Кыргызстанда алгачкы жолу эң көп салмактагы беш бармак жасоо боюнча дүйнөлүк рекорд коюу үчүн «расмий аракет» өткөрүлмөкчү. Бишкек шаарында 11-мартта «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда чоң иш-чара болуп өтөт. Эл сүйгөн, салмагы 1 тоннаны түзгөн беш бармакты маңызын чыгарып жасоо үчүн 50дөн ашуун ашпозчу кызмат кылып, 5-6 жылкынын эти жана 500 килограмм камыр керектелет.
Эң башкы демөөрчү жана уюштуруучу болуп ири, ар тармактуу «Аю Холдинг» компаниясы жана «Кыргыз тилектештиги» коомдук уюму болуп саналат.
Ойдогудай кыргыз беш бармагын жасоо үчүн ТМ «Алия» жана «КазГрейн» 15 кап ун менен камсыз кылып, камырды бышыруу технологиясына ашпозчуларын катыштырат.
Ал эми аралаштыруу аземи үчүн «Аю Курулуш» компаниясынын усталары беш бармак баткыдай өлчөмдөгү табагын жасоо жоопкерчилигин өз моюнуна алышкан. Аны даярдоо үчүн атайын дат баспаган материал жана коопсуз азык-түлүк өндүрүшкө жараган табак жасайт. «Аю Гарант» камсыздандыруу компаниясы кандай гана кырдаал болбосун камсыздандырууга жоопкерчиликти алды. Ал эми «Артезиан» компаниясы улуттук суусундуктар менен коноктойт.
Тамакты даярдоодо адистер тарабынан коопсуздук чаралары көрүлөт. Беш бармактан сырткары уюштуруучулар 100 метр узундукта кыргыздын деликатеси аталган сыйлуу чучугун дагы жасашат. Белгилей кетсек, беш бармак 2015-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" Казакстан тарабынан кирген.
Анда Астананын көз карандысыз күнүндө ошол мезгилдеги дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү беш бармак жасалган. Тамактын көлөмү 736,5 килограммды түзгөн. Кыргызстандыктар бул рекордду артта калтырып, 1 тонна беш бармак даярдаганы камданышууда.