ЭРОТИКАЛЫК ОЮНДАР

Жаштардын кечелеринин көркүн ыр-бий ачат эмеспи. Ал эми отуруш андан да шаңдуу өтүшүн кааласаңыз, анда төмөнкүдөй оюндарды уюштуруп жибериңиз.

АКЫШТОО
Алгач оюнга катышуучулар ыңгайлуу жайланышып алуулары керек. Уюштуруучу катышуучуларга катар номерлерди таратып чыгат. Оюн биринчи номердин ээсинен башталат. Ал оргазм алгандагыдай үн чыгаруусу зарыл. Кийинкилер номерине жараша ал үндү кайталай беришет. Мисалы, экинчи номердеги адам үндү 2 ирет, бешинчи номердеги 5 жолу кайталайт. Эгерде оюн учурунда кимдир бирөө күлүп жиберсе жаза алып, оюн кайра башынан башталат.

СОКУР МЕРГЕН
Бул оюнду кыз-жигиттер чогуу ойношот. Кыз отургучка отуруп, эки бутунун ортосуна бөтөлкөнү кыпчыйт. Ал эми жигиттин оозуна шире ичүүчү ичке түтүкчөнү тиштетип, көзүн жоолук менен байлашат. Эми жигит “ылдыйраак же өйдөрөөк, түз, мына-мына, киргени калды” деп багыт берген кыздын сөздөрү аркылуу бөтөлкөгө түтүкчөнү киргизүүсү керек. Бул оюнду диктофонго жаздырып алып кийин угуп, дагы бир жолу жылмайып алууга да болот.

СТРИПТИЗ
Бир оюнчуну мата менен чүмкөп жаап коюшат. Калгандары өз ара кеңешип, бир кийимдин атын катышат. Тигил болсо жашырылган кийимдин атын табышы керек. Эгер туура эмес, мисалы, майканын ордуна трусаны айтып алса, ошол кийимин чечип берүүгө тийиш. Ошентип, оюн улана берет. Оюндун максаты – мата менен чүмкөлүп турган оюнчуну жылаңач калтыруу.

ЖУМУРТКА ЧАБЫШ
Бул оюн мырзалар үчүн. Бойлору тең эки мырза эл алдына чыгат. Алардын “алигисинин” тушуна целлофан баштыкка салынган жумурткалар төөнөлүп коюлат. Эми колдору артка байланган мырзалар ошол жумурткалар менен чабышуулары керек. Кайсы мырзанын жумурткалары биринчи жарылса, ал жеңилет.

МЫКТЫ СУУ КУЙДУ
Кечеде чогулгандар эки топко бөлүнүшөт. Командалардан бир айым менен мырза алдыга чыгат. Айымдар стаканды эки бутунун ортосуна бекем кыпчуулары керектелет. Мырзалар да эки бутунун ортосуна бир бөтөлкө ичимдикти кыпчып, аны айымдын стаканына төкпөй куюуга аракет кылуусу кажет. Айымдар стаканды ыңгайлуу тосуп, мырзага жардам бериши керек.

КЫЗ ОРДУНА ЭРКЕКТИ КУЧАКТОО
Мырза менен айым 10 кадам аралыкта маңдай-тескей отурат. Экөөнүн ортосундагы аралыкка салфеткалар кадам сайын ташталып коюлат. Мырзага ошол салфеткалардын үстү менен гана басып барып, айымды өбүү тапшырмасы берилет. Бирок мырзанын көзү таңылары менен кыздын ордуна башка мырзаны отургузуп коюшат. Ошентип, жыйынтыгында көзү таңылган мырза эркекти өпкүлөп калат.

ТАТТУУ ӨБҮШҮҮЛӨР
Ортого бир оюнчу чыгарылып, анын көзү жоолук менен байланат. Оюнчу тегерете тургандардан бирөөнү тандап, эротикалык кыймыл менен сылап-сыйпалап же 3 мүнөттөй өпкүлөшү керек. Анан көзүндөгү таңууну алып, кимди өпкүлөгөнүн табышы зарыл. Таппай калса, көзү кайра байланып, оюн уланат. Эгер тапса, өзүнүн ордуна тапкан адамды чыгарат.


АЯЛ ЭМНЕ ҮЧҮН АЯЛ МЕНЕН ЖАШАЙТ?

Аялдын аялга болгон сүйүүсү... Эмне үчүн аял менен аял жашайт? Жөн гана кызыгып, кандай сезимге туш болорун билгиси келеби? Эркектерден өч алуу максатын көздөйбү? Же эркектен көңүлү калган үчүнбү? Бул суроолорго сексологдор эмне дешет?

Апасы эркекти жек көрсө, кызы лесбияндыкты тандоосу мүмкүн. Кыздын атасы ар бир юбканын артынан чуркап, үй-бүлөсүнө көңүл бурбайт дейли. Үйдө болгон учурда аялынын жаман сөздөрүнө теригип, чаң салып, кол көтөрөт. Мындайда апасы кыздарына “бардык эркектер ушундай” деп ыйлап, жамандай башташат. Бул сыяктуу сөздөр кыздын акыл-эсине орноп, башкача айтканда, апасынын сезимдери ага өтөт. Ошентип, ал эркектерди жек көрө баштайт. Акыры бул сезим аны лесбияндыкка алып келүүсү мүмкүн. Андыктан энелер үй-бүлөлүк мамилени кандай жол менен болсо да жөнгө салууга аракеттенип, кыздарын эркектерди жек көрүүгө жеткирбөөлөрү керек.
Бактысыз сүйүү. Бир эркекти сүйгөн менен, ал сезимин баалабаса, колдонуп таштап кетсе, кыздын эркектен көңүлү калат. Же баалаган эркеги кыздын түрү сууктугун айтып маскаралап, сени эч бир эркек жактырбайт деп көңүлүн калтырышы мүмкүн. Мындай учурда кыздын эркектен көңүлү калып, жалгызсырайт. Анан жакшы мамиле менен жумшак мээримди кыздардан издей баштайт. Көңүл бөксөөсүн айымдар аркылуу толтурган кыздын аң-сезими акырындап өзгөрүшү мүмкүн. Башкача айтканда, өзү да билбей лесбиянкага айланат. Андыктан кандай болбосун кыздар өзүн сүйүп, баалап, бир күнү болбосо бир күнү жакшы жигитке жолугарын ойлоп, лесбияндыкка жол бербеши керек.
Табияты күнөөлүү. Кээ бир кыздар табиятынан кыздарга жакын болушу мүмкүн. Башкача айтканда, физиологиялык өзгөчөлүгү ошондой. Бирок аларды кичинесинен туура тарбиялап, багыт берсе, башка кыздар сыяктуу эле эркекти жактырып, турмушка чыгат. Кокус эне “бул табиятынан ушундай” деп көңүл бурбай койсо, жаратылыштан берилген өзгөчөлүк бийлик кылып, кыз лесбиянкага айланат. Муну да энелер эске алуулары зарыл.
Кызыгуу же үгүттөөнүн таасири. Бат эле чоңоюуну көздөп, төшөк жашоосуна аралашууну самаган учур дейли. Эгер кыздын чөйрөсүндө лесбияндыкты аркалагандар болсо, анда кызды да ушундай мамилеге үгүттөөлөрү мүмкүн. Кыздар арасындагы сезим менен төшөк мамилесин татып көрүүгө кызыккан кыз лесбияндыкка аралашат. Анан эл арасында лесбиян деген сөзгө калган соң ага эркектер менен мамиле курууга оор болот. Эгер ал лесбияндыкты таштоо тууралуу чечим кабыл алып, эрктүүлүк кылып ал чөйрөдөн кетсе, анда жашоосун калыпка салып кете алат. Бул кыздын эркинен көз каранды.

Лесбияндык – аялдардын гомосексуалдуулугу. Лесбиян сөзү гректердин Лесбос деген аралынын атынан алынган. Себеби аталган аралда байыркы грек акын аялы Сапфо жашаган.
Ал аял болуп туруп аялдарды сүйгөнү менен аты чыккан.


ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн саныбызда)

Төшөктөгү наздануу
Бел суусу түшкөн соң кээ бир эркектердин алы-күчү келбей, сенек болуп калышы мүмкүн. Мына ушул жыргал секунддарда аял демилгени колго алып, ыйкоону ыкчамдык менен улантып кетсе, эркектин дене кумары эки эсе күчөйт. Кээ бир эркектер бел суусу түшөрү менен аялдын үстүнөн тура качышат. Себеби өзүнүн бел суусунан жийиркенишет. Бул туура эмес түшүнүк. Эгер эркек жыныстык жактан жугуучу оору менен оорубаса, анын бел суусу микробу жок, суудай таптаза болот. Муну аял да, эркек да билиши кажет. Андыктан жөн эле жийиркенүүнүн кажети жок. Эркек аялды эркелетип, ыраазычылыгын билдирүүсү керек. Аялдын дене кумары тарагыча эркек “аспабын” анын “жан жеринен” чыгарбоосу зарыл.
Эркек аялдан мурда эч качан уктабоосу кажет. Болбосо аял капа болот. Анткени аял “азыр эле жалынып жатпады беле, өзүнүн иши бүтөрү менен керек болбой калат турбаймынбы” деп ойлойт.
Аялдар кадырлоону, жароокер эркелетүүнү, сүйүү сөздөрүн угууну баалашат. Анын үстүнө жыныстык байланыштан кийинки жыныстык органдарда уюп калган кан 30-40 мүнөттөн кийин гана таркайт. Ошондо гана аялдын жаны жай алып, эс ала баштайт. Эгер аял дене кумарына канбай калса, жыныс органдарындагы кан уюган бойдон кала берет. Аялдан уйку качып, жинденип, бардык жери ооруп, кыйноого батат. Муну билбеген эркек аялды бактысыз кылат.
Жыныстык байланыш бүткөндөн кийин аял эркектин ал-күчүнө суктанып, аны мактоосу кажет. Ошондо эркектин көңүлү көтөрүлүп, март болуп, күчү ашып-ташат. Өзүнүн эркектик касиетине ишенип, ошол аялды кайра-кайра эңсеп, жыныстык катнашка улам барып турат. Сүйүүдөн бал таткан эркекке канган аялдын жүзүнөн бакыт нуру чачырайт. Мындай аял эркекке дүйнөдөгү сулуулардын сулуусу, мөлтүрөгөн айчүрөгү болуп жүрөгүнө түбөлүк так салат. Төшөктө эркектин милдети – аялды наздантып, эркелетип, делебесин козгоодо. Эркек секс ыкмаларын колдонуп, эркелетүүнүн күчү менен өзүнүн да кумарлануусун он эсе жогорулата алат.
Аялдардын кайталангыс өзгөчө жан эргиткен дене кумары эркектердикине караганда узакка созулат. Толкунга окшоп улам күчөп, кайра басаңдап отуруп жыргал сезими 10 секунддан 1 мүнөткө дейре созулат. Бир эле жыныстык байланышта кээ бир аялдар экиден бешке дейре оргазм ала алышат. Кээ бир аялдар дене кумарынын туу чокусуна жеткен кезде эси ооп жатып калышат. Кээ бир аялдар онтойт, кээ бирлери кыткылыктап күлөт же шолоктоп ыйлайт. Же эркектин бети-башын, моюнун же ийинин тиштегилейт. Же болбосо эркекти мыкчылап, буту-колун тыбырчылатып кыйкырат. Аялдардын мындай кылыктары эрктеринен тыш жасалат. Андыктан эркектер мындай көрүнүшкө чочулабай, туура кабыл алуулары зарыл.
Негизи, сулуу эмес аял болбойт. Бирөөнүн көзү, бирөөнүн чачы, дагы бирөөсүнүн буту сулуу. Бирөөнүн жан дүйнөсү, бирөөнүн кылыгы жакшы дегендей. Демек, кандай гана эркек болбосун, ага аялдын бир жери жагат. Андыктан аялдар төшөктө өзүнүн кайсы бир кемчилигин ойлобой, тескерисинче, өзүн толук эркин кармап, дене кумарына батууга умтулуусу керек. Эркектин денесин сыйпалап, өөп, соро турган жерин соруп, төшөк рахатынын кереметин сезе билүүсү кажет.
Жыныстык катнаш убагында эркек көзүн жумбай аялдын кооз кыймылдарын, дүүлүккөндөгү ажайып ажарын көрүп суктанып, моокумун кандыруусу кажет. Ошол эле учурда аялдын жекече өзгөчөлүгүн эске алып, анын дене көркүн ача турган ыкмаларды таап колдонууга жетишүүсү шарт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
imperator
2010-06-07 14:44:12
Астагфур....Эми ушундай иштерди жасоого угуттобогулочу.Ушуну жазып жатканга айтаарым.Озун куйоон отуруштарда аяштарына ушундайларды жасаса эмне кылмаксын.Же,европалашабыз.Боло берет деп теппей калганбы?!?
0
AazamatBBB
2010-06-07 15:48:59
чындап эле биздин менталитетке туура келбеген нерселерди жон эле койсонор жакшы болот эле )!
0
mikasa
2010-06-08 14:23:00
Бул менталитет эмес. Бул Болгон эле нерсе. Ансыз болбойт. Маалыматты билген жакшы. койсонорчу imperator менен AazamatBBB бойроктон шыйрак чыгарбай. "СССР де с*кс жок" болбой :) анда окубагыла. Окуп бутуп анан Астафур дегенден не пайда?
0
imperator
2010-06-10 13:32:15
Окуп бутуп астафур... дебей дейсин.окубай туруп и4инде эмне камтылганын кайдан билесин.Супер 4ектен 4ыгарып жиберип атат.Карабайсынбы бардык ыкмаларда эптеп бащка бироо менен бузуку4улукка угуттоо.Бул маалыматтарды бащка булактан которуп жатканда Кыргыздын менталитетине карап жазсын.Кул4оронун китебиндегилер маалымат.
-1
imperator
2010-06-10 13:35:29
СССРде ен коп саткан газеталар макалаларында мынтип с..с менен жылдыздардын турмущун жазбай куннумдук оку9ларды,адамбаласына керектуу матери9лдарды басып чыгарыщат эле.ощондуктан СССР убагындагы адамдардын интелигенциясы ку4туу эле.
0
Штатский
2010-06-10 14:38:49
Чынын айтканда, дене кумары жана башка тошок жонундо билгиси келсе оз алдынча изилдегени жакшы!! Бул оз чойробузду таза сактаганга жардам берет. келечекти ойлойбуз десек жана биздин балдарга жакшы нерселерди калтырууну каалак. Ансыз деле дуйно бузулуп баратат!!!
0
KubaBuba
2010-06-12 05:07:28
Супер-инфо, тошок жонундо коп жазып калдынарго дейм! Айтоор созум, Супер-Инфону 12 жаштан баштаган жаш балдар кыздар да окуйт! Абайлагыла, булсыз да жаштар бузулуп баратат!!!!
0
merish
2010-06-19 13:54:01
да ладно вам, знать какую-либо информацию не вредно просто нужно делать правильные выводы и потом не скромничайте это законы природы от этого никуда не деться
0
azike
2011-08-30 15:54:23
эн туура нерселер жазылган мен карангы адам эмесмин
-1
Laden
2011-09-04 20:41:55
Астра Айдаровада опыт күчтүү болуш керек.)
0
suli-krsk
2012-05-06 07:57:29
Jakturbagandar, portaluna kirbei ele koigula4u, bul jerde talwup tartywpai.
0
jomik_kg9595
2014-02-10 05:37:12
Жакшы кенештер экен билип алсан кереги тиет
0
Kanulya86.m
2015-03-29 18:41:30
Соротурган жерин соруп дейтго, ХХХ
0
admin_superstan
2015-03-30 12:28:35
Kanulya86.m, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан