БИР БҮРКҮМ. БАШ ПРОКУРОР ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВА АПРЕЛДЕ ПАРЛАМЕНТТЕ ОТЧЁТ БЕРЕТ...

  • Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси болуп САМАРГҮЛ АДАМКУЛОВА дайындалды. Буга чейин ал Индия, Бангладеш жана Непалда элчилик кызматты аркалап келген.
  • 2017-жылы КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ МЕНЕН ТҮРКИЯНЫН ортосундагы товар алмашуу 2016-жылга салыштырмалуу 26,7 пайызга, тагыраагы 356 миллион долларга өскөн.
  • Жалал-Абад облусунда ЖЕР КӨЧКҮ басып калуу коркунучундагы 1190 үй-бүлөнүн 160ы коопсуз аймакка көчүрүлдү.
  • Башкы прокурор ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВА апрель айында Жогорку Кеңеште жылдык отчётун берет. Бул тууралуу парламент спикери Дастанбек Жумабеков билдирди.
  • КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН катчысынын орун басары Марат Төрөбеков кызматынан бошотулду.
  • Япония Кыргыз мамлекетине ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ күрөшүү жана эне-баланын ден соолугун чыңдоо үчүн 6 миллион 200 миң доллар бөлдү.
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп ДАНИЯР СЫДЫКОВ дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген.
  • Кыргыз Республикасына сырттан акыркы 25 жылда АЙЫЛ ЧАРБАСЫН өнүктүрүү үчүн 1 миллиард 127 миллион доллар алынган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
  • Кыргыз өлкөсүндө 1500дөн ашуун жаран НАРКОЛОГИЯ борборунун тизмесинде турат.
  • 2017-жылы ДОКТОРДУК жана КАНДИДАТТЫК диссертация жактагандардын саны 274 адамга жеткен. Анын 49у доктордук, 225и кандидаттык иштерин коргогон. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу эки эсеге аз.
  • 3-мартта Бишкектин "АЛА-ТОО" АЯНТЫНА мамлекеттик тууну кайтарган ардактуу кароол кайрадан тургузулду. Кароол тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2016-жылдын май айында алынган болчу.
  • Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдө ири суммадагы акча уурдоого шектелип "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары БЕРДИБЕК БОРКОЕВ жана аталган мекеменин техникалык директору АЛМАЗ ЖУСУПБЕКОВ кармалды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 801, 9-март -15-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан