ДАНИЯР ЭРМАТОВ ЖЫЛДЫЗДЫН ЖЫЛДЫЗЫБЫ?

Ырчылар Данияр Эрматов менен Эдил Маматов жакында Орусияда концерт берет. Концерт алдында ырчылар даярдаткан жарнамалык роликте Данияр Эрматовду «жылдыздын жылдызы» деп аташкан. Бул боюнча ырчылар Темир Назаров, Өктөм Сапар уулу, аранжировкачы Мирлан Ниязов «жылдыз» деген сөзгө татыктуу болуу керек, бул сөз керек болсо дүйнөгө белгилүү ырчыларга айтылса да аша чаап мактагандык болуп калат деген тариздеги пикирлерин билдиришти. Ырчыга байланышып, кандайча мындай жагдай орун алып калганын сураганыбызда: "2013-жылы даярдалган жарнамалык роликте "жылдыздын жылдызы" деген сөз ошондогу продюсерим Канат Кадыржандын идеясы менен колдонулган. Ошол сөз жакындагы дагы бир жарнамалык роликке колдонулганы үчүн шоу-бизнес чөйрөсүндөгү кээ бир агаларым мени социалдык тармактардын биринен сынга алышты. 5 жылдан бери айтылып, колдонулуп келген бул сөзгө эл тарабынан эч кандай реакция болбой, анан бүгүн эле жанымда жүргөн жакын көргөн агаларым сындап жатышканына капа болдум. «Жылдыздын жылдызы» дегенди мыкты же эң кыйын деп түшүнүү туура эмес, бул жөн гана жарнамалык роликте күчөтмө сөз катары колдонулду да. Түз көз караштагы адам үчүн, жарнаманын кызыкчылыгы үчүн мындай сөздөрдү колдонуу кадимки эле көрүнүш. Ырчылардын көпчүлүгү мен тарапта болуп, сөз эркиндиги орногон өлкөдө жашап жатканыбызды да айтышты. Талкуу ырбап кеткенден кийин «жылдыздын жылдызы» деген сөзгө макул болбой жаткан агаларым менден кечирим сурашты. Мен да кичүү башым менен алар менен айтышканым үчүн кечирим сурадым",- деген жообун узатты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Eli.91
2018-03-06 11:30:35
Менда 2 колдоп колдойм,жылдыздын жылдызы да сын эле,мактанатурган эчнерсе коро албадым бул жерден?
-2
zinagull1996
2018-03-06 15:21:00
Жылдыздын жылдызы десе туура эле. Данияр красавчик. Алга. Сен ал миркафону ыргып кеткен темирге тенелбе.
-8
mela
2018-03-06 20:41:11
zinagull1996,Темирдей Популярдуу болсо, кууратмак экен
+5
Bakytbekova777
2018-03-06 15:56:08
Жылдыздын жылдызы эле ) Бир нерсе болсо коро албай баштайт экенсинерда
-4
Nazaraliva9595
2018-03-06 18:38:35
Күчөмө мааниде кыпкызыл дейбиз го, кызылдын кызылы эмес.
+7
arimle00
2018-03-07 09:27:22
Nazaraliva9595,чын эле жылдыздын
жылдызы дебей эле жыпжылдыз десе
эч ким алям кылмак эмес и жарнама
учун да сонун болмок)))
+4
aiturgasha
2018-03-06 20:29:49
Данияр жылдыздын жылдызы деп аталса эле , ага бироо сыйлык берип кое тургансып неге талкуу кыласынар? Жарнамалык роликте калагандай мактап жазат да.
+5
Ashka.
2018-03-06 21:18:02
Жылдыздын жылдыз Мирбек Атабеков ХХХХХХХХХХХ)))))))
0
Ne.vajno
2018-03-07 00:40:09
Ashka., туура айтасын, бирок жедирип койгонун вообще
-2
Ne.vajno
2018-03-07 00:41:34
Данияр красавчик жонокойлугу жагат. Жылдыздын жылдызы деп бир аз ашырып коюптур.
-1
AIZAD
2018-03-07 00:48:48
Ne.vajno,жонокойлугу ушу болсо?...
+6
Xperiaedil
2018-03-07 09:47:28
Кыргызстанда номер бир болбосо дагы мен учун жылдыздын жылдызы эле
-5
al79mi
2018-03-07 12:19:49
Не бир залкарлар,таланттар жылдызбыз дебей эле озун асман айга тенебей эле карапайым журушот. Негизи эл менен болгон жакшы го. Асманды которуп тургансыбай. Маани манызсыз 2-3 ыр ырдай коюшуп эле жылдызбыз деп кокурокту каккылап чыгышат экен.Озун мактагандан олоорчо кач дечу беле.
+5
nazgul90
2018-03-07 13:23:03
Данияр Эрматов ото жонокой адамгерчиликтуу бала. Ырчылар арасын да мындай адам жокко эсе. А жылдызга келсек мен да озум учун озум жылдызмын.
-4
s.sweet
2018-03-07 23:39:27
Азаматсын ийгилик уком
-4
Dilzat1631
2018-03-08 00:39:02
Jyldyzdyn jyldyzy deep Bek Borbiev, Syimyk Beishekeev, Guljigit Satybekov, Mirbek Atabekov ushul agalarybyzdy aita alam.Daniar Ermatov agabyzga kelsek emi jyldyzdyn jyldyzy bolush uchun sizdin chygarmalarynyzdy karysy dagy jashy dagy suiup ugup koldosh kerek . Albette, bul menin jeke oium.
+4
AKCAHAT
2018-03-08 11:55:23
Дайырдын иниси да мне болсо дагы Мирбек Атабеков Бек Борбиев ушулар жылдыздын жылдызы. Дани Ким))))) ХХХХХХХХ
+5
bond02
2018-03-09 14:47:40
озунон башкага жылдыз эмес да.
+3
Aruunura
2018-03-21 23:31:49
Жылдыздын жылдызы деп койсо не болбойбу кээ бирине жылдыз кээ бирине башка жакпайбы негатив комент жазбагыла корбой чыгып кеткиле адамдын 99жамандыгы 1жакшылыгы болсо ошол бир жакшылыкты коруу керек аны эрки жеткен озун сыйлаган адам гана коро алат жазаардан мурда озуноду ордуна коюп жазсанар болмок жазат десе эле жаза бербей тоа
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан