(Башы өткөн санда)
Эмилдин энеси Айжанга үйлөнүшүнө эмнеге каршы болду? Анын кандай себептери бар эле? Бул жолу себептерин билүү үчүн кайнененин баянын угуп көрөлү.
– Үйлөндүк деп жетелешип кирип келишти. Жүрөгүм солк этти. Анткени алтынчы туюмум менен бул кыз менин уулума жамандык алып келерин сездим. Бирок айлам жок эле. Баарынан да уулум анын жүзүн караганда дүнүйөсү түгөл болуп, бактылуу болуп кетчү. Бирок Айжандыкы андай эмес. Эмилди сүйгөнүнөн эмес, ага тийгенге мажбур болгонун жүрөгүм сезди. Ата-энеси, туугандары тууралуу да эч нерсе айтпады. Билишимче, ата-энеси ажырашып кетип, өзү таякесинин колунда тарбияланган экен.
– Айжан акылы бар, жогорку окуу жайын да бүтүргөн, сулуу кыз болчу. А менин уулум апасынан башка эч кимиси жок студент эле. Эмнеден буга жабышып калды? Жатсам-турсам оюм ушунда. Эмил эч нерсени сезген жок.
– Канчалык каарымды чачсам да кабагым-кашым дебей оокат кылышты үйрөндү. Балким, мен жаңылгандырмын? Бир күнү тамак ичип жатып кускусу келип окшуп кетти. Аркасынан тиктеп калдым. Боюнда болуп калдыбы?
– Айткандай эле тез аранын ичинде эле боюнда бар экени билинди. Мен неберелүү болом! Мынчалык тез болушун күтпөгөнүм менен, бул жаңылык мени апкаарытып салды. Кубанычымда чек жок эле.
– Эмил менден бетер бактылуу болчу. Жалгыз уулумдун башына баш кошулат деген ушул. Баланы кандай багышты, эмне кылышты алдын ала пландап баштадым. Азыркылар мага бактыра коёрун ким билет, ошентсе да жакшы тилек кылып аны-муну ала баштадым.
– Бирок биздин кубанычыбыз көпкө созулбады. Келинимдин курдашы үйгө келип, экөө келинимдин оорусу тууралуу сүйлөшүп жатканын кулагым чалды. Албетте, мындан Эмилдин да кабары жок экен. Ооба, менин энелик жүрөгүм сезгендей эле ал менин уулумду пайдаланып турмушка чыгып алыптыр.
– Эмилге уккан-көргөнүмдү айттым. Айжан экөө урушуп кетишти. Келиним дени сак бала төрөөрүн айтып, кечирим сурап жалбарып жатты. Угуп туруп жүрөгүм ооруду. Өзүмдүн уулума жүрөгүм андан да зыркырайт.
– Келинимдин чырылдап ыйлап жатканына чыдай албай жетип бардым. Эмил эшикти тарс жаап чыгып кетти. Эмне кылам? Мурун бир гана уулумду ойлосом, эми анын төрөлө турган баласын да ойлонушум керек. Айжан да бирөөнүн кызы. Анын тагдыры эмне болот? Ушул учурда мага өзүм да күтпөгөн чечим келди. Кандай болсо да неберем үчүн мен бул келинди сактап калышым керек эле. Демек, уулумдун уясын сакташым керек. Баасы канча болсо болсун, мен аракет кылышым керек.
Айжан эмне дарт менен алышууда? Кайнене уулунун үй-бүлөсүн сактап кала алабы?
(Уландысы кийинки санда)
Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg