28 жаштагы Назгүл Ражапаева кичинесинен кант диабетинен жабыркап келет. Учурда анын бөйрөктөрү да алмаштырууга муктаж жана 2 көзү тең көрбөйт. Буга карабай, ал учурда үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу. Иштеп апасы менен сиңдисин багат.
«ГЕМОДИАЛИЗ АЛБАСАҢ 4 АЙ ГАНА ЖАШАЙСЫҢ ДЕШТИ»– Мен 1989-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулгам. Атамдын да, апамдын да кичине кездеринде кулактарына суук тийип, кулактары укпай, сүйлөй албай калышкан экен. Атам мен 15ке чыкканда каза болгон. Азыр апам жана сиңдим менен жашайм. Мен дени сак төрөлгөм. 8 жашымда кант диабети менен ооруп калдым. Дарыланып жүрүп мектепте да окудум, бий курсуна да бардым.
Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Финансы жана кредит факультетинде окудум. 3-курстан баштап Кыргызстандын профсоюздар федерациясында иштедим. Баары жакшы болчу. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыкчумун. Алдыга койгон чоң максаттарым, амбицияларым, пландарым бар эле.
2013-жылы банктардын биринде өз кесибим боюнча иштеп баштадым. Ошол эле жылы жайында диплом жактадым. Ошол убактарда көзүмдүн көрүүсү начарлап баштаган. Диплом жактап жаткан учурда эсимди жоготуп кулап калгам. Кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Өзүмө келген соң кайра эле иштеп жүрө бердим. Бирок 2-3 жумадан кийин дагы эсимди жоготуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калдым. Бөйрөктөрүм иштебей жатканын ошондо билдим. Врачтар гемодиализ албасам 4 ай гана жашаарымды айтышты.
Мен 23 гана жаштамын. Эми гана диплом алып максаттарыма карай бараткам.
«АБАЛЫМДЫ УККАНДА АРТЫН САЛЫП КЕТКЕНДЕР БОЛДУ»
– Гемодиализ алганга макул болгон жокмун, анткени кичинемден дарыланып жүрүп көңүлүм калган. Ден соолугум начарлай берди, мен болсо дарыланып кыйналып жашаганча 4 ай жашап алайын деп ойлодум. Анан апамдын, жакындарымдын кыйналып жаткандарын көрдүм да, тагдырга жеңилип берүү эң оңой жол экенин түшүндүм. Кудайдын алдына барганда эмне деп жооп берем? Ал менден «Сага жашоо жана сыноо бердим. Сен эмне кылдың?» деп сурайт да. Буларды ойлонуп Кудайдын алдында уялдым. Кудайдан эч кимге көз каранды кылбашын суранып, өлүм менен күрөшүүгө өттүм.
Гемодиализ алып баштадым. Бирок абалымды эч кимге айтпайм деп чечтим. Оорукчан болгонумдан уялдым. Абалымды билгенден кийин сүйлөшпөй алыстап кеткендер да болду. Ошондуктан бардык адамдардын мага артын салып кетишинен корктум.
Бирок сыноо али алдыда экен. Гемодиализ алып баштагандан 2 жумадан кийин бир көзүм сынык күзгүдөй көрүп калды. Кан басымым түшүп, көтөрүлө берип көзүмө доо кетиптир. Көздүн тор кабыгы катмарланып кетиптир. Көзүмө операция жасалды. Тилекке каршы, ийгиликсиз. Операциядан кийин ал көзүм такыр көрбөй, экинчи көзүм да 1-2 гана пайыз көрүп калды. Ушул күндөр мен үчүн эң кыйын болду. Бирок кийин күн менен түндү айырмалай алганыма ыраазы болуп жашап калдым.
Чет өлкөлөрдөгү күчтүү дарыгерлерге көзүмө операция жасатыш керек экен. Бирок менде психологиялык травма калган, операция жасаткандан корком. Аябай жакшы врач табылып, ал көзүм көрүп кетишине 100 пайыз кепилдик берсе гана операция жасатканга макул болсом керек. Көзүм көрбөй калганда 2 жылдай депрессияда жүрдүм. Эч ким менен сүйлөшпөй, эч нерсеге каалоом жок, үйдөн чыкпай жашадым. Айланамдагылар «жашоо жакшы, жашаш керек» деп айта беришти. Бирок алар мени түшүнбөйт да. Мени түшүнгөн, меникиндей сезимдер менен жашаган адамдар менен сүйлөшкүм келчү. Депутат Дастан Бекешев, дагы бир көзү көрбөгөн агайым бар болчу, ошолор менен сүйлөшкүм келчү.
«АЯБАЙ ИШТЕГИМ КЕЛЧҮ. БЕКЕР ОКУГАН ЖОКМУН ДА»
– Бир күнү көзү көрбөгөндөр үчүн компьютер курсу бар экенин билип, бардым. Мурда тегерек стол, тренинг, семинарларга чет жактарга барып жүрүп, эми көзүм көрбөй, өзүмө окшош адамдар менен отурганыма арданып ыйладым. Бирок мени эч ким көргөн жок да. Байкап көрсөм, ал жакта жайдары, жашоого ыраазы болгон адамдар бар экен. Кызыгы, ошол эле күнү Дастан Бекешев менен агайыма жолуктум. Курсту ошолор ачышыптыр. 2 айда мурда билген эле нерселеримди кайрадан окуп чыктым. Айрымдар «жашсың, жумуш табасың» дешти. Соо адамдар таба албай жүргөн жумушту мен кайдан табам деп ойлодум. Бирок каалоо, ниет болсо жашоо деле жардам берет экен. Башында иштеп кетериме деле ишенчү эмесмин, бирок аябай иштегим келчү. ЖОЖдо бекер окуган жокмун да. Жумуш сурап барсам, «үйдө эле отура бербейби, эмне келди?» деп айтышат го деп корктум. Тобокелге салып мурда өзүм иштеп кеткен банкка барып абалымды түшүндүрүп, мүмкүнчүлүк берүүлөрүн сурандым. Жумуш беришти. 3 жылдан бери банкта иштеп жатам. Коштоо бөлүмүнүн адисимин.
Алдыга койгон пландарым, максаттарым, кыялдарым көп. Мендей болуп кыйналгандарга жардам берген реабилитациялык-тренингдик борбор ачкым келет. Дүйнө таанымымды кеңейтип, көптү үйрөнсөм дейм. Камкор жолдошум болуп, аны менен 3 балалуу болууну кыялданам. Балдарымдын аттарын да ойлоп койгом. Бирок азыр ден соолугум маанилүү болуп турат. Бөйрөктөрүмдү алмаштыруу керек. А мен көзүмдүн да көрүп калышын кыялданам.
«ЭЧ КИМ ЭЧ КИМГЕ ЭЧ НЕРСЕ КАРЫЗ ЭМЕС»
– Үйдө жалгыз киреше булагы менмин жана апам экөөбүз биригип 6 миңге жетпеген пенсия алабыз. Дарыларым кымбат, андан сырткары мага көбүнчө такси кызматын пайдаланууга туура келет. Апам мурда 25 жыл тигүүчү болуп иштеген, ашпозчу болуп да жүрдү. Мен ооругандан бери мени карап үйдө отуруп калган. Сиңдим 9-класста окуйт.
Көпчүлүгүбүз байлык, акчанын артынан сая түшүп алганбыз. Бирок эң чоң байлык адамга бекер берилген нерселер экен. Ден соолук, ата-энең, жакындарың, акыл-эсиң. Жашоосунда бир аз көйгөй жаралса наалып отургандар өздөрүн аягандар, алар башкаларды өзүнө карыздар деп ойлошот. Мен деле үйдө жатып алмакмын. Бирок анда ким келип мага жардам берип, башымдан сыламак? Мен аракет кылдым, тагдыр да мага жардамга келди. Аракет гана кылыш керек. Бир адам экинчисине жардам берген күндө дүйнө жакшырат. Үйдө жатып алып, «мына, мен байкушмун, бактысызмын, жардам бергиле» деген оңой. Бирок эч ким эч кимге эч нерсе карыз эмес.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg