Алдымда 28 жаштагы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти турду. Жаш жигит. Кыялы, мүнөзү да элдикине окшобойт. 1 айда 15 миң доллар таап коё турган мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок аны маянасы 5 миң сомдук азыркы ишине алмашпасын айтты. Албетте, маек кызыктуу өттү. Анткени мындай адамды күндө эле кезиктире бербейсиң. Алдыңыздарда балет бийчиси – Марат Сыдыков.
Туулган жылы – 1990, 14 -июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Сыйлыктары – Москвада Чоң театрда өткөн балет артисттеринин эл аралык сынагында 3-орунду алган. Сеул эл аралык сынагында 2-орунду алган. Сочи шаарында өткөн «Дүйнөнүн жаш балети» сынагында күмүш медаль алган. 7ден ашык эл аралык сынактын жеңүүчүсү.
– Марат, ишиңиздин көптүгүнөн жолуга албай жаттык. Бийчи болуу ушунчалык эмгекти талап кылабы?
– Кечирим сурайм, бир аз тумоолоп жаттым (күлүп). Балет чындыгында көп убактыңды, курмандыктарды, эмгекти, сүйүүнү талап кылган кесип.
– Сиздердин үй-бүлө мага аябай кызыктуу болду. Атаңыз, агаңыз бул кесиптин ээлери эмеспи.
– Атам Кубанычбек Сыдыков 30 жылдык жашоосун балетке арнаган адам, Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Агам болсо Максат Сыдыков, режиссёр, балет бийчиси, хореограф. «Балетке качан келгенсиң?» деп менден көп сурашат. «Мен балетке келген эмесмин, балетте төрөлгөм» деп айтам. 7 жашымдан гимнастикага бардым. Ата-энем 10 жашымдан баштап Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищесине беришти. Агам Максат мага караганда кичинесинен балетке баш оту менен фанаттык түрдө берилди. Швейцарияда өтө турган «Prix de Lausanne» – эл аралык эң беделдүү сынак. Агам 15 жашында бул сынактан өтүп кетти. Бул сынактан өттү дегендик балет дүйнөсүндө «сен учтуң, кеттиң» деген кеп. Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты балет мектептерине жолдомо аласың. Ошентип ал Лондондо Англиянын падышалык балет мектебинде окуп калды. – Агаңыз экөөңүз тең бул кесипти тандапсыздар. Башка кесипти тандоо мүмкүнчүлүгү бар беле?
– Башында футболго кызыгып, бокс менен машыгып жүрдүм. Менде тандоо мүмкүнчүлүгү агама караганда бар болчу. Бирок тагдыр өзү жетелеп кетти. 15 жашымда ЮНЕСКО каржылап мени Лондонго окууга жибере турган болуп калышты. Ал мектеп жылына 25 миң доллар төлөп окуй турган мектеп эле. Менин алдымда бир мүмкүнчүлүк пайда болду, аны коё бербешим керек эле. Ошондо кесибиме болгон берилүү пайда болду.
– 15 жашта кеттиңизби? Тил билген белеңиз?
– 16 жашымда кеттим. Курстарга барганым менен, иш жүзүндө тилди деле билчү эмесмин. Атамдын агасы Кембриджде жашап иштечү. Мени аэропорттон күтүп алды. Бир-эки күн үйүндө болдук. 1-сентябрь күнү мени окуй турган Англиянын улуттук балет мектебине алып барды. Башында бир беларусь кыз мага тилден жардам берип жүрдү, кийин «Марат, тил үйрөнгүң келсе өзүң сүйлөп көн» деди. Жаңдашып, антип-минтип жүрүп үйрөнүп кеттим.
– Кыйынчылыктар болгондур?
– Болду. Келишим боюнча негизи бир жылга эле бекер окумакмын. Менин тырышчаактыгымды, эмгекчилдигимди мугалимдер жактырышып 2 жыл мектептин каржылоосу менен бекер окудум. Ата-энем мамлекеттик кызматта иштеген адамдар. Андай акча төлөп мени окута албайт эле. Талбай эмгектене бердим, окуйм, машыгам. 1 жылда мен 3 жолу гана сабактан калыптырмын. Кээ бир артисттерге Кудай «ме» деп эле берип коёт. Ийилчээктик, булчуңдардын жумшактыгы, артисттик, кылдаттык, узун бой. Кудай мага балетке ылайыктуу нерселерди берсе да аз бериптир. Андыктан мен аларга караганда өтө көп машыгып, эмгектенүүм керек болчу. Ошон үчүн мен баш көтөрбөй аракет кылдым. Кызыгы, ал мектепте жапону да, французу да, корейи да бар эле.
– Ал мектепти бүткөндөн кийин эмне болду?
– Менде эки жол бар болчу. Бири Ирландиядагы труппа менен иштешүү. Бирок беделдүү балет мектебин бүткөндөн кийин мен аларды теңиме албай койдум (күлүп). Экинчиси Лондондо калып заманбап балет менен машыгуу эле. Мен классикалык балетке кызыккандыктан ал келишим да жакпады. А мен үчүнчү жолду тандадым. Мекениме кетүү! Келгениме да такыр өкүнгөн жокмун.
– Каржылык жактан берки эки жолду тандоо сизге пайдалуу эмес беле?
– Алар төлөп бере турган маяна бул жактагы маянадан 100 эсе көп алмакмын. Салыштыруу мүмкүн эмес. Мен кызыкчылык үчүн бир жолу досум менен келишим аркылуу иштөөгө кеттим. Москвада жумуш табуу деле жепжеңил болду. Ар бир күнүнө 20 миң сом төлөп беришти. Мындайча айтканда, чыныгы балеттин жанында ал кылганым «халтура» эле болчу. Мен «халтура» менен алектене албайт экем, кайра Кыргызстанга, 5 миң сом айлыгыма кайттым.– Чын эле 5 миң сом аласызбы?
– Башында ошондой болчу. Кийин Алмазбек Атамбаев келип таң калды. Ал киши билбептир биздин маянабызды. Ошондон баштап 12 миң алып калдык. Андан тышкары 2 миң эмгек сиңиргеним үчүн төлөнөт. Ошол болгону. Бирок максатым башка. Акча кызыктырбайт. 1 айда 1 үй алып коё турган мүмкүнчүлүгүм бар, бирок...
Кыргыздын тарыхында, балеттин тарыхында калуу, кыргыз балетин өнүктүрүү. Максатым ушул нерсе. Карьерист деп коюшат айрым аялдарды. Аларга балалуу болуу, турмушка чыгуу арткы планда калып, ишинин фанаты болушат го. Мен ошонун эркегимин. Кайсы бир жогорку чекке жетишим керек. Ошондон кийин, балким, башка нерселер жөнүндө ойлоно алышым мүмкүн. Өлгөндө баарыбыз эле бир жерге кетебиз. «Сен бай экенсиң» деп ал жерге кафель төшөп койбойт да. Андыктан акча жасагандан көрө атыңды калтырган оң.
– Азыркы жаштар көбү антип ой жүгүртпөйт болуш керек...
– Балким, башкачадырмын. Эл аралык мыкты сынактарга катыштым. Сеулда коло медалга ээ болдум, Астанада 2-орунду алдым. Спортчулар үчүн олимпиада кандай маанилүү болсо, биз үчүн бул сынактар да абдан маанилүү. Эң сыймыктанганым, Москвада өткөн эл аралык балет артисттеринин 13-сынагындагы жеңишим. Кыргыздын балетинин тарыхында бул театрда ойногон же жеңген адам болгон эмес.
– Бир кыз «Марат менин болочок күйөөм» деп калганын уктум. Сиздин күйөрманыңыз болсо керек. Ал кыз алдыңыздан чыгып ушинтип калса эмне дейт элеңиз?
– Менин аялым бар, балетке эбак эле үйлөнүп алгам демекмин.
– Сүйүү такыр башыңыздан өткөн эмеспи?
– 13 жашымда өткөн. Биринчи сүйүүм болчу.
– Балет жаштыкты сүйөт эмеспи. Кийин эмне кылайын деген оюңуз бар?
– Мен 35 жашка чейин бийлеп, жете турган максаттарыма жетип, өзүм каалаган бийиктиктерди багындырып алгандан кийин балет мен үчүн бүтсө керек. Ошондо башка нерселерге баш оорутабыз го.
– Ийгиликтин сыры эмнеде сиз үчүн?
– Каалоодо. Жүрөк менен кааласаң, ал максатка сөзсүз жетесиң.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg