БАЛДАРДЫН ШАЛ ООРУСУ ЖЕ ПОЛИОМИЕЛИТ

Тажикстанда жайылган полиомиелит оорусу коңшу өлкөлөрдү бейпайга салып, кээлери чек арасын жабууда. Учурда оору Орусияда да катталууда. Полиомиелит оорусу тууралуу Кыргыз медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Гүласал Осмоналиева жооп берет.

ШАЛГА АЛЫП КЕЛИШИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ
– Полиомиелит – курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө жаш балдар менен өспүрүм курактагы балдар оорушат. Антсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар кездешет. Оору борбордук нерв системаны, биринчи эсепте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга алып келерлиги менен коркунучтуу. Полиомиелиттин шалга алып келүүчү (1пайызды түзөт) жана шалга алып келбөөчү түрү (99 пайызды түзөт) бар.

ООРУ ЭМНЕЛЕР АРКЫЛУУ ЖУГАТ?
– Вирусту (эң майда көзгө көрүнбөгөн организм) алып жүрүүчү болуп ооруну жуктуруп алган адам эсептелет.
Оору аба аркылуу, башкача айтканда:

  • мурундан;
  • ооздон ;
  • жана оорулуунун буюмун (сүлгү, идиш, кийим ж.б.) колдонуудан улам жугат. Тактап айтканда, вирус оорулуу сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, заңдаганда бөлүнүп чыгып, аба аркылуу адамдарга, буюмдарга жугат. Вирус түшүп калган буюмду соо адам билбей колдонcо, ал аба же кол аркылуу оозго же мурунга кирип кетиши мүмкүн.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
– Вирус мурун аркылуу киргенде мурундун былжырын катуу сезгентип, оору сасык тумоо сыяктуу башталат. Башкача айтканда, мурундан суу агат, дене табы көтөрүлөт, баш ооруйт, мурун бүтөт, жөтөл пайда болот. Вирус мурундун былжырында көбөйүп, оорулуунун чүчкүрүгү аркылуу бөлүнүп чыгып, чөйрөдөгүлөргө жугат. Ооз аркылуу киргенде ичегини катуу жабыркатат. Ич ооруп, ич өтөт, дене табы көтөрүлөт, кусат.
Кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөн балага бул вирус жукса, оору жеңил өтөт жана шалга алып келбейт.

ШАЛГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ТҮРҮ
– Вирус ооз аркылуу кирип, ичегини жабыркатса жана оорунун белгилери билинсе, бейтапканага алпаруу кажет. Эгер врачка алпарбаса, убакыт өтөт да, вирус ичегиден канга өтөт. Кан аркылуу нерв системасына жетип, нерв жана жүлүн клеткаларын жабыркатып, ал клеткаларды өлтүрөт. Өлгөн нерв мурун кайсы булчуңду, мисалы, оң колду же сол бутту же бет булчуңун иштетсе, ошол булчуң иштебей адам шал болуп калат. Иштебей калган булчуңдан эт качып, акыры тери менен эле сөөк калат. Шалга айланган булчуң жансыз тартып, эч нерсени сезбейт.

ӨЗГӨЧӨ ТҮРҮ
– Полиомиелиттин медицинанын тили менен айтканда, инаппаранттык деген түрү бар. Мында адам оорубайт. Бирок вирусту алып жүргөндүктөн, оорунун булагы болуп калат. Чөйрөдөгүлөрүнө ооруну жугузат. Вирус мында деле нерв системасын жабыркатып, менингит оорусун жаратат. Менингитте мээнин жука кабыкчасы сезгенет да, желке тырышып, адам башын ылдый кыла албай калат. Дене табы 39-40 градуска көтөрүлүп, баш адам чыдагыстай ооруйт. Мээнин ичиндеги басым көтөрүлүп, адам кусат.

ООРУНУН ВИРУСУ
– Ооруну козгоочу вирус энтеровирустар (ичеги вирусу) түрүнө кирет. Булар жайында күн нурунун жана ысыктын таасиринен да оңой менен өлбөйт. Тескерисинче, ысыкта бат көбөйүүгө жөндөмдүү. Андыктан ысык климаттуу өлкөлөрдө жашаган адамдар көп оорушат. Оорунун жайылган учуру болуп жай, күз эсептелет.

ДИАГНОЗ
– Оорунун белгилери билинер замат оорулууну ооруканага алпаруу зарыл. Бул дарттын тереңдеп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Натыйжада адам шал болууга жетпейт. Эгер кеч алпарылып калса, анда шалга учуроо коркунучу чоң.
Диагноз коюу үчүн, негизинен, заң, кан текшерилет. Анткени ичеги вирусунда оору козгогучтар заң аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Кимдир бирөөнүн үйүнөн же балдар бакчасынан полиомиелит менен ооруган бала табылса, анда чөйрөдөгү 15 жашка чейинки балдардын баары медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.

ДАРЫЛОО
– Вируска каршы жана оорутууну сездирбөөчү дары-дармектер, витаминдер берилет. Айтып койчу нерсе, антибиотиктер вирусту өлтүрө албайт.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
– Эң башкысы – баланы кичинесинде эле полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөрүү. Эмдөө ымыркайдын төрөлгөнүнө 3 күн болгондо жүргүзүлөт (атайын дары 3 тамчыдан оозуна тамчылатылат). Андан соң бала 2 айга толгондо, анан арадан 45 күн өткөрүлүп, 3-эмдөө жүргүзүлөт. 4-эмдөө дагы арадан 45 күн өткөн соң жасалат.
Кичинесинде эмдөөдөн өтпөгөн балага оорунун вирусу жукса, жогоруда айткандай, ал шал болуп калуусу ыктымал. Андыктан муну ар бир ата-эне эске алуусу зарыл.


Кызык экен

КОРКОКТОРДУН БЕЛИ, МЕРЕЗДЕРДИН МОЮНУ ООРУЙБУ?

Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, ден соолук менен адамдын психологиясынын ортосунда чоң байланыш бар. Башкача айтканда, адамдын оорусу анын мүнөзүн чагылдырат экен.

Баштын оорусу – адам өзүн ар тарап­тан толук кандуу сезбөөсү, өзүн кем­синтүүсү.
Көздүн оорусу – учурда өзүн сырттан карап көрүүнү жана өткөндү эстөөнү каалабагандык. Келечекке деген максатынын арсарлыгы.
Тамактын оорусу – өзүн коргой албоочулук, өзүн башкалардан кем сезүү, жардам суроодон тартынуу.
Бронхит – үй-бүлөдөгү же жумуштагы чыр-чатак. Өзүнө кам көрө албоочулук, мажүрөөлүк.
Далынын оорусу – колдоонун жоктугу, бир нерседен коркуу, чочулоо.
Көтөн чучуктун оорусу – өткөн жашоодогу жагымсыз нерселерди унута албоо, жүрөктөгү таарыныч, өткөндөгү күнөөлөрү үчүн өзүн айыптоо.
Белдин оорусу – алдыга, келечекке карай жылуудан коркуу, максаттын жоктугу.
Кулактын оорусу – башкаларды укпоо, бир нерсени укса, кечке унута албай кыжалат болуу.
Тиштин оорусу – чечим кабыл ала албоо, бирөөлөрдүн чечимин жактырбоо.
Моюндун оорусу – мүнөздөгү мерездик, маселени чечүүдөгү катаалдык.
Астма оорусу – өзүнүн кээ бир кылыктарынан уялуу, чындыкка жетмейинче туталануу.
Өпкө оорусу – көңүл коштук, «жакшы жашоого жете албайм го...» деп санаага батуу.
Жүрөктүн оорусу – майда нерсеге эле кейүү, ичтен санаа тартуу. Сүйүүнүн жана кубанычтын жетишсиздиги.
Аялдын эмчегинин оорусу – балага байланыштуу маселенин жүрөктү өйкөөсү, баласынын алдындагы кү­нөө­сү үчүн өзүн кечире албоо.
Ашказан оорусу – адамдарды оңой менен жактырбоо, бой көтөрүүчүлүк, майдачыл жана өзүмчүлдүк. Ашказан жарасы – өз баркын билбөө­чүлүк, бирөөлөрдү көрө албастык, ичи тарлык.
Жыныстык органдардын оорусу – сексуалдык жактан бузуку иштерге баргандык, бирөөлөрдүн алдында күнөөлүү болгондук же өз келбетин жактырбоочулук. Сексуалдык жашоонун ойдогудай болбоосу.
Буттун оорусу – кайсы бир багытта иш алпарууну, жашоону кайсы нукка бурууну билбегендик. Максатты ишке ашыра албоочулук. Тизенин оорусу – кекирейип бой көтөрүүчүлүк, көк беттик. Буттун варикоз оорусу – үйдөгү же офис­теги жумушту жаман көргөндүк, өзүнө кам көрбөөчүлүк, кайдыгерлик.
Кызыл жүгүрүк – өзүн жана башкаларды катуу сындагандык. Бир рамкадан чыга албай азап тартуу.
Рак – бирөөгө же жашоого таарынуунун жыйынтыгы.
Депрессия – сыртка чыгара албаган ичтеги бук, таарыныч, ыза.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА