Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, президент Сооронбай Жээнбеков арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, президент Жээнбеков Ниязовго мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган. «24-февралда Фарид Ниязов кызматтан кетүү тууралуу оюн айткан. 26-февралда ал кызматтан кетүү боюнча арызы менен президентке кирди. Бирок өлкө башчы кол койгон жок. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жума эс алууну сунуштады»,- дейт Стамалиева.
Фарид Ниязов 2017-жылы 1-декабрда президенттин кеңешчиси, 11-декабрда президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалган. Ал 2017-жылы болгон президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген. Алмазбек Атамбаевдин тушунда да президенттик аппараттын башчысы, өлкө жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.
Ниязовдун кызматтан кетүүгө арыз жазуусу түрдүү жоромолдорду жаратты. Эксперттер бул окуяны азыркы жана мурдагы президенттин айланасындагы саясий күчтөрдүн тымызын тирешинен улам деп жоромолдоп жатышат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg