11-март күнү кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Эми гана 70 жаштын кырын ашып, юбилейин өткөргөн актёр Ашырбек Чокубаев катарыбыздан кетти. Анын артында эки уулу, элге кайталангыс ролдору калды.
АТАСЫНЫН ЖОЛУН ЖОЛДОГОН
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашырбек Чокубаев 1947-жылы 4-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында төрөлгөн. Атасы кыргыздын белгилүү артисти Назарбек Чокубаев, апасы Турсун Чокубаева да театрда эмгектенишкен. Актёр 1972-жылы Ташкент театралдык-көркөм институтунда көркөм факультетке тапшырган. Аны аяктаган соң Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кабыл алынат. Ал «Эзоп», «Ромео жана Жульетта», «Саманчынын жолу» сыяктуу бир катар спектаклдерде роль жараткан. Калың журт аны «Ак илбирстин тукуму», «Курманжан датка», «Бейиш куштары» тасмалары жана казактардын «Көчмөндөр» тасмасы аркылуу таанышат. Андан сырткары актёр Орусия, Өзбекстан, Казакстанга чакыруу алып, тасмаларга тартылып келген.
Чынара Чокубаева, карындашы: «МЕНИ КОЁ БЕРГИЛЕЧИ, СУРАНАМ...»-Биз 5 бир тууганбыз, Ашыр үйдүн улуусу. Атам Өзгөн театрын түптөгөн соң Бишкекке Кыргыз улуттук драма театрына которулуп, үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Агам алгачкы жолу 5-классында Токтогул Сатылгановдун бала кезин ойногон. Ал тасма Москвада тартылган.
Бейбаштык жайы да бар эле, бирок мектепте концерттик программа уюштурган активист, лидер окуучу болду. Ашыр Кыргызстандан эң биринчи ВГИКке тапшырган актёр болгон. Андан кийин Ташкентте режиссёрлукка окуду, окуудан соң Кыргыз драма театрына жумушка орношуп, тасмаларга тартыла баштады. Казакстандын өзүндө эле 17-18 кинодо роль жараткан. Казак досу Нуржуман Ихтымбаев коштошуу зыйнатына келгенде айтып жатпайбы, «Ашке менен Казакстанда кенен баса албайт элек. Жолмо-жол кол тамга сурай беришчү» деп. Казак тасмаларына көп тартылгандыктан алар Ашырды казак деп ойлошот экен. Бир жолу Алматыда практикада жүрүп бир жерге кирип калдым. Ал жактын катчысы столуна Ашырдын сүрөттөрүн коюп алыптыр, «бул биздин мекендеш» дейт. «Бул кыргыз да» десем болбойт. Паспортумду көрсөттүм да, «көрдүңбү, бул кыргыз, менин агам» десем аябай таң калган.
Казактар тарткан «Көчмөндөр» тасмасында башкы каарман Марк Дакаскос болсо да, Ашырдын ойногонуна эл аябай таасирленген. Ал ролу үчүн казактардын Эл артисти сыйлыгына көрсөтүшкөн. Бирок кыргызды казактын атасы кылганы жетекчиликке жаккан эмеспи, наам албай калды.
Ашырдын 8 жыл мурун жубайы кайтыш болуп, ошого да катуу кайгырды. Канча жолу үйлөнтөлү десек да болбой койду. Агам абдан зыңкыйган, өзүн татыктуу алып жүргөн киши болчу. Барган жерден бир баштык алчу эмес. «Эркектер баштык көтөрүп келишет» деп жаман көрчү. Тазалыгын айт, кийим-кеченин окшоштугуна, түстөрдүн төп келишине, баарына көңүл бурчу. Кимибиз чет өлкөгө чыкпайлы, ага кымбат баалуу шляпаны ала келчүбүз.
Ашырдын кан оорусу менен алышып келгенине 5 жыл болду. Дарыгерлер «2-3 ай гана жашайт» дешкен эле, балдары Минск, Москвага чейин алып барып дарылатып, ушунча жашады. Бирөөгө даттанганды жактырчу эмес. Ооруп жүргөндө көп жолу химиялык терапия алды, бизге «оорудум» деп бир да билдирген жок. Былтыр Төлөмүш Океевдин фестивалына Түркияга барды эле, «носилка» менен келбедиби.
Акыркы 5 жылда ооруп, өмүрүнүн көбү төшөктө өтүп калган. Ага карабай куран окуткан жактарга калтырбай барчу. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө алсырап, «мени коё бергилечи, суранам» деп эле калган. Коштошуу зыйнаты кандай болот, кайда коюлат, баарынан кабардар болду, бардык жакындары менен коштошту, ыраазычылыгын айтты. Агам азыр ыраазы болсо керек, анткени ал Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморовдун жанына коюлду.
Садык Шер-Нияз, режиссёр: «АШКЕМ ДАЙЫМ КАЛЫСТЫГЫН АЙТЧУ»-Ашкем жүрүшү, мырзалыгы, адамга болгон мамилеси башкача киши эле. Аялзатын тамшандырган, эр-жигиттерди сыймыктандырган инсан болчу. «Курманжан датка» тасмасына сценарийин жазып жатканда эле Бухара эмиринин ролун Ашырбек Чокубаев ойнойт деп чечип койгом. Жыйынтыгында мыкты аткарды, ролу өзүнө куп жарашты. Коштошуу зыйнатына Орто Азия артисттеринин классиктеринин бири Нуржуман Ихтимбаев, белгилүү кинорежиссёр, операторлор келди. Бул Ашкемдин аброюнун бир эле кыргызга эмес, Орто Азия, дүйнөлүк деңгээлде экендигин көрсөтөт.
Мен 2011-жылы кинематографисттердин төрагасы болгондо ал киши менен тааныштым. Ашкем ошондо калыстыгын айтып жүрчү. «Бухардын эмирине тартыласыз» деп ошол жылы айтсам, ал киши негедир еврей деп угуп алып, даярданып жүрүптүр. Кино тартуу иштери башталганда гана эмирдин ролун жаратарын билип, жакшы ойноп берди. Тажрыйбалуу артисттер менен иштешүү абдан жагымдуу. Залкар адамдар тасмага көрк, даңк алып келишет.
Адыл Чокубаев, уулу: «АТАМДЫН ООРУГАНЫН ЭЧ КИМ БИЛГЕН ЭМЕС»-Атам бизди аябай катуу тартипте тарбиялады. Бизди кучактап өпкүлөп эркелеткен деле эмес. Апам да, атам да актёр болгондуктан, иним экөөбүз эртең менен театрга барат элек, түштө тамактанып, ошол жакта ойноп жүрө берчүбүз. Атамдын биз менен иши деле болчу эмес. Мен төрөлгөндө айтып калышат, атам кубанганынан керебетке чыгып алып секире берип, жаагы ачылып жабылбай калыптыр. Ушунчалык катуу кубанган экен. Ал эми менин кызым төрөлгөндө такыр башкача адам болуп калды. Мурунку катуу атабыз жок, жумшара түштү, жадакалса небереси менен сейилдегенге чыгам деп бизге жакын жерге көчүп келди. Атама «эмнеге бизди минтип эркелетчү эмессиз?» десек, кайра «силерди эмнеге эркелетмек элем?» деп койчу. Апамды аябай жакшы көрчү, көзүнө карап турат эле. Кинолорго тартыларда дайым апамды маңдайына отургузуп алып образга кирип роль аткарып берчү. Кантип ушунча узун сөздөрдү жаттап алат деп мен таң калып бүтпөйт элем.
Атам канча жыл ооруп жүрдү, досторуна бир да билдирген жок. Алар эми гана билип таң калып жатышпайбы. Атамдын ооруганын билсек да каза болуп каларын ойлогон эмеспиз.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg