Малика Дина, ырчы: «СҮЙҮҮ КҮНҮН ДОСТОРУМ ЖАНА КАЗАК АКТЁРУ ЕРКЕБУЛАН МЕНЕН ТОСТУМ»

Малика Дина жакында эле казак актёру Еркебуланды клибине тартып, клибинин бет ачарын өткөргөн. «Чыгармачылыкка кызуу киришем, иштейм» деп жаткан ырчы бүгүн SUPER.KG порталынын түз эфиринде конокто болуп, күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди.


– Куш келиптирсиң, Малика, жаз келип, күн жылый баштады, жазга кандай пландар бар?
– Жаз мезгили айымдарга башкача маанай тартуулайт эмеспи. Күн жылып баштаганда кыздар шубаларды чечип, ачылып-чачылып калышат го. Менде жазга карата өтө деле чоң даярдыктар жок. Бирок ушул жылга пландар көп.

– Малика, 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүн Алматы шаарында тосуптурсуң, Инстаграмдан көрдүк, сыр болбосо, ким менен тостуң?
– Эми бул сыр деле эмес. Менин Алматыда досторум көп. Алардын бири казак актёру Еркебулан. Сүйүү күнүн досторум жана Еркебулан менен тостум.

– Кызыңа кандай тарбия берип жатасың, өзүң бала бакчага алып барасыңбы?
– Башында бала бакчага алпарганда көнбөй, көп сыркоолоп жүрдү. Ошондуктан өзү так сүйлөп калгыча бербей эле туралы деп чечтик. Азыр кызыма мага караганда апам күчтүүрөөк тарбия берип жатат. Таенесинин кызы болсо мага чоң сыймык. Кызым таенесине абдан жакын, алар бири-бирисиз тамак ичишпейт. Мен барда кызым «мам, мам» деп турат, таенесин «эненоу» деп чакырат. Мен жокто таенесин «мама» деп, мен жөн эле Малика, Маля болуп калам (күлүп).

– Сени казак актёру Еркебулан менен кыз-жигит деп уктук. Инстаграмда чогуу түшкөн сүрөттөрүңөр жүктөлүп экөөңөрдү түгөйлөр деп жүрүшөт, бул маалымат чынбы?
– Клип тартылып жатканда ал жерде көп сүрөтчүлөр жүргөн. Инстаграмга тарап кеткен сүрөттөрдүн баары клип учурунда тартылган. Азыр Инстаграмды карасам эле бүт Еркебулан менен Малика болуп кетиптир. Жылмайып гана койдум. Башка эмне кыла алам? Биз Еркебулан экөөбүз кыз-жигит эмеспиз, жөн гана доспуз.

– Кызыңдын атасы кызын көргөнү келип турабы, каржы жагынан жардамдашабы?
– Жок, кызымдын атасы аны көргөнү келбейт жана жардамдашпайт. Кызым жездем менен скайп аркылуу сүйлөшүп «папа» деп калат. Бир жагынан карасам, албетте, жүрөгүм сыздайт кызымдын атасын издегенин көрүп. Бирок жашоо ушундай экен. Мен деле атасыз өскөм. Атанын тарбиясы керек, бирок буюрганын көрөбүз да.

– Саламатсызбы, Малика? Кечээ мен сизди кызыңыз менен ооруканада жүргөнүңүздү көрдүм. Кызыңыздын ден соолугу жакшыбы?
– Кудай сактасын, кызым жакшы эле. Ал жакка улуу эжем Меридина кичинекей кызы менен жатып калган болчу. Мен эжемдин калган балдарын, өзүмдүн кызымды ээрчитип эжемди көргөнү барганбыз.

– Малика, БМВ X6 маркасындагы машина айдап жүрөсүң го, аны качан алдың?
– БМВны алганыма бир ай боло элек. Өзүм Мерседес үлгүсүндөгү унааларды жакшы көрөм, ошондой алам деп жүргөм. Бирок азыркы БМВны көргөндө көзүм токтоп калды. "Болду, бүттү, ушул машинаны алам" деп, башкаларын карагым келбей койду. Бул машинаны алыш үчүн бир аз күткөнгө туура келди, анткени мен башка машина алам деп ошого жараша акча алпаргам. Андан соң апам менен барып сатып алып, БМВны айдап келдим.

– Кызыңыз ырчы болом десе каршы болбойсузбу?
– Мен деле учурунда апам "ырчы болбойсуң" деп каршы болгондо «ырдайм» деп көгөрүп жатып ырчы болуп алгам. Чынын айтсам, кызымдын ырчы болушун каалабайм. Анткени өзүм шоу-бизнестин оң-терс жактарын көрүп калдым, андай нерселерди кызыма ыраа көрбөйт элем. Сиздер деле ойлоп көрсөңүздөр, азыр мени бул жактан эле канча талкуулап, сөз кылып жатышат. Ушундай сөздөрдү мен кызыма каалабайм. Кызымдын келечегин кеңсе жумушунан көрөм.

– Динара эже менен чогуу жашабайсыңарбы? Силерди өзүнчө жашайт деп уктум эле.
– Биз кызым экөөбүз башка жашайбыз. Анткени чоңойдук, апамдын да өзүнүн жашоосу бар. Кызым Айгүн 15 күн апамда болсо, 15 күн өзүмдө болот. Анан аралыгыбыз деле алыс эмес, болгону 5-6 көчө. Көпчүлүк учурда кечинде апамдыкына кетип калам.

– Эжеңиз Мээрим Шерматова менен түшкөн сүрөтүңүздү көп көрүп калам. Эже-сиңди мамилеңиздер тууралуу айта кетиңизчи, канча жылдан бери катышып келесиздер?
– Биз көп жылдан бери эле катышабыз. Экөөбүздү көп окшоштурушат. Мээрим эжем өзү косметолог, визажист, кыздарды сулуулайт, кирпик чаптайт. Өзүмдүн эжем болгон үчүн да мени чын жүрөгүнөн сулуулап берет. Мээрим эжеме 3 жылдай кирпик чаптаттырып жүрдүм. Өзүмдүн бир тууган эжем Меридина аябай назик, жумшак, намаз окуган адам. Андыктан көп нерсени ага айтып сырдаша албай калам. Мага мындай учурда Мээрим эжем жардамга келет.

– Дагы турмуш куруп, келечекте татыктуу жубай болууну кыялданасыңбы? Болочоктогу жолдошуң кандай адам болсо дейсиң?
– Албетте, кыялданам. Мени түшүнгөн, үй-бүлөнү багып кете ала турган мырза болсо. Үй-бүлөдө эң башкы нерсе жубайлардын бири-бирин түшүнүүсү экен. Эгер түшүнбөсө, экөө тең идеалдуу болсо да жашоо болбойт тура.

– Сизди түшүнгөн адамды күтүп жүрөсүзбү анан?
– Эми күтүп жүрөм десем болбой калат. Анткени жүрөгүмдүн ээси бар. Ал экөөбүз бири-бирибизди өтө жакшы түшүнөбүз. Турмуш куруу боюнча пландарыбыз бар. Буюрса, ал пландар жакын арада ишке ашып калар.

– Сайкалдын тоюнда бийлеген видеоңду ким таратканын таптыңбы? Ал жакта жалаң эле шоу-бизнес чөйрөсүндөгү адамдар жүрдү эле го?
– Мен териштирген жокмун, бирок өзү эле келип колума түшүп калды. Ал колума түшпөсө да, эл арасында ошол адам кылганы сөз болуп айтылып калды. Аны териштирүүнүн мага кызыгы деле жок.

Ырчы клибинде казак актёру Еркебулан Токтар менен сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышкан.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров

star@super.kg 

 Кыстарылган видео 
Малика Дина: "Кызымдын атасы каржы жагынан жардамдашпайт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Boika1986
2018-03-07 00:01:17
Малика ХХХХХХХХХХХ
+1
LoLoPePe
2018-03-07 00:08:31
Жаландап эле жанынан чыкпай калыптыр го голливудтун актеру мн тартылгансып.
+1
Ne.vajno
2018-03-07 00:35:27
Мен мурда Маликаны копту коргон бир сырдуу кыз кол жеткис деп ойлочум, а азыр болушун ушул экен го деп кейийм. Мурдагы Маликаны коргум келет. Еркебуланды айтпачы болду доспуз дебей эле койсон бир клибине тартылып койсо эле дос болуп калдыбы? Аны суйуп калган окшойсун.
+3
toktogul0322
2018-03-07 00:54:03
Азаматсын мен сени сыйлаймын бактылуу бол.
+1
Aruujanshaxi
2018-03-07 01:18:34
Орус мектепте окуп, орус кыял болсо да дээринде Динара Акулованын тарбиясын алган.Жашоодон жакшы үмүтүн үзбөй,жакшы тилектериң бар экен,максаттарыңа жет! Чыгармачылык ийгилик!Кылыктары жагымдуу да,үнү да жакшы.Ширин кызың аман болсун,бактылуу кыз болсун!
+1
Royal55
2018-03-07 13:43:49
Чынын айтсам азыркы берген маегинде дагы эле токтоно элек эселектин ролунда кордум.Озун карасан улуу аялдарга окшоп боеп алыптыр.Боекту азыраак колдон.Акыры сен бир баланын энесисин.Кайдагы Казакты асмандагы ай кылып журо бербей эсине кел.Ордунду тап.Орундуу суйло.
+3
Ayka1994
2018-03-07 20:26:32
Бир баланын энеси бойдок кызык бул кыргыз тилинде мааниси жок болуп калатко. ХХХХХХХХХХХХХ
0
Oksi_Mira
2018-03-08 10:23:56
Малика ар ким ар нерсени айта берет, конул болбо эч кимге.
Жакшы айтып кенеш берип,кемчиликтерини айтса туура кабыл алып онолгонго аракет кыл. Жаман суйлоп оозуна алы жетпегендерге ыраазы болуп койо бер, эл арасында адам катарында жургордору учун. Ар ким оз акылына жараша ой жугуртот. Элдин баарына жагыш бул мумкун эмес, главное жакын адамына жаксан болду. Озун шайыр баарын ачык суйлогон кыз экенсин бул дагы жакшы сапат. Эмне деймин эми сага ийгилик уй булоно бакыт орубагыла.
-1
murat17
2018-03-08 19:38:12
Малика Дина тигил казактын апасы болуп калыптыр клибинде сен кийинкисинде клибине ошол казак баланын атасы менен клип тарсан ошондо жарашат
+1
mr.ulan89
2018-03-09 01:12:01
Супер инфо Лилия Абдуваитованы чакыргылачы сураныч
+1
admin_media
2018-03-09 16:35:46
mr.ulan89,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
melashka
2018-03-09 17:36:50
1995 -жылкыбы ужас ваше чоон корунот!
0
meili
2018-03-09 17:46:07
Урматтуу админ туз эфирге Ильяс Кудретовду чакыргылачы.
0
Elga
2018-03-10 00:56:23
Саламатсызбы? админ.Динара Жусаева эже жонундо жазгылачы. биз кичинекей кезибизде ырдап калчу эле
+1
belka
2018-03-10 15:16:04
Чын эле улуу муундагы ырчыларды,театр,кино,бий адамдарын чакыргылачы. Интервьюларын окуп чер жазалы.
0
Kirajsjk
2018-03-11 20:44:00
Malika bir sirduu bolup jurchu jeke jawoondu saktap.Birok kazak jigitin jakkan jok.Jaw bala okwoit.Wawpai jakwilap baikap yurmuwka chik.
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан