«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
Алибек түндө кыңкыстап жаткан аялынын үнүн үзүл-кесил укту. Ордунан ыргып туруп уктоочу бөлмөгө жөнөдү.
– Диана?
– Ичим, ой, башталды окшойт.
– Кандайча, дагы убакыт бар дебедиң беле?
– Кайдан билейин, мага врачтар айтышкан.
Алибекти тер басып кетти. Карбаластап эмне кыларын билбей, даярдап койгон сумкаларды алып машинасына чуркады. Ал ортодо апасы ойгонду. Жетер-жеткиче кыңкыстап жаткан аялын тиктеп туруп коркуп кетти.
«Бала бизге керек беле? Ушунча кыйноо бизге керек беле?» деп жиберди баш аламан ойлорунун аркасында. Аялынын алайган көздөрү жооп болду. Сүйөп, таяп палатага киргизип жиберишти. Төрөткананын коридорунда ары-бери басып жүргөн Алибектин телефону чырылдап жатты. Караса Жамиля.
«Эмне болду экен? Мындай учурда чалбачу эле, алайын» деп баратканда медайым келип калды.
– Келинчегиңиз жанына келүүңүздү суранды.
– Эмнеге, мениби? Мен ал жакта эмне кылам?
– Кызыңызды көкүрөгүңүзгө жаткырып коюуну суранды.
Алибекти жетелеп келип көйнөгүн чечип сурабай эле жыңалач көкүрөгүнө жаңы төрөлгөн баланы жаткырып салышты.
– Жок, мен даяр эмесмин. Кичине го, кулатып алсамчы?
– Сенин балаңбы?- деди картаңыраак катуу сүйлөгөн медайым.
– Ооба.
– Анда тынч жат. Эч нерсе болбойсуң. Келинчегиң кыйналып төрөдү. Андыктан сенин көкүрөгүңө жаткырып жатабыз. Аялдардай жаныңар кыйналбагандан кийин куп деп эле төрөп берген баланы кучактап тургула. Ай, эркектер...
Наристе көкүрөгүндө жатат. Араң башын көтөрүп караганында кичине колдору менен тырбалаңдап эмчек издеп жаткансып сүзүп-сүзүп коёт. Башын буруп атасын тиктеп койгонучу... Тыбырап бир нерселерди издеп жатып атасынын сөөмөйүн таап алды. Кичине манжалары менен бекем кармап коёт. Наристенин алдында куду сурак бере тургансып тердеп-тепчип кетти. Бир аз жаткан соң коркуу кайтып, керемет сезим каптады. Көкүрөгүнөн былжырак жылуулук бүтүн боюн каптап, көөшүп бараткандай. Жүрөгү эч качан мындай тынч алып көргөн эмес. Ушул жашына чейин жүрөгү мындай бейпилдикти сезбеген эле. Кайдан-жайдан келген тынчтыкты, беймаралдыкты сезип, ал сезим аны эч коё бербесин түшүнүп жатты.
– Кана, кызы менен атасы, эми кийинели,- деп келген медайымга бергиси келбей турду.
– Коё турасызбы?
– Атасы, эми көп жолу кызың менен эзилишесиң. Азыр апасына алып барып эмизели.
Алибек туруп кийинип жатып көзүнөн жаш агып кеткенин байкады. Эмнеге ыйлады? Өзү да түшүнгөн жок. Бир учурда караса Жамиля дагы эле чалып жаткан экен.
– Алло...
– Жами, мен... Мен кыздуу болдум! Тим эле кипкичинекей, сен бир көрсөң... Мени акылдуу тиктегеничи...- Алибек кызы тууралуу айтып жатып энтигип кетти. Алдында турган Жамиля экенин деле унутуп калгандай. Жамилянын телефону колунан түшүп отуруп калды. Анткени бул түндө ал дагы ооруканада болчу. Нурилянын абалы операциядан кийин начарлап кеткен. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан сиңдисинин жанында жалгыз эле. Атасы менен апасын
«кечке тура бербей эс алып келгиле» деп жиберип ийген. Жалгыз болчу. Ийинине түшкөн жүктөн ийилип бара жатканда жан талашып жакын адамдарын издеген. Алибекти караан тутуп чалган болчу.
«Кыздуу болдум» деген кубанычтуу үнү кулагына жаңырып турду. Бул кабарды укканда чочуп кетип телефонун өчүрүп салган эле. Куттуктай албаганын ойлоп кетип кайра чалды эле, энеси алды.
– Ай, сен кандай акмак катынсың? Балалуу болду, аялынын жанында Алибек. Сага эмне керек, ыя? Энеңди жазбай тартыпсың сен! Айылда канчаларды...
Чыдабай кетип кайра коюп салды. Ызасы ашып, муунуп жетер жерине жетип кетти көрүнөт. Ыйлап жиберди. Кимдир бирөөнүн колу чачын сылады. Жалт карап атасы маңдайында турганын көрдү.
– Менин Жамилям. Сени кыйнадык, ээ?
– Ата, эмне кетпей жүрөсүң?
– Кете албадым, кызым.
Атасынын ийинине башын жөлөп көпкө отурду.
– Ата, мен жаманмын. Мен эмне кылып жатам? Алибек кыздуу болуптур. Мындан ары кандай болот? Мен аны кайра бактысыз кылып аламбы деп корком.
– Кызым, сен күчтүү кызсың. Менде да, апаңда да сенчелик күч жок. Биз турмуштан жеңилип бердик. Бирок сен жеңилбе, кызым. Жараткан билет, сиңдиң экөөңдүн жакшы болушуңар үчүн жанымды да аябайт элем. Бирок колумдан эч нерсе келбеди. Бүтүн жүк сенин ийиниңе түштү. Кечир мени, кызым.
– Ата, мен эч нерсеге капа эмесмин.
– Нуриляны бутуна тургузасың, андан шегим жок. Бирок апаңды да кечир, кызым. Мен кечирдим, силер да кечиргиле.
Жамиля үн катпады. Бул атасынын коштошуу сөзү экенин билсе кана ошол учурда. Эч нерседен кабары жок, жүзүнөн өөп, жытынан кана жыттап жаткан атасынын кадимки күндөгү мээрими деп ойлогон. Көрсө...
ххх
Диананын төркүнү абройлуу үй-бүлө болчу. Атасы мурун депутат болуп жүргөн, агасы спорт дүйнөсүндө аты чыккан адам. Шибегени капка ката албагандай эле Алибек менен Диананын ортолору жакшы эмес экенин угушту. Диананын өз оозунан эч нерсе чыкпаганы менен, аларга баары маалым эле.
– Бала менен биздин үйгө эле чыгаралы,- деди энеси.
– Жок, мен өз үйүмө чыгам.
– Бир аз тыңып алгандан кийин өзүм жеткирип барам.
– Мен Алибектин үйүнө барам, апа. Башкача болбойт.
– Кызым, биз баарын билебиз.
– Эмнени билесиңер?- деп титиреп кетти Диана.
– Апа, мен тууралуу сен эч нерсе билбейсиң. Кандай болсо болсун, мен өз эрким менен эч убакта Алибектин үйүнөн чыгып кетпейм. Ар бир үй-бүлөдө кризис учуру болот. Биз да мындан өтүп кетебиз.
– Эки жылдын ичинде эмне кризис, кызым? Аныңды тиги Стамбулдан келген кыз менен...
– Унчукпа, апа, сен өз көзүң менен көргөн жоксуң. Эл айта берсин. Мен күйөөмө ишенем. Ал анын классташы. Кыйын учурунда жардам берди. Болду, ортолорунда эч нерсе жок. Апа, сен түшүнөсүңбү, мен Алибексиз жашай албайм. Азыр кыздуу болгондон кийин андан бетер байландык. Соңу эмне болсо болсун, бирок мен акыр аягына чейин үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн күрөшөм.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Алибек эми жипсиз гана тушалдынго. Жамилянын атасы олуп калат окшойт. Эми озу Керемди издесе экен неси болсода баласынын атасы.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет дечи. Жамиляны керем кайра алат окшойт
Диана кандай гана акылдуу, сабырдуу кыз, суктандым...
Диана жакшы кыз экен! Негизи кыргыз кыздар ушундай болот деп ойлойм, баарына чыдайт.
Уууф, эмне дешти да билбейм кыскасы(((
Жамиля жакпай калды мага...
Жамилянын атасы органын берет менимче кызына
zamir_kgz, эмне атасы маткасын бермек беле. Эркектерде матка болбойт
Дианадан улгу алгыла, Кудай негизсиз талак берген эркектерди жазалайт
Диана азаматсын ай! Атасы донор болуп берет окшойт, Жамиляга конулум тушуп бараткансыйт...
Ушул сериалы жакшы чыгыптыр, баары өз орду менен...
ушул сериалды кино кылып тартса сонун болмок. бизде коп сериялуу кино жокко эсе го. ушул сериалды коз алдыма элестетип алып окуйм го берилип тимеле
Байкуш Жамиля эч бешенеси жылыбас болду го. Бактысыз кыз
Жамийланы бир көргүм барда))