Атактуулардын сандыктагы архивин, интернеттеги өздүк баракчасын аңтарып-теңтерип отуруп кызыктуу сүрөттөрүн таап чыктык да, аларга тамашалуу ыр токудук. Жыйынтыгын төмөндөн көрүңүздөр. P.S. Чымчымай саптарга чычаламай жок!
Камчы Сарыбаев:
Сакал коюп, рэпердин
Кепкасын кийсем жарашат.
“Красавчик чал Камчы” деп,
Кемпирдин баары карашат.
Актан Рыскелдиев:
Жашоо ушундай керемет,
Толуп турат кызыкка.
Окшош бекем чын эле
Мынабу таргыл мышыкка?
Айпери Кубик кызы:
Көз артышкан жигиттер,
Көбөйдү соңку учурда.
Калжаңдап эгер тийишсе,
Камгактай чабам учура.
Айнура Салахидинова:
Шайлоодо утса жолдошум,
Биринчи айым болмокмун.
Резиденцияга бармакмын,
Чалкалап гана жатмакмын.
Кайрат Примбердиев:
Чачымды узун өстүрүп,
Кырк өрүм кылып жүрчүмүн.
Жигитине кыргыздын
Жарашпайт, аны билчүмүн.
Адашым “Кыргыз” чыккан соң
"Кайраттын баары чачтуу" деп,
Айтылбасын ар кыл кеп.
Кыркып салдым чачымды,
Эс алдырып башымды...
Эркин Рыскулбеков:
Ээ, досум, тыңша акырын,
Эркин досуңдун акылын:
“Ала турган кызыңды,
Албай көпкө туруп ал!
Арзандатсын калыңын.
40ка жашың чыкса да,
“Карт бойдок” болуп жүрүп ал!”
Асхат Субанбеков
star@super.kg