Тима Мукашев, ырчы: «БАШКА КЕСИПКЕ КЫЗЫКПАЙМ, ЫРЧЫЛЫКТЫ АЯГЫНА ЧЕЙИН АЛЫП КЕТСЕМ ДЕЙМ»

Аты-жөнү – Мукашев Тима Мукашевич
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 16-июнь
Бою – 185 сантиметр
Репертуарындагы белгилүү ырлары – «Сен», «Кыргыз жери», «Издей берем» жана башкалар.

Кыргыз эстрадасына жаңыдан аралашып, коңур үнү менен эл сүймөнчүгүнө айланып келе жаткан жаш ырчы Тима Мукашев менен маектештик.

– Салам, Тима, сен тууралуу 2013-жылы «Алтын үн» сынагын жеңгениңде угуп сүйүндүк эле. Ошондон көп өтпөй кырсыктап калдың. Азыр ден соолугуң кандай?
– Жакшы. Кудайдын жардамы, өзүмдүн аракетим анан, албетте, мени курчап турган адамдардын колдоосу менен өзүмө келип, учурда чыгармачылык менен алпурушуп жүрөм.

– «Алтын үн» сынагына кандайча катышып калгансың?
– 2013-жылы музыкалык училищеде окуп жүргөнүмдө бул сынакка кастинг жарыяланган. Дос балдарым «барып ырдап көрбөйсүңбү, балким, өтүп кетесиң» деп калышты. Бардым. 100дөй бала бар болчу, супер финалга 2 бала чыгып, бизге акапелла ырдагыла деген талап коюлду. Калыстар тобунда Муратбек Бегалиев, Султан Раев отурган эле, ошентип жеңиш мага буюруп, аябай сүйүнгөм.

– Ырларың элге жайылып, атың ырчы катары таанылган алгачкы сезимдер өзгөчө анан да унутулгус болгондур?
– Чыгармачылыкка чындап киришкениме 2 жылдай эле убакыт болду. Жаңы чыгарма жаратсаң, аны эл жылуу кабыл алса, ырдап бүткөндөн кийин кол чапса өзгөчө толкундануу, жагымдуу сезимдер болот экен. Эл көчөдөн таанып, чуркап келип сүрөткө түшөт деп деле айтпайм, бирок менин ырларымды баалаган күйөрмандарым көбөйүп келе жатат.

– Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алексиң?
– Азыр ырчылык менен гана алекмин. Элибизде жакшылыктар көп эмеспи, той-кечелерге чакыруулар болуп, өзүмдүн тапкан каражатым өзүмө жетип жатат.

– Айрым ырчылар «бир жылда 1 же 2 сапаттуу ыр чыгарса жетиштүү» деп айтышат. Сенин репертуарыңда канча ыр бар?
– Менин аткаруумда 9 ыр бар, алардын 5ине клип тартылган. Ырчы Сагыныч дуэт аткарууну сунуштап, экөөбүз "Сагындым, апа, сизди" ырын жаздырып, клип тарттырдык. Эмгегибизди эл жакшы кабыл алып, учурда 8-март айымдардын майрамына карата чакыруулар болуп жатат. Бир жылда 1 же 2 ырды көп жылдык эмгеги сиңген, профессионал ырчылар чыгарса жетиштүү болсо керек. Жаңы чыгып келе жаткан ырчылар ар тараптан изденүүнүн үстүндөбүз да, өзүбүздүн жолубузду тапкычакты эл сынына көп-көптөн чыгармаларды сунуштай бергенибиз оң.

– Инстаграмдагы бир сүрөтүңдүн алдына «келечектеги жарым эмне кылып, кайда жүрдү экен?» деп жазган элең. Демек, жүрөк бош, кыздарда мүмкүнчүлүк бар...
– Ооба, жүрөк бош (күлүп). Мага жөнөкөй, ыймандуу, ата-энени сыйлай билген бийкечтер жагат. Көбү айта беришет «сырткы келбетине көңүл бурбайм» деп. Бирок чынында андай эмес да. Биринчи келбетине карап таанышып, сүйлөшүп анан ички дүйнөсүн тааныйсың. Ошого карап жагат же жакпайт деп жыйынтык чыгарасың.

– Балалыгыңа кайрылсак, кайсы жерде, кандай үй-бүлөдө чоңойдуң?
–Нарындын Ат-Башы районунун Биринчи-Май айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, эки эжем үй-бүлө куруп кетишкен. Жалгыз эркек бала, эрке бала болуп чоңойдум. Бала кезимде аябай эле тентек болдум. Бирок ата-энемдин ачуусу келип жатканын байкасам дароо жоошуп калар элем. Көчөдө балдар менен мушташа кетип, анан бирөөгө үстөмдүк кылып уруп коюп качып, кампага жашынып калчумун. Эркелик менен катар мектепти жакшы бааларга окуп бүтүргөм.

– Келечекке койгон максаттарың менен бөлүшө кетсең?
– Максат-кыялдарым чоң. Элге жакын чыгармаларды жаратсам, чоң программадагы концертимди берсем, чет өлкөлүк чоң-чоң сынактарга катышсам дейм. Башка кесипке кызыкпайм, буюрса, ырчылык кесипти аягына чейин алып кетсем деген тилегим бар.


КЫСКАЧА...

► Сен жактырган тасма? – «Акбаранын көз жашы»
► Сен баалаган ырчы? – Мирбек Атабеков
► Жаныңда дайыма эмне алып жүрөсүң? – Документ, телефон.
► Жоё албай келаткан кемчилигиң? – Ишенчээктигим.
► Криштиану Роналду же Лео Месси? – Криштиану Роналду.
► Чынын айтып жаман көрүнгөн жакшыбы же калп айтып көңүлүн алганбы? – Чынын айтып жаман көрүнгөн жакшы.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Alibay
2018-03-06 09:44:46
Оркунун оссун.Сенде мыкты ун,келбет ,акыл-эс бар.Бир гана алдыга умтул.Ден соолугунду берсин Жаратканым.Баары жакшы болот.Ырларын уккулуктуу.Эл журогунон орун алып келе жатат.Дагы да аракеттене бер...Куйорман аган.
+7
jarkyn_jakta_jasha
2018-03-06 12:22:02
Ийгилик сага ука, алдыга койгон максаттарына жетишине тилектешмин
+5
evidens
2018-03-06 13:08:42
95-чи жылкы экенда .мен чон эле бала окшойт депмин например 90-91-жылкы дееееп ойлогомда.
Ойлого ой максаттарына жет негизгиси.
Сен деген ыры жагат....
+10
Shokoladka94
2018-03-07 00:33:33
Ийгилик
+1
Mednur
2018-03-07 00:39:18
Көзү ооруйт окшойт ээ,такай көз айнек тагынып жүрөт,мен биринчи көрүп,эми чечип эле койбойт бекен ар бир клибинде тагына бербей деп жаман көрдүм эле.
+2
Zaina
2018-03-07 08:26:03
Mednur, кырсык болуп бир козуно атылып бир козу корот. Жалко.
+2
Nevestkaa
2018-03-07 13:09:47
Кайсыл жылдары эле чыккан э жаш ырчы жигитти көзүнө атып кетишти деп.Сага мындан ары ийгилик өмүрүң узун болсун.
+1
cholpon119966
2018-03-09 23:18:48
Чыгармачылык ийгилик каалайм. Унун аябай жагымдуу, уккулуктуу. Ырларынды теледен коруп сага алыста туруп куйорманмын. Мындан ары да жаны ырларды клиптерди кутом, талантынды баалап маани маныздуу ырларды аткарып эл кызматында журо бер. Менин иним менен тен экенсин дагы коп ийгиликтерди багынтышына тилектешмин.
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан