КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КЫЗМАТКА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) жетекчиси болуп Сагынбек Исмаилов дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Исмаилов аталган кызматтын башчысы болуу менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары рангына ээ болот.
Сагынбек Исмаилов буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Ал 1985-жылы СССРдин ИИМине караштуу Жогорку мектепти аяктаган. Учурда 55 жашта. Көп жыл ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.
Эске салсак, 8-февралда өткөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрү, көзөмөл, укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишин кескин сындаган. Анын ичинде Коррупцияга каршы кызматтын ишине нааразычылыгын билдирген эле. Көп өтпөй президент УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, мекемедеги кадрлардын кызмат ордуна туура келер-келбесин дыкат карап чыгууну тапшырган.
Коррупцияга каршы кызматты 2016-жылдан бери жетектеп келген Дүйшөнкул Чоткараев 19-февралда кызматтан бошотулган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан