(Башталышы өткөн сандарда)
Эмре өз дартын айтып жатты. Колдорун күлкүлүү жаңсагылап койду. Кичинекей эле султан! Жамиляга куду Керем алдында отуруп сүйлөп жаткандай сезилип кетти. Мурун байкабаган экен, балким, байкагысы келбегендир. Баласынын үрөйүнөн анын жүзүн көрдү да, күлүп жиберди.
– Эмне күлөсүң?
– Так атаңа окшоп сүйлөдүң, ошого күлдүм.
– Менин атам сүйлөй алчу эмес го?..
Жамиля эмне дээрин билбей терс бурулду. Ичинен чече турган маселелерин ойлоду. Нуриляны дарылата башташы керек. Алгач эле Эмреге тил үйрөтө турган курс издештирип жазыла турган болду. Өзү да жумуш караштырыш керек. Аңгыча Алибек чалды.
– Салам,- деди ал шаңдуу.
– Салам.
– Мен бүгүн сага конок алып барам, күтүп ал.
– Ким?
– Барганда көрөсүң. Жарым сааттан кийин болобуз.
Жамиля телефонун койду. Эшиктин коңгуроосу басылды. Алибек Данияр байкесин ала келген экен. Жамиля социалдык тармактагы сүрөттөрүнөн улам дароо тааныды. Данияр Жамиляны көргөн эмес болчу. Тиктеп туруп калды. Мынчалык сулуу деп элестеткен эмес эле. Кыргызстандагы моделин, актрисасын, сулуулук сынактарында көрүп жүргөн кыздардын баарын артка таштай тургандай. Чүрөктөй сулуу кызды тиктеп туруп калып оңтойсуздана кетти.
– Кандайсың, жакшы турасыңарбы?- деп карегин араң алып кетти. Насили эркек эмеспи, чындап суктанды.
– Саламатсызбы?- деди Жамиля жылмая. Жүзүндө эч бир боёгу жок, жаш баланыкындай таптаза, нурлуу жүзү бар экен.
– Карасаңыз, Стамбулда жүрүп бою да меникинен өсүп кетиптир. Мурун менден бою кичине эле,-деди Алибек күлүмсүрөп. Данияр Алибектин кызды унута албай жүргөн абалын эми түшүндү. Муну бир көргөндөн кийин унутуш кыйын го? Чай ичип отурушту. Бир аздан кийин ички бөлмөдөн Нуриля чыкты.
– Менин сиңдим...- деп тааныштырды Жамиля.
– Бул чүрөктөрдүн айланасында башыңды жоготпой кантип жүрөсүң, Али?- деди Данияр тамашалай. Эже-сиңди экөө бири-бирине окшош болчу. Болгону Нурилянын сулуулугу муздак эле.
– Силердин сүйүү тарыхыңарды угуп жеңеңер да Жамиля менен таанышкысы келип жүрөт. Ыңгайлуу бир учурда тааныштырып, катышып жүрөлү,- деди Данияр. Чындап эле аялы да жакшы адам экен, аралашып катышып калышты. Аздап жаңы жашоого көнүп бара жатышты. Нуриля кежирленип жатып дарыланганга макул болду. Эмре балдарга кошулуп ойноп, Жамиля түркчө билгендиктен бир түрк фирмасынан жумуш таап иштей баштады. Бардыгы өз ордуна келе баштаган эле. Бирок...
– Ата, Нуриляга кан беришибиз керек экен. Операция алдында канды да даярдап койбосок болбойт. Сиз, мен барып кан берели,- деди Жамиля. Мураттын эмнегедир кабагы бүркөлө түштү.
– Мен бербей эле коёюнчу, кызым.
– Эмнеге?
– Ден соолугум жакшы эмес, менин канымдын пайдасы болоруна күмөнүм бар.
– Ата?..
– Кыйнабагылачы, кыздарым, мени...- деп ордунан туруп кетти Мурат. Арзуу аркасынан ээрчий чыкты.
– Мен мурун эле кыздар менен сүйлөшөлү дегем.
– Болуптур, операция өтүп кетсин, анан сүйлөшөбүз,- деп күңкүлдөп калышканы угулуп турду. Нуриля ичи бышып кетти. Мүнөзү ушундай тарс-турс эмеспи. Экөөнү тең алып келип маңдайына койду.
– Силер бизден дагы эмнени жашырып жүрөсүңөр?
– Кызым, кийин сүйлөшөлү.
– Жок, ата, азыр сүйлөшөбүз. Мен көп жолу байкадым. Мени тиктеп апам экөөң тең бир нерсени айта албай жүрөсүңөр. Ачык айткыла. Болбосо операцияга барбайм.
Нурилянын көктүгү бар. Анын үстүнө ооругандан улам да мүнөзү такыр өзгөрүлүп кетти. Акыры ата-энеси айтууга туура келди.
– Кызым, сен менин кызымсың. Уктуңбу, ким эмне десе ошол десин, бирок мен өстүрдүм сени. Жыгылганда ата деп мага ыйладың. Азыр айта турган нерсе экөөбүздүн ортобуздагы эч нерсени өзгөртпөйт. Сен менин кызым боюнча каласың.
– Уф, ата, ансыз деле сенин кызыңмын. Ток этер жерин айтчы?
– Ток этер жери... Ошол нерсени айтуу жеңил болсо кана?! Мен чындыгында сенин атаң эмесмин...
– Мурат...
– Ата...
– Эмне-е?
– Сенин атаң мен эмесмин, кызым. Арзуу сени башкадан төрөгөн. Менин ичимдеги бороон да дал ошол менин кызым эмес экениңден пайда болгон.
Эки кыздын бакырайган көздөрү апасына кадалды. Жек көргөн, нес болгон, иренжиген, ишенбеген көздөр. Арзуу кайда барып качарын билбей далбастай түштү.
– Чынбы?- деди Нуриля маңдайына барып. Арзуу көзүн ала качты.
– Сен менин энем эмессиң. Ушул мүнөттөн баштап мен сенин кызың эмесмин!
Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Селдейген үчөө бөлмөдө кала берди. Бирине-бири көзүн көтөрүп тиктей алышпады. Мурат сыртка чыгып кетти. Арзуу жерди тиктеген боюнча катты да, калды.
– Апа, сен эмне кылдың? Сен бизге эмне кылдың? Мени 17 жашымда Түркияга жибердиң. Эмнелер гана башымдан өткөн жок. Макул, мени сүйбөдүң дейли, сүйүктүү кызыңды да коргой албадың, апа. Нурилянын мүнөзүн билип туруп колуңдан кантип чыгардың? Ал жеңил экенин, жаман жолго түшүп кетерин билгенсиң. Боюнан алдырып өзүңө душман кылдың. Эми оор дарт менен алышып жатканда кылганың бул. Мен сенден кийин бул кызды эмне кылам? Кантип бутуна тургузам? Жүрөгүн кантип дарылап, ишенимине кантип ээ болом? Апа, сен эмнеге апа боло албадың бизге? Сен бизди кайра-кайра отко ыргыттың. Сен атамдын тагдырын талкаладың.
– Кызым, мен анда жаш элем, акылсыз элем, сулуу элем. Аны менен жакындашканга Мурат өзү себеп болду. Үйгө алып келди да, койду. Тооруп жүрүп мени торуна түшүрүп алды. Мени кыйналбады дейсиңби? Өмүр бою ушул жүктү көтөрүп жүрүү мен үчүн оңой болду дейсиңби?
Жамиля апасын тиктеп турду. Ал тургай ушул абалында да жек көрө албады. Тек боору ооруду. Уулун ээрчитип сыртка чыгып кетти.
ххх
ххх
ххх
(Уландысы кийинки санда)