менен кармап алсаң эмне кылат элең?
– Кудай сактасын! Кармасам эмне кылам деп азыр эле ойлоп, боло элек ишке сарсанаа болгум келбейт. Кармап алчу күн келсе, ошондо чечермин.
– Кызгануу адамдын нервине чыңалуу жаратат эмеспи. Билишимче Акжол сени кызганат. Бул сенин нервиңе оордук келтирбейби?– Акжолдун кызганганы мага жагат. Бирөө кечирээк чалып калса “эмне үчүн кечинде чалат?” деп бети-башын тырыштырып, телефонумду текшерип калат. Анын кебетесин көрүп алып боорум эзилгенче каткырып, ого бетер жинине тие берем.
– Үйдө майрамды кандай уюштурасың?
– Балам он айга толобу, 11 айга толобу майрам кыла берем. Акжол экөөбүз шишкебек алып келип жейбиз же балык кармоо үчүн шаардын четине чыгып кетебиз.
– Кайсы ичимдикти жакшы көрөсүң?
– Жаңы жылда шампан ууртайм, албетте, андан сырткары аяштар чогулуп калганда кыздар өзүбүзчө “прикол” кармамай жайыбыз бар. 100 грамм аракка алманын же жүзүмдүн, кыскасы, жер-жемиштин ширесин кошуп коктейль кылып ичип коёбуз.
– “Уурунун махабаты” тасмасында бандит кыздын ролун жараттың. Аябай эле экстремалдуу жерлери көп экен. Мотоциклди чаңызгыта катуу айдадың, винтовка менен аттың, булардын баарын өзүң жасадыңбы?
– Винтовка менен атканды, мээлегенди Нурдин деген байке, ал эми орой мүнөз күткөндү, мыскылдуу күлгөндү Эрнис байке үйрөткөн. Мотоциклди катуу айдаган жеримди мен эмес, дублёр ойногон. Ал киши эркек болгону менен, кичинекей байке экен, парик кийгизип койгонбуз.
– Ошондо үч айлык боюңда бар турбайбы, ден соолугуңа запкы кетет деп корккон жоксуңбу?
– Кинонун кызыгына кирип кетип, боюмда болгонун да билбей калыптырмын. Роль жараткандан сырткары каармандардын кийимдеринин дизайнын чийген элем да. Мен чийип, Бегайым деген кыз экөөбүз бычып-тиккенбиз. Кино ортолоп калганда гана боюмда бар экенин билип, абайлап басып, өзүмдү аяп калдым.
– Рахмат, маегиңе, дагы көптөгөн роль жарата бер.
КААРМАН СЫРЛАРЫНАН
Сүйүн Кулматова
star@super.kg