БИР БҮРКҮМ. ОРУСИЯНЫН «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 МИҢ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БАР...
2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ИЧКИ ДҮҢ ПРОДУКЦИЯСЫ (ИДП) 5,5 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Аталган маалыматты Улуттук банктан таратышты.
Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 миң Кыргыз жаран бар. Алардын 27 миңин «кара тизмеден» чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Фархат Иминовдун ордуна МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ келди.
Бишкек шаарында 2018-жылдын эки айында 500 ТҮП бак-дарактын көчөтү отургузулду. Дагы 11 667 түп көчөттү отургузуу пландалууда.
2018-жылдын алгачкы 6 айында 292 спортчу мамлекеттен жалпы 14 миллион 916 миң сомдук СТИПЕНДИЯ АЛАТ. Алардын 11и эң жогорку – 45 миң сомдук стипендияга ээ болушат.
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси НУРХАНБЕК МОМУНАЛИЕВДИН отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алып, аны ээлеген кызматынан бошотту.
Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)«ЭҢ БАКТЫЛУУ ӨЛКӨ» рейтингинде 156 мамлекеттин ичинен 92-орунду алды. Былтыр 98-орунга жайгашкан. Ал эми 1-орунду Финляндия алса, 156-орунду Бурунди өлкөсү ээледи.
Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп КАРИМ КОКРЕКБАЕВ дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Айымдос Бозжигитов аркалап келген.
Өкмөт мектеп ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАГЫ үчүн 2018-жылы 555 миллион 941,7 миң сом бөлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 121 миң сомго көп.
Бишкек шаарына апрелден тарта Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу берилген насыяга 52 жаңы ТРОЛЛЕЙБУС сатып алынат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.