КАЙЫН ЖУРТУНА БАРГАН КҮЙӨӨ БАЛА 6 АДАМДЫ БЫЧАКТАДЫ

Өткөн жумада Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында кандуу кылмыш катталды. Анда мурунку кайын журтуна мас абалында барган 34 жаштагы жигит 25 жаштагы мурдагы аялын жана дагы 5 адамды бычактап салган. Бычакталгандардын бири каза таап, калгандары ооруканада дарыланышууда.

«КҮЙӨӨ БАЛАСЫ КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ»
Бул кандуу кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматкери Самара Кыдырова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2018-жылдын 21-февраль күнү саат 23:30 чамасында Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынын тургуну Базар-Коргон РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, аталган айылдагы үйлөрдүн биринде кылмыш болгондугу тууралуу билдирген. Бул маалымат текшерилип, натыйжада ошол эле айылдын 6 тургуну бычакталганы аныкталган. Алардын бири ооруканага жеткирилген соң өзүнө келбей каза болгон. Дагы 5 жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кылмыш болгондон бир нече сааттан кийин милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылынын тургуну, 1984-жылы туулган Максат Б. аттуу жаран ошол эле айылда жашынып жүргөн жеринен кармалды. Анын үстүнөн Базар-Коргон РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, сот тарабынан ал 2 айга камакка алынган. Ал жабырлануучулардын биринин мурунку жарандык никедеги күйөөсү болуп чыкты. Кылмышка шектүү буга чейин уурулук кылмыштары үчүн бир нече ирет соттолгону аныкталды. Ошондой эле акыркы кылмышы үчүн 2017-жылдын декабрь айында сот тарабынан ага шарттуу түрдө жаза каралган экен.

«ЖАРДАМГА КЕЛГЕН КОШУНАЛАРЫН ДА БЫЧАКТАГАН»
– Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр белгилүү болду. Кылмышка шектүү Максат менен жабырлануучу Гүлбарчын 2015-жылдан бери таарынышып эки башка жашап жүрүшкөн. Ортосунда кызы бар, ал кызы ошол күнү үйдө болгон эмес. Кылмышка шектүү ошол күнү саат 23:30 чамасында мурунку аялынын үйүнө мас абалында кирип барып, өзү менен кошо ала барган бычак менен кайнатасы Баянбектин желкесине 2 жолу сайып жиберген. Ошол учурда уктап жаткан кайненеси Ууржан, аялы Гүлбарчын тура калып арачага түшүшкөн. Күчү жетпесин сезген Ууржан жардам суроо үчүн көчөгө чуркап жөнөгөндө кылмышка шектүү анын артынан кубалап жөнөгөн. Андан пайдаланган Баянбек короосу аркылуу башка көчөгө чуркап чыгып кошуналарын жардамга чакырып, телефон аркылуу милицияга да кабарлаган. Кылмышка шектүү кайненесин жана ага жардамга келген кошуналары Кадырбек менен Курманбектин бир нече жерлерине бычак сайып салган. Андан соң ал кайрадан үйгө кирип мурунку аялы менен анын 6 жаштагы уулуна бир нече жолу бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө бир бөтөлкө арак сатып алып, аны кайнатасынын короосуна келип ичип түгөткөнүн айтты. Ошол убакта ал аялына телефон чалганда ал күйөөсүн катуу урушуп койгон. Анын сөздөрүнө териккен кылмышка шектүү "үйгө кирип баарын бычактап баштадым" дейт.

«6 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ АПАСЫ КОҢШУСУНУН ҮЙҮНӨ КАТЫП КОЮПТУР»
Кылмыш болгон убакта жардамга келгендердин дагы бири Закир Юсупжанов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Көчөдө турсам балдар жардамга чакырып калышты. Биз барган учурда Максат кайын журтун бычактап, качып кеткен экен. Жабыркагандарды ооруканага жөнөттүк. Ошондон кийин гана «бул да жамбашына бычак жептир» деп 6 жаштагы баланы алып келишти. Көрсө, анын жаракат алганын билбей эле апасы коңшусунун үйүнө алып барып катып койгон экен. Баланы алып кирип койгон үйдүн ээси анын жамбашынан кан агып жатканын байкап алып чыгыптыр. Аны башка машина менен ооруканага жөнөттүк. Милиция кызматкерлери келгенден кийин гана эл үйгө кирип башташты. Ошол убакта бычакталгандардын бири ооруканада каза болгону тууралуу маалымат келип, мен ошол жакка кеттим.
Бычактаган Максатты жакшы деле тааныбайм. Келип-кетип жүргөнүн көрүп калчумун. Акыркы убактарда көрүнбөй деле калган болчу, көрсө, ал убакта абакта отурган экен.

ЖАРАКАТ АЛГАНДАР:

Баянбек Ч. 1960-жылы туулган (кылмышка шектүүнүн кайнатасы)
Ууржан М. 1971-жылы туулган (кылмышка шектүүнүн кайненеси)
Гүлбарчын Ж. 1993-жылы туулган (кылмышка шектүүнүн аялы)
Максатбек М. 2012-жылы туулган (жабырлануучу Гүлбарчындын биринчи никесинен уулу)
Курманбек К. 1978-жылы туулган (арачы түшкөн кошунасы)
Ал эми 1983-жылы туулган Кадырбек Бешкемпиров алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ady-88
2018-03-06 10:08:51
Атын очкур арак чыгарган заводорду жаптырып эле салыш керек
+19
belka
2018-03-06 16:57:09
Арактан күчтүүсүнө өтүшөт да.
+4
jemile
2018-03-06 14:12:12
Ортого түшкөн кошунасына жаман болуптур...жаткан жери жайлуу болсун
+22
toktogul0322
2018-03-06 23:50:03
Арактын айынан канча адам жабыркап журот.
+5
Targarien
2018-03-08 14:18:21
Жашабагыр десе аракка шылтаган менен бул айбан билип туруп жасаган муну турмодо чиритиш керек
+7
pikooo93
2018-03-08 15:13:22
Кудай озу сактасын
Айыгып кетишсин
+2
Barclays_CR7
2018-03-09 09:37:02
Мен ушул Кызыл Ай айылынан болом абдан жаман иш болду.
+3
Asylai88
2018-03-09 17:57:09
Эки доо кагышса ортодо бей ажал чымын олот деген ушул экен да е тообо. Ар ким оз уй-булоосу менен бактылуу болсун.
+3
DAVLES
2018-03-09 19:25:37
ушундай адамдардын башында не болот билбейм. деги ойлонушабы ушулар!
0
nurhan2702
2018-03-09 19:25:37
Арак ичпей уу ичкир зоокур, эки дуйнодо жазасын алсын. Каза болгондун жакындарына конул айтам
0
toma4ko
2018-03-10 19:02:50
Ошончо адамдын алы жетпеди бекен..
Эки уч адам баса калыш кк болчу,бирдеен барса конечно эптеп коет бычаа менен
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан