БИР БҮРКҮМ. 4 МИҢДЕН АШУУН ЖАРАН ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТА ЖАШАЙТ...
Быйыл жазда БИШКЕК ШААРЫНА 2,8 гектар жерге 1 миллион 200 миң түп гүл отургузулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
ТАШКЕНТ-БАЛЫКЧЫ-ТАШКЕНТ темир жол каттамы 22-марттан баштап жумасына бир жолу жүрө баштайт. Билет баасы 2500дөн 6432 сомго чейин.
Өлкөдө 2016-жылы КУРГАК УЧУК менен ооруган 5 680 адам болсо, 2017-жылы 110 адамга азайган. Ал эми былтыр 404 мектеп окуучусу аталган илдет менен ооруп жатканы белгилүү болду.
КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ визасыз режим рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 77-орунду алды. Ал эми лидерликти Сингапур менен Япония ээледи.
2017-жылы өлкөдө 97 ӨСПҮРҮМ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРГӨН. Анын 69у эркек балдар, 28и кыздар. Мындай жолго баргандардын көпчүлүгүнүн ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары. Аталган маалыматты Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
28-февралда вице-премьер-министр САНЖАР МУКАНБЕТОВ Жогорку Кеңеште ант берди.
ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу март айында 14,29 сом болот. Бул баа февраль айында 14,34 сом болгон. Маалыматты «Газпром Кыргызстан» мекемесинен таратышты.
4 миңден ашуун жаран ЖЕР КӨЧКҮ түшүү коркунучу бар аймакта жашап жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
2018-жылы АЖЫЛЫК САПАРГА баруу үчүн катталгандардын саны 6 895 жаранга жетти. Эң көп арыз Ош облусунан келип түшсө, эң аз катталган жарандар Нарын облусуна туура келет. Маалыматты муфтияттан таратышты.
Өлкө жарандары 8-МАРТ майрамына карата 4 күн катары менен эс алат. Тагыраагы, 8-9-10-11-март күндөрү дем алыш күн деп жарыяланды.
2017-жылы ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ айыпталып 422 адам соттолгон. Бул көрсөткүч 2010-жылы болгону 79 адам болгон, мындай кылмышка айыпталып соттолгондордун саны 7 жылда 5 эсе өскөн.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер апрелден тарта КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН ТЕСТ тапшыра башташат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.