Жогорку Кеңеш 7-мартта жөлөкпул боюнча өкмөт сунуштаган жаңы мыйзам долбоорун кароодон баш тартып артка жылдырды. Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору парламент комитетинде шашылыш каралганын айтып, документти палатада шашпай кароо үчүн маселени күн тартибине киргизбей турууну сунуштады. Сунушту Кенжебек Бокоев, Алтынбек Сулайманов өңдүү башка депутаттар да колдоого алышты. Ал эми төрага Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору 2 комитеттин кароосунан өткөнүн айтып палатада карай берүүнү сунуштаганы үчүн эл өкүлдөрүнөн «сиз өкмөттүн эмес, парламенттин таламын талашыңыз» деген сын укту. Аталган маселени кароого депутаттардын көбү каршы добуш берип, мыйзамды талкуулоо артка жылдырылды.
Депутаттардын шашпай кароону сунуштаганы да бекеринен эмес. 2017-жылы өлкөдө «Жөлөкпул жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынган, ал 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирмек. Бирок 1-январга жакын өкмөт аталган мыйзамдын ишке кирүүсүнө каршы чыгып, мыйзамдын бир нормасы гана күчүнө киргизилген. Калган нормаларынын күчүнө киргизүү мөөнөтүн 2018-жылдын 1-апрелине жылдырган. Бул арада өкмөт жөлөкпул боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдамак. Ал мыйзам долбоорун депутаттар чала деп кайтарышты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg