Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АВТОУНААНЫ КАЙРА КАТТОО АРЗАНДАЙТ. Бул жеңилдикти кантип пайдалануу керек?

№802 16-март -22-март, 2018-ж.


Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды кайра каттоо үчүн айдоочуларга 3 айлык жеңилдетилген мөөнөт берүүдө. Ушул жылдын 2-апрелинен 1-июлуна чейин автоунааны ишеним кат менен айдап жүргөндөргө унаасын өзүнүн наамына арзан баада каттатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Усеин Касымалиевдин билдиришинче, автоунааны кайра каттоонун баасы учурда 2500 сомдон 5 миң сомго чейин болсо, алдыдагы 3 ай ичинде 300 сомдон 1000 сомго чейин түшүрүлөт. “Баа автоунаалардын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша эсептелет. Бүгүнкү күндө каттоо күбөлүгү үчүн 800 сомдон, мамлекеттик номур үчүн 950 сомдон төлөнсө, жеңилдетилген шартта кайра каттоо кампаниясы учурунда бул акча төлөнбөйт. Мисалы, азыркы учурда автоунааны кайра каттоодогу төлөм 1500 сом болсо, эми 10 эсе арзандап, 150 сомду түзөт. Ал эми банктык жана компьютердик кызматтар үчүн мурдагыдай эле 300 сом төлөнөт. Жыйынтыгында жалпы сумма 450 сом болот”,- деди Касымалиев. Ошондой эле кайра каттоодо автоунаанын пайдаланылып жаткан мамлекеттик номуру менен техникалык паспортун өзгөртпөй койсо да болот.


НЕГИЗГИ СУРООЛОРГО ЖООПТОР

КАЙРА КАТТОО ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН МӨӨНӨТ КАНЧАГА СОЗУЛАТ?
Жеңилдетилген мөөнөт 2-апрелден баштап 3 айга созулат. Тагыраагы, 2-апрелден 1-июлга чейин.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
Бул үчүн автоунаанын техникалык паспорту, ишеним кат, автоунаа жана анын мамлекеттик номуру талап кылынат. Кайрадан каттатууга автоунаанын ээси жана сатып алган жаран сөзсүз түрдө паспорту менен келиши шарт.

1-ЖОЛУ ӨЗҮНӨ КАТТАТЫП ЖАТКАНДАРГА ДА ЖЕҢИЛДИК БАРБЫ?
Автоунааны биринчи жолу каттатып жаткандарга жеңилдик берилбейт.

УБАКТЫЛУУ ЖАШАП ЖАТКАН ЖЕРГЕ КАТТАТСА БОЛОБУ?
Көбүнчө айдоочулардын каттоосу айылда болот. Бирок өздөрү шаарда жашайт. Мындай учурда өзү кайда катталган болсо, автоунаасы да ошол аймакка каттатылышы керек. Эгер шаарда убактылуу жашап, шаарга каттатууну кааласа, ижарага жашап жаткан үйдүн ээсин алып барып каттап алса болот.

КАЙСЫ МЕКЕМЕГЕ КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
Автоунааны кайра каттатуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо жана текшерүү бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Аталган бөлүм республика боюнча 24 аймакта иш алып барууда.

1 АВТОУНААНЫ КАНЧА СОМГО КАЙРА КАТТАТСА БОЛОТ?
Мисалы, учурда 2002-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 1300 сантиметр куб болгон Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунааны кайра каттоонун баасы 1000 сом. Жеңилдетилген шартта кайра каттоо үчүн баа 10 эсе арзандаса, баа 100 сомду түзүп калат. Эгер жаңы техникалык паспорт жана номер алынбаса, буга компьютердик кызмат үчүн 300 сом, кошулуп жалпы 500 сомдун тегерегинде болот.

ИШЕНИМ КАТ ЖАЗЫП БЕРГЕН АДАМ КАЗА БОЛУП КАЛСА ЖЕ АНЫ ИЗДЕП ТАБУУГА БОЛБОСО КАНДАЙ БОЛОТ?
Бул учурда маркумдун туугандары мүлктү мураскер катары өзүнө өткөрүп алуу керек. Андан ары мураскер сатып алуучу менен Мамлекеттик каттоо кызматына барып сатып алуучуга каттап берсе болот.
Эгер ишеним кат жазып берген адамды табууга мүмкүн болбосо автоунаага 8 жыл ачык ээлик кылганыңыздан кийин соттун чечими менен өзүңүзгө расмий каттатып алсаңыз болот.


600 МИҢДЕН АШЫК АЙДООЧУ АВТОУНААСЫН ИШЕНИМ КАТ МЕНЕН АЙДАЙТ
Жогорудагы жеңилдик өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилип жатат. “Акылдуу шаар” долбоору ишке кирсе, көчөлөргө орнотулган видеокамералар эреже бузган айдоочуларды каттоого ала баштайт. Бул учурда айып төлөө жөнүндө билдирме автоунаанын техпаспорттогу ээсине барып, унаанын учурдагы ээси кабарсыз калат. Мындай иш-аракеттер ыңгайсыздыктарды жаратып, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууну артка тартары анык. Расмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө 1 миллиондон ашуун автоунаа бар. Анын жарымынан көбүн айдоочулар ишеним кагазы менен айдап жүрүшөт.

 

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
20.03.2018. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-01-2018
Соӊку аракети:
10-09-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер ишеним кат жазып берген адамды табууга мүмкүн болбосо автоунаага 8 жыл ачык ээлик кылганыңыздан кийин соттун чечими менен өзүңүзгө расмий каттатып алсаңыз болот.
ОШОНДО БУЛ ЖЕНИЛДЕТИЛГЕН ТУРУН КОЛДОНО АЛБАЙТ ЭКЕНБИЗ ДА
20.03.2018. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен акемдин атындагы машинени минем, фамилиябыз окшош. Акемден сатып алгам өзүмө каттатышым шартпы же кандай? Экөөбүз коңшу жашайбыз.
20.03.2018. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жөнүндө маалымат бериңиздерчи
Janel2013 түзөттү 2018-03-20 11:01:05
20.03.2018. 16:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janel2013,шарт эмес,просто эми камера жол эрежесин бузганын фиксировать кылса штрафы акендин атына келе берет
20.03.2018. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
18-10-2010
Соӊку аракети:
03-05-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
каттатпай эле айдап журо берсек болобу? же штраф салынабы?
20.03.2018. 11:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:48
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо доверность кагазы жок болуп только тех.паспорт менен айдап калабызбы?
20.03.2018. 11:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
прямой эфир кылгыла суроо берели?көп суроолор үчүн жооп алсак болобу?кимден жооп алабыз почта же номер адрес жазгыла!
20.03.2018. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
30-11-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы ээсин через через эптеп тапкан алар да сындырат экен мага 1000 доллары бериле элек болчу, 500 бериле элек болчу дешип. Вообщем каша башталось
20.03.2018. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,ошол мурунку ээлерине дагы жоопкерчилик каралса мындай корунуш болбой калат.
20.03.2018. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
27-01-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра каттатканда 450 болот экен ал тушунуктуу эгер номерин да алмаштырса кандай болот кененирээк жооп берип койгулачы
20.03.2018. 19:19 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-02-2018
Соӊку аракети:
25-05-2018 03:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул шоу жон эле, тец теги чууну башка нукка буруш керек просто. 7 апрель жакындап атат ошодон коркуп атышат мурунку жепжутарлар.
21.03.2018. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Номер менен тех паспортко толонбойт деп туратго
22.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уффф, элди ал жакка,бул жакка чуркатып эле акчаларын соруп бутушту го улам жаны тартип,жаны Мыйзам чыга берип. Тынч жашайбызбы деги, эми эле паспортумду жанылап бутсом Шабдан Баатыр 7 апрель кочосу болуп озгоргону жатат,кайра башынан паспорт алыш керек эми. Эми автоунааны кайра катоого чуркаш керек, страховкага чуркаш керек,иштебей эле кагаз которуп чуркамай болот жылда жаздан кузго чейин :-( же ал дароо бутсо эмен, "футболить" этишет атана бар,энене бар, кезек кутмойучу урушуп-талашы
22.03.2018. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
унаанын ээси бишкекте мен оштомун
озумо каттатыш учун ээсин ошго алып келишим керекби?
ишеним кат аркылуу эле бутурсо болбойбу?
жооп алып бергиле супер инфо
22.03.2018. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-03-2017
Соӊку аракети:
30-03-2018 00:04
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks,ошондой жерлеринен
акча жеш учун ойлоп табыштыда кээ бир хазаиндерин табуу мумкун эместа
26.03.2018. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:16
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks, Мен ушул суроону берейин дегем.. Мурунку ээсин табууда маселе жаралып жатат. Доверенность менен бутурчуу кылса жакшы болмокго.
23.03.2018. 07:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-03-2014
Соӊку аракети:
14-06-2018 20:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен машинамды Чүйдөн алгамын өзүм Ошто турам бирок ал саткан адам 3-жылга генеральный ишеним кат берген. Эми ошол ишеним каттын негизинде техпаспорт алмаштырсам болобу?
23.03.2018. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен машинамды Баткенден алганмын өзүм Ошто шаарында турам бирок ал саткан адам 3-жылга генеральный ишеним кат берген. Эми ошол ишеним каттын негизинде техпаспортту озумдун атыма каттаттсам болобу же Баткенден издеп таап келип анан алмаштырамбы?тушунуксуз баш айлантма
23.03.2018. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Кыскасы коррупция.
26.03.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Билгендер айтып койгулачы менин унаамдын техпаспорту эле бар ишеним кат дегендер жок мен кантип каттатам же кандай кылам
27.03.2018. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-06-2017
Соӊку аракети:
12-05-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Штраф тологунор келсе өзүңөрдүн атынарга өткөрүп алгыла дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: