БАРКСЫЗ ЖООЛУК

Бардыгы эмнеден башталды? Чындап мен ушул нерсени көп ойлондум. Ошол жамгырлуу күнү мен аны менен кездешеримди билген эмесмин. Адатымча мен жумушума келе жаткам.Маанайым нөл! Көчөдөгү сууктан, ичимдеги ызадан, мени түшүнө албаган адамдардан качып кутулгум келип жаткан. Силерде да ушундай маанай болот болуш керек, ээ? Билбейм, менде көп болот. Бирок мен бул жолу күндөй жылыткан, мээрими баарына жете турган адам мени күтүп турганын билген эмесмин.

– Алгач мен аны жумушумдан көрдүм. Колумдан түшүп кеткен китептеримди жыйнап жатып ал мени күлмүңдөп карап калды.

– Терс жооп кайтарса адам кабагы түйүлө түшөт эмеспи. А бул, тескерисинче, ого бетер жылмайып карады. Аргасыз күлдүм. Ошондон баштап жакшы тааныш болуп жүрдүк.

– Эмилдин жанынан көп күлчү адат таптым. Кийин аны жанымда жок болсо издей баштачу болдум. Аз убакыттан кийин мен бул адамсыз жашоомду элестете албай калдым. Айланамда сулуулугума кызыккандар көп эле.Бирок Эмилдин сүйүүсү өзгөчө болчу.

– Бир күнү сейилдеп жүргөндө анын апасы бизди көрүп калды. «Апам!» деди да, катып калды. Ал аялдын муздак көз карашы мени тешип кетчүдөй сезилди.

– Менден тез алыстаган Эмил апасынын жанына барды. Апасы катуу урушуп жатканын билип турдум.

– Эмил апасынын жалгыз баласы. Ишеними, үмүтү. Ал өмүр бою Эмилдин жакшы окушун, кайсы бир ийгиликке жетишин баарынан бийик койгон эне. Балким, кайсы бир учурда өзү ишке ашыра албай калган максатын баласы аркылуу ишке ашырышын каалаган окшойт.

– Бул арада Эмил мага үйлөнүүнү сунуштады. А мен кабыл алдым.

– Биз жетелешип кирип бардык. Менин апам Орусияда, атам болсо... Айтор, эч кандай деле шаан-шөкөт каалаган жокмун.Салт, аны-муну дегенди башынан жактырбайм.

– Кайненем мага жоолук салган жок. Коңшубу же башкасыбы келип жоолук салып, жүзүмөн өптү. Азыр да апам жоолукту ыргытып салып басып кеткени көз алдымда.


Кайненеси Айжанды кабыл алабы? Кайнене-келиндин тиреши кайсы жерге чейин барат?

(Уландысы кийинки санда)

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kenje-888
2018-03-06 11:54:37
уффф ушу кайнене...........................
+1
alisha00
2018-03-06 12:07:41
Мудрая мать любить ту девочку который любил ей сын дейтко
+3
langar
2018-03-06 15:33:06
18де болсон суйуго бале барбы
+4
Shokoladka94
2018-03-07 00:20:54
Сулуу кыз экен
+1
ziash85
2018-03-07 11:34:51
Эх кандай болот болду экен эми.....
0
Nevestkaa
2018-03-07 13:22:54
Студия супердики го ,кирпич обои ак мебель тааныш го.
+1
Paol
2018-03-08 12:34:38
Nevestkaa,)))))чын эле
0
Polumna
2018-03-07 22:51:12
Эмнеге жер тамдын дворунда сейилдеп журушот?
0
Amanov
2018-03-08 04:23:39
Сулуу кызго
0
Zainidin96
2018-03-11 02:27:21
Бул окуянын башталышыбы админ
0
№ 800, 2-март -8-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан