Cооронбай Жээнбеков: «АКАЕВ МЕНЕН БАКИЕВДИН ТАГДЫРЫН КӨРГӨМ, МЕН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙМ»

Сооронбай Жээнбеков президент катары 6-мартта биринчи жолу ЖМК жетекчилери менен жолугушту. Мамлекет башчы медиа өкүлдөрү менен жылуу маанайда ачык-айкын пикир алышып, көпчүлүктү кызыктырып турган суроолорго жооп берди.

Акыркы күндөрү саясат айдыңында, интернет коомчулугунда Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесинде келишпестик пайда болгону тууралуу көп айтылып, жазылууда. Жээнбеков бул сөздөрдү төгүндөп экөөнүн ортосунда келишпестик жоктугун айтты. "Алмазбек Атамбаев менен жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери саясатта чогуу келе жатабыз, доспуз. Көп сыноолордон чогуу өттүк. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпестик жок. Биз жолугушуп, кеңешип турабыз. Анын алты жылдык президенттик тажрыйбасы өлкө үчүн керек»,- деди Жээнбеков.
Өлкө жетекчиси президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп келген Фарид Ниязовдун кызматтан кетүүсү боюнча анын чечимин сыйлай турганын, өз командасында бул ишти алып кетүүгө татыктуу кадрлар бар экенин айтып «сыйлуу орун бош калбайт» деди.
«Аймактарды өнүктүрүүгө быйылкы жылды арноо, көптөн бери бышып келе жаткан маселе болчу» дейт ажо. Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттин 80 пайызы Бишкек менен Чүйдөн топтолуп жатат. «Аймактарда өндүрүш токтоп калган. Андыктан ал жактарда чет өлкөлөргө иштеп келүүгө кеткен мигранттар агымы күчтүү. Ошол агымды азайтуу үчүн да аймактарды өнүктүрүшүбүз керек»,- дейт Жээнбеков.
Президенттин 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөшүү боюнча сүйлөгөн сөзү, УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол жана сот органдарына карата айткан сыны боюнча коомчулукта талкуу басыла элек. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү үчүн адегенде укук коргоо органдары өздөрү таза болушу керектигин дагы бир жолу эскертти. «10-15 адамды соттоп жиберүү менен маселе чечилбейт. Күрөшкө системдүү мамиле жасоо керек, бул үчүн элдин да, ЖМКлардын да жардамы керек»,- дейт Жээнбеков.
Тар чөйрөдө президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзүнчө партия түптөгөн жатат деген сөздөр айтылууда. Сооронбай Жээнбеков бул сөздөр чындыкка үндөшпөй турганын айтып: «Ал эң оор жылдарда КСДПга иштеди, партияны эми деле таштабайт. Ал эми мен үчүн азыр бир гана партия бар, ал – жалпы Кыргыз эли»,- деди. Өлкө жетекчиси Кыргыз өлкөсү багыт алган парламенттик башкаруудан кайтпашы керек деген пикирде. "Биздин келечек – парламенттик жол. Өткөн учурга кайра кайтууга, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кайтарып келүүгө жол бербейм. Мен Акаевдин, Бакиевдин тагдырын көргөм. 6 жылдан кийин да элдин арасында, таза абийирим менен калгым келет",- дейт президент.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан