Коопсуздук Кеңеши: «КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ 2 ЖЫЛДА КӨРҮНӨТ»

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин коррупцияга каршы иштери 2 жыл ичинде жыйынтык берет. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, коррупцияга каршы аракеттердин алгачкы натыйжасы 2018-жылдын июнь-июль айларында көрүнүп баштайт. Сагынбаев айткандай, мындан ары укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштеген кызматкерлердин кирешелери тыкыр текшерүүгө алынат.
«Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы декларацияларды текшерүү менен алектенбейт. Бул биздин милдетибизге кирбейт. Биз болгону бул ишти көзөмөлдөп, тийиштүү документтерди президентке жеткирип турабыз. Коопсуздук Кеңешинин негизги миссиясы – 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди көзөмөлдөө»,- деди Сагынбаев. Ошондой эле орган кызматкерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө накталай түрдө
100 миң сомго чейин мүлк сатып алууга тыюу салынышы каралып жатат. Андан сырткары УКМК, Финпол тарабынан акыркы жылдары токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин президент өз көзөмөлүнө аларын айтты. «Бул материалдар алгач биздин катчылыкка келип, 12-мартта президентке өткөрүлүп берилди»,- деди Коопсуздук Кеңешинин катчысы.
Эске салсак, Дамир Сагынбаев Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматына 12-мартта дайындалды. Ошол эле күнү аны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, президентке Коопсуздук Кеңешинин 8-февралдагы жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Негизги иш-чаралар жогорку бийлик органдарындагы коррупцияны тыюуга багытталган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан