2014-жылы мамлекет тарабынан Шабдан баатыр тууралуу көркөм тасма тартууга 80 миллион сом каралып, анын 20 миллион сому "Кыргызфильм" киностудиясына берилген. 2016-жылы Эсеп палатасы тасмага бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган деген тыянак чыгарып, "Кыргызфильм" калган каражатты мамлекетке кайтарып берген. Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдон бул ызы-чуунун чоо жайын сурап кайрылдык.
– Эрнест агай, тартылбай калган Шабдан баатыр тууралуу тасмага бөлүнгөн 11 миллион 500 миң сом максатсыз пайдаланылган деп ызы-чуу болушууда, буга жообуңуз кандай?
– Биринчиден, ызы-чуу болушпай эле, массалык маалымат каражаттары Эсеп палатасынын 2016-жылы жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгын жарыкка чыгарып жиберишиптир. «11 миллион 500 миң сом максатсыз колдонулган» дегени тасма толук тартылбай калды, тартуу иштери башталбай туруп токтотулду дегенди түшүндүрөт. Биз короткон
11 миллион 500 миң сомго Red Epic Dragon үлгүсүндөгү кымбат баалуу камера алганбыз. Киного деп реквизиттер алынган, найза, зоот, костюмдар, 8 араба жасалган. Акча орунсуз пайдаланылган жок. Кеткен каражаттарга киностудияга керектелчү жабдыктарды сатып алдык, анын баары «Кыргызфильм» киностудиясында турат жана колдонулуп жатат.
– Тасманы тартуу иштерин баштабай жатып токтоп калганынын себеби эмнеде?
– Эми мен мамлекеттин атынан сүйлөй албайм да. Эмнеге токтотуп коюшканын расмий билдиришкен жок. Менин пикиримде, тасманын сценарийинин тегерегиндеги бир топ ызы-чуулар себепкер болду окшойт. Илимдер академиясынан тарыхый окуялар так болсун деп бизге 3 тарыхчы консультант бөлүп беришкен. Алар Аскар Беделбаев, Өскөн Осмонов, Дөөлөт Сапаралиев жана Шабдан баатырдын чөбүрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы да сценарийге өз кошумча-алымчаларын киргизген. Орто жолдо коомдук активистмин дегендер «сценарийди окутуп коюңузчу, биз да сунушубузду киргизели» дегенинен аларга сценарийди жиберип койсом, алар сценарийдин кемчиликтерин таап коомчулукка жайып жиберишиптир. Ошондон баштап мага ар тараптан чабуул башталды. Президенттин алдындагы ошол учурдагы «Мурас» фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегиндин сценарийдин биринчи вариантын жиликтеп гезиттердин бирине эки бет кылып жазган макаласы бул долбоордун убалына калды. Эгерде ошол сынчылар бул тасмага жакшы ниет менен мамиле кылганда, коомчулукка кайрылбай эле өзүбүзгө айтышса, биз ошол жерлерин ызы-чуусу жок эле оңдоп коймокпуз. Анткени алар талкуулап жаткан сценарийге кийин бир топ жолу оңдоо-түзөөлөр киргизилип, сценарийдин 7-варианты тарыхый консультанттар, көркөм кеңеш, эксперттик комиссия тарабынан жактырылып бекитилди. Бирок болбой эле баштапкы версиясын беттерине кармап асылып туруп алышты. Кала берсе, Кеминден аксакалдарды чогултуп мага нааразычылык айттырып жүрүштү. Ал убакта «Саякбай» тасмасын тартуу боюнча сунуш түшүп жаткан. «Шабдан» токтоору менен ошол долбоорго өтүп кеттим.