Кубанычбек Жумалиев, парламент депутаты, экс-премьер-министр: «АТАМДЫН 60 ЖАШЫНДА ТАПКАН БАЛАСЫМЫН»

"Илимий жетекчим Аскар Акаевич болгон. Учурда 23 монографиям, 350дөн ашык илимий макалам бар" дейт экс-премьер-министр, учурдагы парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев. Ал өзүн саясатчы катары эмес, илимпоз катары кабыл аларын айтат...


"5 ЧАКЫРЫМ АЛЫСТЫКТАГЫ МЕКТЕП..."
– Мен Аксы районундагы Кичи-Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кечүү айылында туулгам. Ал жерге 1968-жылы биринчи жолу электр жарыгы барган. 4-класстан кийин 5 чакырым алыстыктагы мектепке барып окуганга мажбур болчубуз. Бирок 4-классты аяктаганымдан кийин улуу агам Анашбек Мырзабеков Оштогу мамлекеттик подагогикалык институтта профессор болуп иштегендиктен мени Ошко алып кеткен. Терешкова атындагы мектеп-интернатында 5-класстан баштап окуп баштагам. 10-классты ошол жерден бүтүрдүм.

"АТАМ БАСМАЧЫЛАР МЕНЕН СОГУШУП ЖҮРҮП КЕЧ ҮЙЛӨНГӨН"
– Атам 1897-жылы төрөлгөн. Атамдын 60 жашындагы баласымын. Апам атамдан 17 жаш кичүү болчу. Экөөнүн 10 баласы болгон. Баарыбызды жогорку окуу жайларга окутту. Атам мен билген учурда колхоздун темир устасы эле. Өтө жөнөкөй адам болгон. 1925-1932-жылдары Арстанаалы деген Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын биринчи башчысы болгон. Анын отрядында 9 жыл басмачыларга каршы согушкан. Атамдын кеч үйлөнгөнүнө да ошол согуш себеп болгон экен. Апам болсо «Кел-кел» романында айтылган Осмонбек болуштун карындаштарынан. Апам балдарынын ар бирине өзүнчө аяр мамиле жасайт эле. Кимибиз ооруп калсак, ошол баласынын жанында болчу. Атам 1986-жылы кандидаттыгымды жактаганымдан кийин каза болду. Илимдеги ийгилигимди көрүп калганына сүйүнөм.
Апам чебер, анан да мыкты тамак жасаган аял эле. Агаларым, эжелерим жогорку окуу жайда окуп жатканда мал-келин, үндүк, тоокторун союп алып, тамак жасап балдарына жөнөп калчу. Мен Ошто окуп жатканда үйгө 6 айда бир келчүмүн. Уй-кой сойгон сайын апам бир жилигин муздаткыч жок болгондуктан унга салып, сүрсүтүп катып койчу экен. Ар бир баласы айылга барганда четинен күнүгө бышырып берчү.


"ИЛИМИЙ ЖЕТЕКЧИМ АСКАР АКАЕВ БОЛГОН"
– Мектеп-интернатында окуп жүргөндө эле физика-математикага катуу кызыгып, келечекте илимпоз болом деп максат кылгам. 1973-жылы Орусиянын Рязань шаарындагы Радио техникалык институтуна тапшырып, инженер-физик кесибине ээ болгом. Республикабызга кайтып келип, Политехникалык институтта кенже илимий кызматкери болуп эмгек жолумду баштагам. Ошол жерде кандидаттыкты да, докторлукту да жактадым. Илимий жетекчим Аскар Акаевич болгон. Учурда 23 монографиям, 350дөн ашык илимий макалам бар. Илимдин 13 кандидатын, 4 докторун даярдап чыгардым.


"ЖУБАЙЫМ ӨТӨ ЭМГЕКЧИЛ АЯЛ"
– Жалпысынан 6 балам бар. 3 уул, 3 кыз. Атам баарыбызды илимге кызыктырып окуткан. Мен да атам сыяктуу балдарымды билим алууга багыттадым. Учурда 2 балам Сингапурда, бирөөсү Москвада, кичинекейим мектепте окуп жатат. Ар бири шыгына жараша багыт алган. Мектептеги кенже баламды медицина тармагына багыттап жатам. Ал эми жубайым болсо Роза Аманова. 1998-жылы баш кошконбуз. Андан 2 балам бар. Ага чейин ар бирибиздин экиден балдарыбыз бар болчу. Роза, биринчиден, Эл артисти, экинчиден, үйдө апа, үчүнчүдөн, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору. Абдан эмгекчил аял. Кыргыздын салттык музыкасынын көйгөйлөрү тууралуу докторлукту жактады. Анын демилгеси менен жыл сайын 25-апрель – Кыргыздын салттуу музыкасынын күнү катары белгиленип келет. Өзүбүздү бактылуу үй-бүлөбүз деп эсептейм.


"КУУГУНТУК АБДАН КАТУУ БОЛГОН"
– 2005-жылы куугунтук абдан катуу болгон. 1992-жылдан 2005-жылга чейин мамлекеттик кызматта иштептирмин. Ошол учурларда эртең мененки саат 7 жарымда ишке келип, түнкү 12-1лерде үйгө кетчүмүн. 2005-жылы бийликтен кеткенимде 7 укук коргоо жана фискалдык органдарынан турган комиссия түзүшкөн. 7 ай бою 1992-2005-жылдары иштеген жерлеримди изилдеп чыгышты. Бирок бир да күнөө таба алышкан жок.


"ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КЕЛҮҮДӨГҮ МАКСАТЫМ..."
– Менин Жогорку Кеңешке келүүдөгү максатым – ушул учурга чейинки жыйнаган тажрыйбамды колдонуп, керектүү мыйзамдарды жазуу.


"КИТЕП ОКУУ ӨЗҮНЧӨ ЫРАХАТ"
– Негизи менин бош убактым деле жок. Жумуштан үйгө келгенде илимий иштерим менен, аспиранттарымдын илимий иштери менен алек болом. Бир гана өзүмө арнаган убактым бар. Ал – күнүгө эртең менен саат 7ден 8 жарымга чейин машыгуу залына баруу. Ошол менен ден соолугумду кармайм. Ал эми китеп окуу мен үчүн өзүнчө ырахат. Атайын отуруп алып окуганга убактым жок. Бирок самолётко отурганда жыргайм. Бир нече саат уча турган сапарларымдан мурун кайсы китепти окууну тактап коём. Акыркы учурларда дүйнөлүк саясат, экономика, идеология тууралуу китептерди көп окуп жатам.


"ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ТУУРАЛУУ..."
– Улуттук илимдер академиясы – мамлекеттин эң жогорку илим изилдөө мекемеси. Академиядагылар колдон келишинче аракет кылып жатышат, бирок эффективдүүлүк аз. Менимче, гуманитардык илимдерге көбүрөөк акча бөлүшүбүз керек. Себеби өзүбүздүн тарыхыбызды, философиябызды жазып бүтө элекпиз. Академияны бузуп, жок кылып коюш оңой. Биз антпешибиз керек. Азыр мекемени жоготуу кадамдары жасалып жатат. Жакында эле Орто Азия ботаникалык багын түзөбүз деп академиянын карамагындагы ботаникалык бакты алып коюшту. Айрымдар өкмөттү колдонуп академиянын жерлерин, имараттарын алып коюуну каалап жатат. Бул жаман максат бир күнү билинет, бирок кеч болуп калат. Казакстанда Улуттук илимдер академиясын жок кылып алып, эми түзө албай жатышат.


"МАКСАТТАР ЖӨНҮНДӨ..."
– Депутат катары 4 долбоорду максат кылып койгом. Биринчиси – айылдын жолдорун оңдоп-түзөө. Чет мамлекеттен грант алып, жолго сарпташ керек. Муну айыл өкмөттүн иши катары калтырып койсок чечилбейт. Экинчиси – азыр миллионго чукул жараныбыз сыртта мигрант болуп иштеп жүрөт. Алардын балдары чоң ата-чоң энелеринде калып кетти. Карыялардын колунда калган балдар көңүл буруунун жоктугунан туура эмес жолдорго барып жатышат. Исхак Раззаков 1950-1960-жылдары мектеп-интернаттарын түзгөн эле. Ошону кайрадан жандантыш керек. Ар бир районго бирден мектеп-интернатын түзүш зарыл. Үчүнчүдөн – Кыргыз Республикасынын жеке спутнигин республикабызга таандык геостационардык точкага учурууну ниет кылгам. Жалпысынан 150-200 миллион доллардай акча керек болот экен. Бул максат ишке ашса улуттук информациялык коопсуздукту сактап калабыз. Андан сырткары радио, телеберүүлөрүбүз жогорку деңгээлге чыкмак. Мындан башка да пайдалары көп. Төртүнчүсү – республикабыздын экономикасын өнүктүрүүчү инновациялык, жаңы технологияларды колдонгон өндүрүштөрдү курушубуз керек. Айрыкча тоо-кен байлыктарын өздөштүрүүдө прогрессивдүү технологияны колдонгон завод, фабрикаларды куруу өкмөттүн, бизнесмендердин ишкерлигинин негизги багыты болуш керек.


"2017-жыл, Москва. Апам сыяктуу биз да балабыздын окуусу менен таанышууга барган кез".


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кубанычбек Жумалиев, ЖКнын депутаты: "Жубайым Роза Аманова өтө эмгекчил аял"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан