БИШКЕКТЕ ШАБДАН БААТЫР КӨЧӨСҮ 7-АПРЕЛГЕ АЙЛАНАБЫ?

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаадагы бир нече ири көчөлөрдүн атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Сунуш колдоо тапса, 2 көчөнүн аты өзгөрүшү мүмкүн. Биринчиси – Шабдан баатыр көчөсүн (мурдагы Алма-Ата көчөсүнүн Чүй проспектисинен Түштүк магистралга чейинки бөлүгүн) 7-Апрель көчөсү деп өзгөртүү. Экинчиси – Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүн Шабдан баатыр проспектиси деп өзгөртүү.
Бул сунуш менен 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жана Бишкек шаардык кеңешине кайрылышкан. Демилгечилер "бул демилгенин максаты – 2010-жылкы революцияны тарыхтан өчүрбөй сактап калуу" дешет. Аталган көчөлөрдүн атын алмаштырууга 120 миң сом керектелет.
15-мартта парламент жыйынында депутат Алмасбек Акматов Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө белгилүү мамлекеттик ишмер, 2015-жылы көз жумган Турдакун Усубалиевдин ысымын берүүнү сунуштап чыкты. Усубалиевдин ысымын Мамлекеттик тарых музейине ыйгаруу сунушу да айтылды.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңеши 2013-жылы борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштарын 5 жылга чейин өзгөртпөө боюнча токтом кабыл алган. Быйыл бул мөөнөт аягына чыгат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан