Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 5,5 миллион долларга тазаланган суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех курулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашты. Аталган химиялык цехти куруу кытайлык ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн
386 миллион долларлык келишимдин эсебинен каржыланат. «12-февралдан баштап курулуш каражаттары келе баштады. Цехти курууга 5,5 миллион доллар кетет, бул келишимдеги
386 миллион доллардын ичиндеги каражат. ТВЕА компаниясынын адистери эски химиялык цехтин абалы жакшы, ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүн да камсыздай алат дегенинен жаңы химиялык цех курулган эмес болчу»,- дейт Улуттук энергохолдинг өкүлү Аман Калыбеков. Жаңы цех кийинки кышка чейин ишке берилмекчи.
2013-2017-жылдары Бишкек ЖЭБинин үчтөн бир бөлүгүн ТВЕА компаниясы 386 миллион долларга жаңылаган. Ушул жылы 26-январда ЖЭБдин модернизацияланбаган бөлүгүндө өндүрүштүк кырсык болуп, Бишкек жылуулуксуз калды. Жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпас үчүн ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүндөгү даяр 2-блокту ишке киргизүү зарылдыгы чыккан. Бирок анда химцехтин жоктугунан дароо ишке киргизүү мүмкүн болгон эмес.
Учурда ЖЭБдеги аварияны Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы иликтөөдө. Комиссия 386 миллион доллар кандай пайдаланылганын жана ТВЕА компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн тарыхын иликтеп чыгат.
Айта кетсек, өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы авариянын себептерин тактап, ката кетирген кызматкерлерди иштен алып, айрым чиновниктерге сөгүш берүүнү сунуштады. Комиссиянын сунушуна чейин ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу жана «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан алынган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg