Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жашар кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп 2017-жылдын сентябрь айында көз жарган. Ал 11 жашынан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып, кордук көрүп, 3 ирет өз жанын кыюуга аракет кылганы белгилүү болду.
ӨГӨЙ АТА 15 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту 1965-жылы туулган Жуманазар Бабышов аттуу жаранды зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Эми ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөкчү. Сот тарабынан күнөөлүү деп табылган бул жаран 5 жылдан бери өгөй кызын зордуктап келгени аныкталган. Өгөй кызынын 5 айлык боюнда бар кезинде гана аны зордуктап жүргөнү билинип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми 16 жаштагы жабырлануучу кыз 2017-жылдын сентябрь айында төрөп, баласынан баш тартып, аны төрөтканага таштап кеткен.
«БИРӨӨГӨ АЙТСАҢ, СОЮП, КАПКА САЛЫП СУУГА ЫРГЫТЫП САЛАМ»
Жаш кызды зордуктаган адамга 15 жыл жаза берүү аздык кылат. Андан көп жаза мөөнөтүн чектеп бергиле деп Ош облустук сотуна кайрылдык деген ал кыздын таежеси Зулфия Токсонбаева төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Эжемдин мурунку күйөөсүнөн 7 баласы бар. Жолдошу каза болгондон кийин Жуманазар менен жашап, экөө бир балалуу болушкан. Зордукталган кыз эжемдин алтынчы баласы. Сегизинчи баласы төрөлгөндөн кийин кызды бала каратып үйдө отургузуп окутпай коюшкан. 5 класстык гана билими бар.
Эжем өзү базарда соода кылат. Алгачкы жолу 2012-жылы эжем жумушка кеткенде өгөй атасы мындай ыплас ишти кылыптыр. Ошондон бери кызды пайдаланып, сабап, арам ишин жасап жүрүптүр. «Бирөөгө айтсаң, союп, капка салып сууга ыргытып салсам, сени ким издейт?» деп коркутчу экен. Жаш кыз коркуп эч кимге айтпай жүрө бериптир. Бирок бир ирет апасына айткан экен. Апасы «Намыс керекпи? Шерменде болгуң келип жатабы? Оозуңду жап!» деп урушуп коюптур. Ошол окуядан кийин жээним эжесинин кичинекей кызын ээрчитип тамдын башына чыгып, өз өмүрүн кыйганга аракет кылыптыр. Уксусту бир аз ичип оозун күйгүзүп алып, иче албай коюптур. Кичинекей кызга «мени түртүп салчы» десе, тиги кыз «түртпөйм» деп экөө бир саат талашып-тартышып жатып кайра түшүшүптүр. Андан кийин да 2 жолу асынып алганга аракет кылыптыр.
Милиция өгөй атасын кармап кеткенде, кызга кабатыр болуп, кайра эле милиция кызматкерлери менен үйүнө баргам. Кыз талга чыгып алып, жипти иле албай жатканын өз көзүм менен көрдүм. Аны милиция кызматкерлери жерге түшүрүштү.
«ЧАЧЫНАН СҮЙРӨП, САБАП, ӨЗ ИШИН БҮТҮРГӨН»
– Мурун кызды музыкалык мектепте окутушкан. Ал учурда өгөй атасы ошол мектепте кароолчу болуп иштечү. Бир жолу мектептен келе жатса алдынан чыга калып, «сен эмнеге менден качып жатасың?» деп чачынан сүйрөп, сабап, өз ишин бүтүргөн экен. Мунун баарын кийин мага кыз өзү айтып берди.
Кыздын боюнда болуп калганын шекшигенде өгөй атасы УЗИге өзү алып барыптыр. Ооруканага киргизип жатып «башыңа жоолук салынып ал. Бишкек жакка турмушка чыктым эле, келинмин деп айт» дептир. Боюндагысы 5 айлык экенин билген соң бир жумадан кийин Бишкекке жөнөтүп, «Сага бөлөлөрүм жардам берет. Ошол жактан баланы алдыртып же төрөп таштап келесиң» деген экен.
Бишкектен менин сиңдим УЗИнин кагазын көрүп калып мага чалып айтып, анан билип отурабыз. Эжемден сурасам, ал билмексен болуп койгон. Апасы кантип билбесин? Эжем кайра кызын жамандап, жолдошунун таламын талашып жүрөт. Жуманазардын туугандары колунда бар, кызматтуу адамдар экен. Чыгарып алабыз деп аракет кылып жатышат. «160 миң сом акча берсе, сот өкүмдү жеңилдетип берет экен» деп элден угуп жатам. Ал кайра чыгып келсе көрөр күнүбүз кандай болот деп коркуп отурабыз.
«АПАСЫ МЕНЕН ДА, КЫЗЫ МЕНЕН ДА ЖАШАЙ БЕРЕМ»
– Тергөө учурунда Жуманазар баарын моюнуна алып, «Сотко жеткирбегиле, сураныч. Кызды жакшы көрүп калгам. Кызы менен да, апасы менен да жашай берем. Экөөнү тең багам. Экөөндө бирден бала болуп жатпайбы» деп айткан.
Учурда кыз менин колумда. Башында такыр уктабай жүрдү. Көзүнүн жашын төгүп эле отура берчү. Кээде титиреп, кээде кан басымы көтөрүлүп кетет эле. Азыр жакшы болуп баратат. Көңүлү ачылып калат. Бирок азыр деле кээде бир жерди тиктеп ыйлап отуруп калат.
Апасы болсо, кызын «ар кайсы балдар менен сүйлөшчү, бузулуп кеткен» деп жамандап жатат. Анан да эжем «кайын журтумдун баары билимдүү, бошотуп алабыз деп жатышат» деп курбуларына айтыптыр. Мен билимим жок болсо дагы бул иштин аягына чыгарам деп чуркап жүрөм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg