СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Аялыңчы?
– Гүлнар... Гүкү жаш баладай ойноок, эрке, шайыр жан болчу. Ал мага мээрим эмес, кумар, эргүү, сүйүү тартуулачу. Күнү кечке күлкүдөн, ырдагандан, шоктонгондон тажачу эмес. Мен анын алдында өзүмдү аябай күчтүү сезчүмүн. Эркектер алсыз адамдын алдында өзүн күчтүү сезгенди жакшы көрүшөт эмеспи... А мен...Сен күчтүүсүң, Айша.
Иман менен Айша ушул калыбында көпкө отурушту. Айтылбаган сырлар өтө көп эле. Жыйырма жылдан бери жыйылган сырларын, аткарылбай калган тилектерин, жаштыгын эстеп жатышты. Билинбегени менен экөөнүн тең тоң жүрөгү жылып, бири-бирине тартылып жатты. Иман Айшанын жылуу алакандары чачын гана сылабастан, жүрөгүнүн сыйрылган картын дарылап жатканын сезди.
Караңгы жолдо кайдыгер басып келаткан бир караан көрүндү. Эки жагында өтүп жаткан машиналарга да көңүл бурбайт. Апасы менен катуу урушканы эч эсинде жок. Майда-барат таарынычтар болгону менен, минтип көңүлү ооруганы эсинде жок. Өзүнүн жүрөгүнө терең так калтырган нерсеге апасы жеңил карап койгонуна жаны кашайды. “Баарын унутуп койдуң ээ, апа? Баарын унутуп... А мен унута албайм...” деп жатты өзүнчө туталанып. Ушул учурда жанына жакын сырдаш адам менен баарлашкысы келди. Ким менен? Шамил агайына барганга кеч болуп калды. Айнурага барайын деди эле, көңүлү чаппады. Оюнда адатынча тамашага салып кутулат деп ойлоду. Ушул учурда гана Айнура өзүнө таптакыр кызыксыз адам экенин туйду. Анын шайырдыгы, күлкүгө тойбой турган жеңил мүнөзү гана өзүнө тартып келгенин, жан дүйнөсү ал адамга байланбаганын туйду. Туйду да, ого бетер көңүлү кайта түштү. Өзүн бул жарык дүйнөдө жалгыз калгандай сезди. Анан маңдайында турган кафеге кирип отурду.
– Саламатсызбы, заказ бересизби?
– Да-а, мага бир стакан арак алып келиңизчи.
– Дагы?
– Азырынча болот.
Арак ичип баарын унуткусу келгендиктен бул жерге кирген болчу. Бирок өмүрүндө ичип көрбөгөн жаны ыңгайсыздана түштү. Максатсыз алды жагын тиктеп отура берди. Канча отурганын ким билет, бир маалда кубулжуган үнгө аргасыз көңүлү бурулду. Мукам аваз! Эч жерден, эч кимден мындай үн уккан эмес.
“Жолуктук неге?
Жолдору тикен чыйырда...
Алыска жаным, сен кеттиң менден алыска...” деп кыздын мукам авазы жаңырып жатты. Көздөрү жумула бул сыйкыр үнгө арбалды. “Ким бул?” деди. “Ким билет?” деп кайра өзүнө-өзү жооп берди. Ошондо гана күңүртүрөөк бурчта ырдап жаткан кыздын караанын көзү чалды. Жука көйнөкчөн кыздын турпаты арык, бою да кичирээк көрүндү. “Жакшы ырдайт экен” деп койду өзүнчө көңүлү толбой калгандай. Тигил кыз ырдап бүткөнчө эле эл ороп калды. Айрымдары гүл бергенге да үлгүрө калып жатышты. Бул жерде көпкө отурду да, бир кезде акчасын төлөп ордунан турду.
Эшикке чыкса, бир жигит менен кыз бир нерсени талашып-тартышып жатышкан экен. Чыканактан кармап сүйрөп жөнөөрдө гана кыз кыйкырып жиберди.
– Коё бер дедим го!
– Жок, сен түшүнсөң!
Олбурлуу жигит болбой эле колдон кармап сүйрөп жөнөдү.
– Жигит, коё бер деп жатат го...
Рустамдын салмактуу үнү чыкканда, тигил экөө тең жалт карай беришти.
– Ишиң болбосун!
– Кызды коё бер!- деди Рустам ызырына. Азыр бардык күчүн, ызасын ушул жигиттен чыгарчудай жаалданып кетти. Рустамдын көзүндөгү каарды көргөн тигил аргасыз артка чегине берди.
– Жинди неме го...
Колун булкуп бошоткон кыз Рустамдын жанына жетип келди.
– Рахмат, байке,- деди дирилдеген үн менен. Кыздын ак жуумал жүзү, бакырая караган ишенчээк каректери эмнегедир Рустамдын жүрөгүнө тааныш сезилди. Экөө ээрчише ары басышты.
– Тааныш жигитпи?
– Өтө жакындан тааныш эмеспиз. Курбумдун үйүнөн таанышканбыз. Ошондон бери күн сайын мен ырдап бүткөндөн кийин келип, ушинтип кыйнай берет. Биринчи жакшы эле түшүндүргөм. Кийин жиним келе баштады. Бүгүн таптакыр эле зордоп машинасына салып кетчүдөй болуп жатканда сиз келип калдыңыз.
Рустам ошондо гана жанагы кереметтүү үндүн ээси ушул кыз экенин билди. “Кызык, бир жерден көргөндөй болуп жатам. Балким, биздин окуу жайда окугандыр... ” деп ойлоно калды.
Кыздын үнү өтө эле назик экен.
– Үйүң кайсы жакта?
– Жакын эле.
– Жеткирип коёюн.
Кыз мейли дегендей үн каткан жок. Рустамдын кадамы менен тең баса албай жатты. Жигиттин сулуу жүзүнө уурдана карап алды. Ушул учурда Рустам да аны тигиле тиктеп, көздөрү чагылыша калганда экөө тең күлүп жиберишти. Рустам көптөн бери минтип чын дилинен күлө элек болчу.
– Боюңуз аябай узун экен. Сизге жете албай же ашыкпай басыңызчы деп айта албай келаткам.
– Тез басканга көнүп калсам керек.
Экөө эзелки тааныштардай сүйлө­шүп баратышты. Ушул кезден баштап анын жашоосу да түп тамырынан бери өзгөрүлөрүн бул учурда Рустам билген жок.

ххх

Тагдыр табышмактуу нерсе. Айрыкча чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү, жашоосу бир калыпта болбойт тура. Гүлнар каза болгондон кийин Имандын жашоого болгон эч кандай кызыкчылыгы калбай калган эле. Анын элеси менен күнү-түнү сүйлөшүп, тирүү арбакка айланып бара жаткан учурда кайрадан үмүтү жанды. Бул үмүттү кайрадан аялзаты ойготту. Күн алыс болсо да Айшага телефон чалып, аны менен баарлашууну адатка айлантып алган эле. Бүгүн да кезигүүгө макулдашкан. Эл көп келбеген чакан кафеге баш баккан Айшаны көрүп, ордунан тура калды.
– Кандайсың?
– Эмнеге чакырдың? Рустам дем алыш күндөрү үйдө болорун билесиң. Ал телефонду алып калабы деп корктум,- деди чындап эле кабатырланган Айша.
Имандын жаркып турган жүзү түнөрүп кетти.
– Ал бала дагы деле мени карышкырдай көрүп жатабы?
– Сен эле эмес, мени менен да көп сүйлөшпөй сыртын салып калды. Иман, өзүң айткандай, чын эле биздин жашообузга тиешеси жок адам окшойсуң. Уулуң экөөңөрдүн ортоңордо жанчылып бүтмөй болдум. Анын мурун таптакыр андай мүнөзү жок эле. Азыр мага куду чоочун адамдай мамиле жасап калды. Ошондуктан сенден өтүнөрүм, суранарым, эми биздин жашообузга киришпей эле койчу?..
Имандын жүзү купкуу болуп кетти. Жападан жалгыз үмүтүнөн айрылып кала тургандай калтыраган колдору менен Айшаны кучактап жиберди.
– Жок, мен сенден айрыла албайм! Айша, сен мени сактап калышың керек! Мен эми сенсиз жашай албайм! Аялсыз, анын камкордугусуз жашай албайм!
Айша аргасыз муңайым жылмайып алды. Жылдар өткөнү менен, Иман таптакыр өзгөрүлбөгөнүн байкады. Жаш кезде махабаттын даамын татып жүргөн учурда да ушунтип жалындап кетчү. Аркасын ойлоп сабырдуулук менен иш кыла алчу эмес. Бирок дал ушул жалындаган артка кайтпаган эрки менен багындырып алганы да чындык.
– Эх, Иман, сени кандай гана күттүм! Башка аялдын күйөөсү болгонуңду уксам да жүрөгүм сага тартыла берчү. Акыры мага кайрылып келчүдөй сезиле берчүсүң. Мына, эми тагдыр кайра мага сени кайтарып берди. Мага эле оңой дейсиңби?
– Мен Рустам менен сүйлөшүп көрөйүнчү. Кантип эле өз балабыз бактыбызга каршы чыксын.
Айша эрдин тиштеп ойлоно калды да, аста башын чайкады.
– Жок, сени көрөйүн деген көзү жок. Жакшысы күтө турушубуз керек.
– Канчага? Бир жылбы? Бир айбы? Менин эми күткөнгө убактым ченелүү. Жалгыздыктан жаным жабыркачу болду, Айша!
Иман айласы кете Айшага тигиле берди. Чын эле бул абалдан кантип чыгуунун жолун ойлоп турду.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AazamatBBB
2010-06-07 16:08:42
ырдаган кыз жонундо кобуроок жазгылачы )!
0
cool Nka
2010-06-10 13:43:01
наверно экоо бири бирин жакшы коруп калышат болуш керек. анан у него будет такая же ситуация как папасыныкындай
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА