Бул аптада Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алды.
ҮЙДҮ КОНОКТОР ТЕЙЛЕДИ
«ПСЖ» – «Реал» 1:2
Голдор: Роналду (51-мүнөт), Каземиро (80-мүнөт) – Кавани (71-мүнөт)
Биринчи беттеш – 1:3
Чемпиондор Лигасын жарнама кыла турган оюндардын бири саналган бул беттеш Париж Мадридге тең келеби деген суроого жооп тапмак. Тең келбейт экен. Азырынча. Неймардан 3 айга кол жууган «ПСЖ» чабуулда дымагын көрсөтө алган жок. Париж бразилиялык чабуулчуга көз каранды болуп калгандыгы аны алмаштырган Ди Мария эч жыйынтык көрсөтө албай койгондугунан көрүндү. 1-таймда коргонууну көбүрөөк ойлогон Зидандын командасы 2-бөлүктө чабуулга баруудан тартынган жок. Роналду бул Чемпиондор Лигасындагы 12-голун киргизип, бомбардирлик атакты бекемдеди. Нерви жука Верратиден айрылган «ПСЖ» Каванинин голу менен эсепти теңегени менен, Каземиро жеңишти «Реалга» алып келди. «Реалга" жеңилүү уят эмес, бирок жарым чейрек финалда мелдештен четтөө ыза кылат» деп ойго чөмүлдү «ПСЖнын» насаатчысы Унаи Эмери.
АРГЕНТИНА ЧАБУУЛЧУЛАРЫ "ЮВЕНТУСТУ" САКТАДЫ«Тоттенхэм» – «Ювентус» – 1:2
Голдор: Сон Хен Мин (39-мүнөт) – Игуаин (64-мүнөт), Дибала (67-мүнөт).
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:2
Италиянын чемпиону «Ювентус» конокто англиялык «Тоттенхэмдин» сыноосунан ийгиликтүү өтө алды. 1-таймда оюндун ыгын таба албай коюшканы менен, экинчи бөлүктө 3 мүнөттүн ичинде беттештин жыйынтыгын түп тамырынан өзгөртүп коюшту. Англиялык клуб калган мүнөттөрдө чабуулдан башы чыккан жок. Бирок Кьеллини менен Буффон жана дарбазанын сол темири бул күнү «Ювеге» экинчи голго каршы тура алышты. Аргентиналык чабуулчулар Туринди сактады. Лондондук клубдун бул Чемпиондор Лигасындагы жүрүшү жакшы дагы, жаман дагы эмес болду.
Калган оюндар:
«Манчестер Сити» –»Базель» – 1:2
Голдор: Жезус (8-мүнөт) – Эльюнусси (17-мүнөт), Ланг (71-мүнөт)
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 4:0
«Ливерпуль» – «Порту» – 0:0
Биринчи беттеш – 5:0
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg