МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

Аз өтпөй Айсулуу өзү бир кезде иштеп кеткен тез тамактануучу жайга жетип барды. Назик адатынча арыда иш кылып жүргөн. Ага кол булгап койду.
– О-ой, кандай?- Назик баары бир Айсулууну көрүп кубанып кетти. Бир аз арыктаганы эле болбосо курбусу баягыдай эле жакшынакай.
– Жакшы, алтыным. Сени сагынып кеттим.
– Анан Азамат кантип жиберди?
– Ий, көнбөй жатып араң көндү. Анын үстүнө ноябрдын аяк ченинде Айназиктин тушоосун кесели деп жатканбыз. Акча керек да баары бир. «Мал сатып эле кичине той өткөрөбүз» дейт, «анда мен сага кичине болсо да акча таап жардам берейин» деп жатып араң көндүрдүм.
– Айтып коёюн, мен сага Тимур тууралуу эч нерсе айтпайм.
– Эмне деп жатасың?
– Сен ошого эле келдиң. Кайдан гана айта койдум экен сага?
– Жөнчү, Назик. Биз жакшы жашап жатабыз. Айназик, Азамат экөө бири-бирин өтө жакшы көрүшөт. Мага эч кандай Тимурдун кереги жок.
– Деги ошондой эле болсо экен.
– Бирок мен баары бир Тимурга жолугушум керек! Жок дегенде бетин бир тытышым керек.
– Эмне кыласың аны? Бактылуу жашай бербейт белең.
– Жок, Назик, мен аны баары бир бир нерсе кылам.
Айсулуу канчалык ачууланымыш болуп сүйлөп жатканы менен, Назик анын көздөрүнөн Тимурга болгон сагынычын көрүп койду. Ал ошол ички сезимдерин жашыруу үчүн гана ачууланган кишинин ролун ойноп жатканы белгилүү эле болчу.
– Ай, билбейм, Айка. Сенин ордуңда мен болсом, кызымдын кашынан чыкпай, күйөөмө эркелеп жүрө берет элем. Менин сага кеңешим, таптакыр Тимурду жашооңдон чыгарып сал, ал сага да, Айназикке да татыксыз.
– Билем, Назик. Бирок мага азыр Тимурдун номерин таап берчи?
– Ал тууралуу эч нерсе айтпайм дебедим беле. Азаматты ойлочу. Ал байкуш сага канча жакшылык кылды?
– Назик, мен болгону ага жолугуп жинимди чыгарып алгым келип жатат, түшүнсөң. Мен иштеп алып эле кайра Азаматка, кызыма кетем.
– Тимур азыр келет. Ал ушул жерде иштеген бир официант кыз менен жүрүп алган. Күндө келет.
– Кайсы кыз?
– Эмне, кызганып кеттиңби? Баягы мен айткан бою узун кыз ушул жерде иштейт. Тимуруң көнгөн жерине келип эле дагы бирөөнүн башын айлантканга жетишти. Эмнесин айтасың? «Шуулдак, алдамчы, бир кызды боюнда кылып койгон» деп тиги кызга жакшы эле баарын айттым. Жок, сага окшоп «мен сүйүп калдым» деп эле кайталайт. Таптакыр түшүнбөйм, эмнеси жагат ошол Тимурдун?
Айсулуу үндөбөй калды. Кызганып кетти.
– Жүр, экөөбүз тигиндей барып балмуздак жеп келели. Саат 6ларда келет.
– Назик, бирок менин Тимурга жолукканым экөөбүздүн ортобузда эле калсын, ээ?
– Мен сенин абийириңди ачып жүрдүм беле?


ххх


Курбулар бир топко чейин Назиктин жумушуна жакын жердеги скверде сүйлөшүп отурушту. Сагынышып калышыптыр. Айсулуу Айназиктин кылыктарын айтып түгөтө албай отурду. Анан бир убакта Назик:
– Айсулуу, сен жанатан бери кызың тууралуу сонун нерселерди айтып жатасың. Жакшылап ойлончу. Тимурга жолукпай эле коюу керектир.
– Жок, Назик. Азыр жолукпасам, эч нерсе айтпасам, анда өмүр бою «балким, ошондо жолукканда, балким, кызы бар экенин айтканда эмне болмок эле?» деп өзүмдү жеп жүрүп өтөм. Жолукканым эле туура болот.
– Анда жүр. Ал келип калды.


ххх


Тез тамактануучу жайга жакындаган сайын Айсулуунун жүрөгү улам катуулап согуп баштады. Денесин майда калтырак басты. Босогону аттап эле тамак жеп отурган толтура адамдын арасынан көздөрү менен Тимурду издеп баштады.
– Тигинде отурат,- деди Назик муну туйгандай.
Ооба, бурчта отуруптур. Жалгыз. Телефонун чукулап бирөөнү күткөндөй түрү бар. Баягы сылаң короз кейпи. Үстүндө кийимдин жакшысы, дале тыкан бойдон. Айрым кыздар да өзүн мынчалык карашпаса керек. Чачын капкара кылып боётуп алып жүрөт дайыма. Чынында эле келишимдүү. Кыздар адегенде анын ойноок капкара көздөрүнө азгырылышат. Анан ал маданияттуу болумуш этип сылык-сыпаалыгын көрсөткөндө ак боз атчан ханзаада болуп эле көрүнүп калат.
Айсулуу бейкапар телефонунан кимдир бирөөгө кат жазып өзүнчө жылмайып отурган Тимурдун жанына акырын келип үндөбөй тура берди. Качан гана жигит көздөрүн өйдө кыла берип, Айсулууну көрүп көздөрү тостоё түшкөндө:
– Кандайсың?- деди ыйлап жиберчүдөй.
– Аа... Жакшы.
– Жакшы экениң көрүнүп турат. Сен,- кыз мукактанып кетти.
– Жүрсөң, экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшөлү,- Тимур азыр ушунча кишинин көзүнчө Айсулуу айгай саларын дароо түшүндү. Кызды жетелеп сыртка чыгып кетти. Билектен кармаган Тимурдун ысык колдору кыздын дене боюн дүркүрөтүп жиберди. Сагыныптыр, оюна койсо ал дароо эле кучактап ала турган.
– Сен кантип?- кыз сыртка чыкканда эле сүйлөй албай ыйлап жиберди.
– Болду, ыйлабай айт. Эмне болду?- ушунчалык жароокер көрүнөт Тимур. Кабагын бир аз бүркөп алып, санааркаган кишидей. Көрсө, Айназик Тимурга окшош турбайбы. Кабак бүркөгөнүнө чейин. Айсулуу ичинен ушуларды ойлогонго жетишти.
– Ыйлаба дейт. Мен төрөдүм. Сен билесиңби ошону, сенин кызың бар?!
– Мен...
– Эмне сен, эмне сен? Акмак!- Айсулуу эми ызаланып чыкты. Тимурдун бетин апчып алайын деп аракет кылды эле, колун жигит кармап калды да, өзүнө тартып бекем кучактап алды.
– Болду эми. Уксаң мени дагы, Айка. Уксаң,- кыз Тимурдун бул сөздөрүнүн бирин угуп, бирин укпай жатты. Тааныш жыт, тааныш кучак. Кучактагысы келип кетти жигитти.
– Бир жолу кабар алып койсоң эмне болот элең?! Ташбоор!
– Ооба, мен жиндилик кылыптырмын. Эми угуп турсаң. Мен келдим. Кайра кайтып келдим. Сени боюңдан алдырып салды го деп ойлогом. Билесиң го, урушуп кетпедик беле? Жинденип жүрүп Сочиге кетип калгам. Анан кайра келсем сен турмушка чыгып кетиптирсиң. Айтчы, мен эмне кылышым керек эле? Анан күйөөң менен кетип калдың.
– Калп айтпа! Мен төрөдүм, сенин кызың бар!
– Келчи, кыйкырбай сүйлөшөлү. Айсулуу, мени кечирип кой. Жашоо деген ушундай турбайбы. Эми баарын артка кайтарганга болбойт. Баары бүттү. Сенин өзүңдүн турмушуң бар. «Абдан жакшы жигитке турмушка чыкты» деп Назик айтты. Башкысы, ал кызыбызга жакшы ата болуп берсе болду. Мен эми эч нерсе кыла албайм. Мен кечигип калдым. Кечирип кой,- Айсулууну кучагынан бошотту.
– Кызыбызга дечи, сенин кызың эмес, уктуңбу?! Сенин кызың эмес! Ал Азаматтын кызы. Менин кызым.
– Ооба, түшүнөм- Тимур көздөрүн ала качты.
– Мен сенден кечирим гана сурай алам. Кечирип кой! Балким, бой жеткенде кызым менен таанышаттырмын. Эгер көрсөтпөйм десең өзүңдүн эркиң.
– Сен аны көрбөйсүң. Анын атын укканга татыксызсың!
– Айназик. Анын атын сураштыргам. Сүрөттөрүн да көргөм. Мага куюп койгондой окшош. Телефонумда сүрөттөрүн сактап жүрөм. Бирок мен эми эмне кыла алам?
Айсулуу эмне дээрин билбей калды. Тимур кыз эмнени угууну каалап жүргөн болсо ошону айтып жатты. Ичинен дароо «бул келгенде мен күйөөгө тийип кетиптирмин. Анан эмне кылмак эле чынында? Кызынын сүрөттөрүн көрүптүр. Демек, мында да аталык сезим бар тура» деп ойлонуп кетти.
– Жаштык кылдык. Катачылык кетирдик. Бирок жашоо өтө берет. Экөөбүз сый бойдон эле калалы. Жаман-жакшы айтышпай эле коёлу. Колдон келсе бири-бирибизге жардамдашып туралы. Жакшы достордон бололу.
Кыз эч нерсе дей албай жатты. Эмне дейт? Тимур аны бурчка такап койду. Тимурдун оозунан «кечирип койчу» деген сөздү биринчи укканда эле ал аны кечирип койгон.
– Мен кеттим. Сага кызың бар экенин айтып коёюн дегем. Жакшы кал!- Айсулуу терс бурулуп басып кетти.
– Айка,- Тимурдун үнү токтотту.
– Айка, балким, телефон номериңди таштап кетесиң? Балким, бир күнү мен Айназикти көрүүгө барам.
– Ал айылда, Кыргызстанда.
– Бир күнү келет чыгар.


ххх


Тимурга номерин берерин берип коюп, эми кечке андан чалуу күтүп жатат. Айсулуу кыйналып кетти. Бир жагынан Тимурга болгон тартылуусу күчөп, анын жанына баргысы келсе, бир туруп кызын сагынып, Азаматтын жакшылыгын эстеп ойлору чачырап өзүн таппай жатат. Тимур менен акыркы жолугушуусунан кийин 3 күн өткөндө ал күткөн чалуу келди.
– Кандайсың, Айсулуу? Мен... Бош болсоң чогуу тамактаналы дейин дегем.
Ушунчалык эрксиз экенин Айсулуу билчү эмес. Биринчи эле чалууда жетип барды. Жолугушууда ал көздөрүн Тимурдан албай отурду. Ошол эле жолугушууда ал аны менен чогуу Тимурдукуна кетип калды. Эч нерсени ойлогусу келген жок. Турмуштун агымы менен агып жөнөдү. Сезимдерине багынды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Melitta-24
2018-03-06 10:12:29
Тимурду суйбой эле сулуулугуна, келбетине арбалып журуп "Эки тоонун чобун энсеген элик ачка калат" болбойт бекен
+9
dinara7684
2018-03-06 11:10:26
Melitta-24,
Эми дагы боюна кылып келип сенин балан дебесе болду Азаматка.
+6
originalkgz96
2018-03-07 12:08:21
Melitta-24, туура айтасын
0
aika5089
2018-03-06 11:31:46
Айсулууну эстеген сайын жиним келип жатат. Мындай кыздан кудай озу сактасын
+4
Baiana2017
2018-03-06 11:34:43
Ото эле женил ойлуу экенсин Айсулуу.Тагдыр бир ырайым кылып Азаматты туш кылды.токтукка шоктук кылдын да
+2
alisha00
2018-03-06 12:03:35
Жакшылыкты унутуп коёт экенго бат эле))((
+2
Aima94
2018-03-06 13:21:51
Өтө эле тарбиялык мааниси жок. Муну окуган кээ бир адамдар болот экен деп кетет да ушинтип
+2
belka
2018-03-06 14:25:45
Aima94,ушинтип болуп калсак Азаматтар жолугуп ала берет деп ээ? Кудай сактасын кыздарыбыз,эже сиңдилерибиз намыстуу болушсун!
+1
Gulnyr19
2018-03-06 14:43:59
Чумо окугум да келбей калды жакшылыкты билбеген кыска ойлуу экенсиңго
+1
Shokoladka94
2018-03-06 18:57:09
Ай Айсулуу эсин барда этегинди жапмактан кулпулап койсон болмок, ар жумада адамдын нервине тийчу болдун го
+5
aza-seketim
2018-03-06 21:12:14
Дура
+1
aza-seketim
2018-03-06 21:12:39
Мээси жок десе
+1
Emu-Janyl
2018-03-06 22:07:07
Башы жок Айсулуу.Башканы ойлобосонда кызынды ойлобосонда?
+1
Gul26081997
2018-03-06 23:20:35
Сылан корооз дейт го:))). Айсулуу канчалык катуу суйсо дагы карманса болот эле, эрки жок экен жинди кыз. Сылан короозу андан беш бетер жинди экен.
+1
originalkgz96
2018-03-07 12:15:26
Уялбай азаматка дагы бир бала ала барбаса болду тимурдан
0
Akniet_kg96
2018-03-07 12:27:21
бул айсулууга соз калбай калатурган болдуго сериал буткучо келесонун дал озу экенда башка эмне дейбиз
0
nursultan.mamatkalyk
2018-03-07 21:39:35
ой туугандар бул жон гана чыгарма. Ар бир адамдын сынына кабылып конулун бурдуруп жатса демек чыгарма максатына жетип жатат. авторго рахмат!!!!
+3
Elisabeth
2018-03-08 19:02:20
Влюбленная Ххххх
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан