"Армандуу ырлардын атасы" атыккан ырчы Асылбек Өзүбеков Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрына жетекчи болуп дайындалды. Көп жылдар бою Кыргыз драма театрында, «Туңгуч» театрында иштеп тажрыйбасы мол болуп калган ырчы жаңы кызматы тууралуу: «Былтыр Кыргыз драма театрынын жетекчилигине сынак жарыяланганда барып катышкан элем. Бирок анда Назым Мендебаиров өтүп кеткен. Быйыл Назым Мендебаиров көркөм жетекчиликке өтөм дегенинен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрадан кайрылып бир жылдык келишим менен аталган кызматка дайындалдым. Кызматка киришкениме эки эле күн болду. Азыр административдик жумуштар менен таанышып, юристтер менен кеңешип жатам. Театр ичиндеги көйгөйлөрдү эми өздөштүрүп баштайм»,- дейт.