«Адашкандан корком, азырынча жаңы мамиле курууга даяр эмесмин» деген Айпери Кубик кызы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызык маек курду. Энергиясы ашып-ташкан ырчы бүгүн биздин апта каарманыбыз.
– Кандайсың, Айпери? Майрамың менен! Качан көрбөйүн иштеп эле жүргөн болосуң...
– Рахмат, сизди да куттуктайм. Ооба, аз уктап, көп иштеп, ишке тойбой турган учурум. Учурда кубалык эки жигиттен турган топ менен бирге жазылган ырга клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатабыз.
– Былтыр башка улуттун ырчысы менен дуэт жаздырып, эл тарабынан катуу сынга кабылдың эле. Кайрадан терс пикирлер айтыларына даярсыңбы?
– Ооба, Хосе деген ырчы менен «Дани» аттуу ырды аткарып чыкканда дарегиме «кыргыз жигити калбай калдыбы?» деген өңдүү сын-пикирлер көп айтылган. Андай сөздөргө даяр болчумун, күткөм. Бул жигиттер да сунуш кылышты, жок дебей, дароо макул болдум. Жаңыланууну жакшы көрүп, жакшы идеяны колдойм. Бирөөгө жакса, экинчисине жакпай калышы мүмкүн. Сындашса капа болбойм.
– Уулуң чоңоюп жатабы? Бала үчүн жалгыз эненин тарбиясы жетиштүү болот бекен?
– Даян жайында үчкө чыгат. Мен жалгыз эмесмин, балага ата-энем каралашат. Атамды «ата» деп чоңоюп жатат. Колумдан келишинче эне катары милдетимди аткарганга аракет кылуудамын. Уулумдун апасынын жетегинен чыкпаган бала болушун каалабайм, ошондуктан мырза катары калыптансын деп спорт менен машыктырам. Кыскасы, элден кем кылбай өстүргөнгө аракет кылып жатам.
– Аялзатынын бактысы деп эмнени билесиң?
– Аялзатына бул жашоодо сүйүү, үй-бүлө, бала, жумшак мамиле керек экен. Кадырыңа жеткен адам болсо, баркталсаң, ошол бактылуу аял деп ойлойм.
– Ошентип кадырлап, барктай алган жакын адамың барбы?
– Бир адашкандан кийин кайрадан мамиле түзгөнгө толук даяр болбой, бирөөгө ишене албай калат экенсиң. Экинчи жолу жаңылгым, өкүнгүм келбейт. Эгер жеке жашоомдо жаңылык болуп калса, сөзсүз кабарлайм.
– Ошентсе да колуңду сураган жигиттер бар болсо керек?
– Мактангандай болбоюн, бирок эмнегедир өзүмдөн кичүү жигиттер «сүйөм, эч нерсеңе карабайм, балаңа өз баламдай мамиле кылып ата болуп берем» дешет. Минтип өзүңдөн кичүү жигиттер баш кошуу сунушун киргизип жатышса, уялат экенсиң. Айрымдар балам барына ишенбей, «жаш көрүнөсүң» деп да айтышат. Балким, жүрүм-турумум жаш кыздардыкындай болсо керек. Өзүмдү дайым 18 жаштагыдай сезем.
Бирок сүткө оозум күйүп, айранды үйлөп ичип калгандан кийин жигиттин турмушка канчалык туруштук бере аларына, тиричиликке тыңдыгына карап калат экенсиң. Экинчи түгөйдү тандоодо кеп жаш-куракта эмес, эки адамдын ою туура келип, бирине-бири чыдаса, бирге умтулса жана жашоого бирдей көз карашта болсо, ошондо бекем үй-бүлө курулса керек. Азыр адамды жаныма жолотпой, кооптонуп, этияттап калдым. Айланадагы жигиттер менен дос, ага же ини катары эле сүйлөшүп турам. Маңдайга эмне жазылса, ошону көрөбүз.
– Сыртыңдан күчтүү көрүнөсүң. Жашоодо ыйлайсыңбы?
– Менин жан дүйнөм таш болуп катып калган окшойт, канчалык бук болсом да, капа болсом да ыйлай албайм. Капа болгонумду, сырымды, бугумду сыртка чыгарбай ичиме сактайм. Анткени бирөөгө ишенүү кыйын болуп калбадыбы, достор, тааныштар, жадакалса коюнуңдагы адам деле сатып кетет.
– Жаңы жолтандабас айдап жүрөсүң, майрамга деп алдыңбы же бирөө белек кылдыбы?
– Жок, мага ким белек кылмак эле (күлүп)? 3 жылдан бери Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа айдап жүрчүмүн. Анан жаңы унаа алсамбы же акча топтой берсемби деп көп ойлондум. Ата-энем менен кеңешип, бир жума мурда ушул Фольксваген Туарегди сатып алдым.
– Инстаграм баракчаңа балаңды алдыңа алып отургузуп, унаа айдап бараткан видео жүктөдүң эле. Жол эрежесин эскерткендер көп болду.
– Жаңы алган унаамдын кубанычын уулум менен бөлүшүп, биринчи жолу чогуу айдайлы дегем. Менде деле акыл бар, баланын коопсуздугун ойлойм. Өзүбүз жашаган Ак-Өргөөдөгү көчөгө эле айдаганбыз. Анын эмнеси бар экен? Алдыма баламды алып, бир колума телефон кармап, рулга отуруп чоң көчөгө чыгып кеткен жерим жок.
– Маегиңе рахмат. Ийгилик!
Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
star@super.kg