«Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясын сатып алууга Түштүк Кореянын «Goldenkey Asset Investment & Management" компаниясынан сунуш түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду кабарлады. Маалыматка караганда, компаниянын 100 пайыз акциясын сатып алууга ниеттенген кардардын сунушу «Альфа Телекомго» жөнөтүлгөн. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду жаңы кардардын каржылык абалы жана кадыр-баркы тууралуу маалымат сурап Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдоду.
Айта кетсек, "Мегакомду" сатуу аракети 2015-жылы башталган. Андан бери компания 3 жолу аукционго коюлуп, бирок кардар чыккан жок. Баштапкы баасы 19 миллиард 700 миллион сом болсо, акыркы аракетте
13 миллиард 500 миллион сомго чейин түштү. Аукциондон майнап чыкпаган соң өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган. Буга чейин "Мегакомду" түз сатып алуу үчүн швейцариялык "ALF Consulting SA" жана «Акылдуу шаар» долбоорунун инвесторлорунун бири "АКА минералз энд майнинг" ишканасынан да сунуштар түшкөн. Андан сырткары орусиялык Елена Нагорная аттуу ишкерден да арыз түшүп, бирок сүйлөшүүлөр аягына чыккан эмес.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg