Жогорку Кеңештин экс-депутаты, абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев боюнча соттук ишти адам укуктары боюнча эл аралык уюм карай баштады. Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» уюму Текебаевдин ишине юридикалык баа берилдиби же саясий куугунтук болдубу иликтеп көрмөкчү. Текебаевдин адвокаттары соттук ишке байланыштуу документтерди аталган уюмга өткөрүп беришкенин жана алгачкы натыйжалар жакынкы күндөрү чыга баштаарын айтышты. Аталган уюмдун жетекчиси Надежда Атаеванын айтымында, Текебаевдин соттук ишин Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине жиберилет. «Алдыда чоң иш турат. Текебаев эми эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө. Биздин уюмга Текебаевдин иши боюнча 100гө чукул адам кайрылды. Бириккен улуттар уюмунун атайын баяндамачысына аталган соттук иш тууралуу маалыматтарды беребиз»,- деди Атаева.
Эске салсак, Текебаев «Мегакомду» сатып алууга көмөктөшмөкчү болуп орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган» деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Кийин мунапыска ылайык, жаза мөөнөтү 4,5 жылга кыскартылган. Учурда Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөөдө. Текебаев жана анын тарапташтары аталган соттук ишти «саясий куугунтук» деп атап келишет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg