ЭЛ КАЙДА КӨЧӨТ ЖАСАЙБЫЗ!

Балакайлар, эл кайда көчөт эмнеге антип аталып калганын билесиңерби? Илгери эл бир жакка көчөр алдында бул жандыкты колго кондуруп, учуруп кайсы тарапка багыт алса, ошол жакка жөнөшчү экен. Ошондон улам эл кайда көчөт деп аталып калыптыр. Силер жакшы көргөн бул курт-кумурсканы өзүңөр жасап көрдүңөр беле? Келгиле, анда күн жылыганда чыга баштаган эл кайда көчөттү пластилинден жасап көрөлү.

1. Алгач бизге керектүү, кызыл жана кара түстөгү пластилинди алабыз.


2. Кызыл пластилинден топ кылып тоголоктоп, кара менен нан сыяктуу жалпак кылып жасайбыз.


3. Эми сүрөттөгүдөй кылып экөөнү жабыштырабыз.


4. Даяр болгон денесин көмкөрөсүнөн кылып сүрөттөгүдөй чийип чыгабыз.


5. Кара түстөн буттарын жасап, денесине кошобуз.



6. Андан соң баш, көз, мурутчаларын сүрөттөгүдөй жабыштырабыз.

Эл кайда көчөтүбүз даяр!


Гүлжамал Абылкасымова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bakyt.shutov
2018-03-06 09:52:08
Эл кайда көчтүбүз даяр!көчөтүбүз эмес
0
raykray
2018-03-09 12:51:18
Bakyt.shutov,эл кайда кочот ошондо кочотобуз даяр деп жазылатда, эл кайда кочту болсо аты сен айткандай болоо. Бизде коч коч деп коет
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан